Кафеде мыйзамдуу сатып алынган лицензиялуу дисктер коюлат. Бул кафе Кыргызпатент менен лицензиялык келишим түзүп, автордук сый акы төлөөсү керекпи?
Кыргыз Республикасынын “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” Мыйзамынын 16-беренесине ылайык, авторго анын чыгармасына карата чыгарманы каалагандай формада жана каалагандай ыкмада пайдаланууга өзгөчө укуктар таандык. Чыгармаларды пайдаланууга карата автордук өзгөчө укуктар уруксат берүүнү жана тыюу салууну жүзөгө ашыруу укуктарын, анын ичинде төмөндөгү иш-аракеттерди билдирет:
чыгарманы жалпы элге көрсөтүүнү (жалпы элге көрсөтүү укугун);
чыгарманы жалпы эл алдында аткарууну (жалпы эл алдында аткаруу укугун);
Жалпыга көрсөтүү, жалпы эл алдында аткаруу же жалпы маалымат үчүн кабарлоо деп, үй-бүлөнүн кадыресе чөйрөсүнө таандык болбогон адамдардын бир кыйла саны катышуучу жерлерде, эркин кирүү үчүн ачык жерлерде түздөн-түзэфирдик же кабелдик уктуруу уюмдарынын берүүлөрү же техникалык каражаттардын жардамы аркылуу чыгармаларды, фонограммаларды, аткарууларды, коюлган оюндарды ар кандай көрсөтүү, аткаруу же кабарлоо түшүнүлөт, мында чыгармалар, фонограммалар, аткаруулар, коюлган оюндар эфирдик же кабелдик уктуруу уюмдарынын берүүлөрү бир жерден кабарланып жатканы, же башка бир жерде бир эле мезгилде чыгармалар, фонограммалар, аткаруулар, коюлган оюндар, эфирдик жана кабелдик уктуруу уюмдарынын берүүлөрү кабарланып жатканы эске алынбайт;
Ошентип, кафе үй-бүлөнүн кадыресе чөйрөсүнө таандык болбогон адамдардын бир кыйла саны катышуучу жай болгондугуна жана кафенин залында музыка жаңыртуу чыгарманы жалпы элдин алдында аткаруу болгондугуна байланыштуу кафенин ээси Кыргызпатент менен лицензиялык келишим түзүп, автордук сый акы төлөөгө милдеттүү.
Кафеде кабелдик телеберүү көрсөтүлөт жана кабелдик телеберүү уюмуна абоненттик төлөм төлөнүп турат. Ал эми кабелдик телеберүү уюму Кыргызпатентке автордук сый акы төлөп турат. Бул кафе Кыргызпатент менен лицензиялык келишим түзүп, автордук сый акы төлөөсү керекпи?
Кабелдик телеберүү уюму автордук жана чектеш укуктар объектилерин өзү колдонгону үчүн гана автордук сый акыны төлөйт жана телеканалдарды жеке көрүүгө гана уруксат берет. Кафеде болсо автордук укук объектилерин кайрадан кайталап коммерциялык максатта колдонуу болот жана кафе Кыргызпатент менен лицензиялык келишим түзүп, автордук калем акы төлөөгө милдеттүү.
Кафе жандуу музыканы колдонбостон радио же телевизордун жардамы менен гана музыка угузат жана музыка үчүн кардарлардан кошумча төлөм албайт. Бул кафе Кыргызпатент менен лицензиялык келишим түзүп, автордук сый акы төлөөсү керекпи?
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 22-июлундагы №488 Токтому менен бектитилген “Автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалангандыгы үчүн автордук сый акылардын минималдык өлчөмдөрү жөнүндө” Жобосунун (мындан ары – Жобо) 11-пунктуна ылайык чыгармалар жана программалар жандуу же техникалык каражаттардын (телевизор, радиокабылдагыч, музыкалык борбор, магнитофон жана башка музыкалык добуш чыгаруучулар) жардамы менен аткарылгандыгына карабастан, көрүүчүлөр (келгендер) акы төлөп же бекер кирген бардык учурларда тең автордук сый акы эсептелинет. Ошондуктан кафе Кыргызпатент менен лицензиялык келишим түзүп, автордук сый акы төлөөгө милдеттүү.