• English
  • Кыргызча
  • Русский
Улуттук домендик мейкиндиги

ICANN «KG» аймагын башкаруу жөнүндө маселени кароону кийинкиге калтырды.

Жарыяланган күнү : 
07/05/2010

ICANN корпорациясы «KG» улуттук домен аймагын башкаруу ишин кайра өкүлдөө жөнүндө маселени карап чыгууну кийинкиге калтырды.

Өлкөдө шайлоолор өткөндөн кийин, жаңы өкмөттүн курамы аныкталып, жаңы бийликтин саясатынын негизги багыттары Интернет тармагына бурулган соң, сүйлөшүүлөр улантылышы мүмкүн. Муну менен Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы (ИММК) улуттук домен аймагын башкаруу боюнча ага ыйгарым укукту өткөрүп берүүгө укугун коргоп калуу мүмкүнчүлүгүн сактап калат.

Кириллдик домен ICANNде бекитүүнүн кезектеги стадиясын өттү

Жарыяланган күнү : 
02/04/2010

Мамлекеттик интеллектуалдык мүлк кызматынын (МИМК) «КГ» кириллдик доменине өтүнмөсү бекитүүнүн кезектеги стадиясын ийгиликтүү өттү. Бул жөнүндө бүгүн, 2-апрелде Кыргызпатентке ICANN өкүлдөрү кабарлашты.

Эске салсак, 2009-жылдын аягында Кыргызпатент ICANNге жогорку деңгээлдеги кирилл доменин өкүлдөөгө өтүнмө берген болчу. Андан көп өтпөй эле домен наамы үчүн ылайыктуу вариантты тандоо жөнүндөгү маселе коомчулуктун талкуусуна коюлган. Негизги варианттар катары «КГ», «КР», «КЫР» сыяктуулар каралган.

ICANN Корпорациясы .xxx sTLD ачуу жөнүндөгү маселени коомчулуктун талкуусуна алып чыкты

Жарыяланган күнү : 
30/03/2010

Наамдарды жана номерлерди берүү боюнча ICANN Эл аралык корпорациясы порнографиялык сайттар үчүн домен наамдарын каттоо боюнча ICM Registry жеке компаниясы тарабынан сунушталган .xxx sTLD – жогорку деңгээлдеги доменге өтүнмөнү коомчулуктун талкуусуна алып чыкты.

Бул доменди каттоо үчүн негизги аргумент катарында ICM Registry мындай жагдайды келтирет, .хххти өздөштүрүү башка колдонуучуларды түйүндөгү чоңдордун контентинен чектейт жана андан тышкары, жаңы бизнес мүмкүнчүлкүтөрүн түзөт.

«Слово Кыргызстана плюс» гезитинин редакциясы «Азия Инфодон» домен наамын кайтарып берүүнү талап кылууда

Жарыяланган күнү : 
16/03/2010

Ушул иш боюнча жардам сурап Кыргызпатентке «СК плюстун» башкы редактору Асель Оторбаева кайрылган.

ICANNдин Мамлекеттер аралык байкоочу комитети Кыргызпатенттин демилгесин колдоду

Жарыяланган күнү : 
15/03/2010

Найробиде ICANN корпорациясынын 37-Эл аралык конференциясы өз ишин аяктады, анын алкагында Мамлекеттер аралык байкоочу комитеттин (GAC ICANN) отуруму болуп өтүп, ага Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү катышты.

Слово Кыргызстана: "ДОМЕНдештиребиз"

Жарыяланган күнү : 
16/02/2010

Юстиция министрлигинде жаңы юридикалык жак – Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматына караштуу «KG» домен аймагын башкаруу борбору катталды. Ошентип, улуттук домен аймагын башкаруу боюнча ыйгарым укуктарды Кыргызпатентке өткөрүп берүү жөнүндөгү өлкө башчысынын Жарлыгын ишке ашыруу жолунда дагы бир чечкиндүү кадам жасалды. Жаңы түзүлгөн түзүм эмне менен иш алып бара тургандыгы жөнүндө Борбордун директору Нурлан Баяман айтып берет.

Кыргызпатент Кыргызстан үчүн жогорку деңгээлдеги кириллдик домендин варианттары боюнча суроо жүргүзөт

Жарыяланган күнү : 
09/02/2010

Сайттардын аталыштар системасын жөнгө салуучу ICANN уюму латындык эмес домен наамдарын өздөштүрүүнү жактырды. ICANN эксперттери белгилегендей, латындык эмес домендердин жакын арада пайда болуусу, 40 жыл мурда Глобалдык түйүн пайда болгондон берки маанилүү өзгөрүү болуп калат.

Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы 2009-жылдын декабрында жогорку деңгээлдеги кириллдик доменди өкүлдөөгө ICANNге алдын ала өтүнмө берген.

«KG» улуттук домен аймагын башкаруу борбору Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өттү.

Жарыяланган күнү : 
30/01/2010

2010-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматына караштуу «KG» улуттук домен аймагын башкаруу борбору юридикалык жак катарында Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өттү.

Кыргызпатент GAC ICANNдеги Кыргызстандын расмий өкүлү болуп дайындалды

Жарыяланган күнү : 
27/01/2010

Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) Мамлекеттер аралык байкоо жүргүзүү комитетинде (GAC ICANN) Кыргызстандын расмий өкүлү болуп дайындалды.

Кыргызпатент 2009-жылы декабрда GACка кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү демилгелеген болчу, ал эми жаңы жылдын башында эле Кыргызстан Мамлекеттер аралык байкоо жүргүзүү комитетине кабыл алынды.

ICANN Өкмөттүк консультативдик комитетинин Катчылыгынын отуруму

Жарыяланган күнү : 
21/01/2010

Кечээ, 2010-жылдын 20-январында г-н Янис Карклинстин (Латвия) төрагалыгы астында ICANN Өкмөттүк консультативдик комитетинин Катчылыгынын отуруму болду.

Отурумга Австралиядан, Чехиядан, Египттен, Франциядан, Индиядан, Нигериядан, Россиядан, Швейцариядан жана Швециядан келген өкүлдөр , ошондой эле Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) өкүлдөрү катышты.