Жаңылыктар

10
Mar

Ойлоп табууларга өтүнмөлөрдү берүү жана тариздөө тартиби боюнча окутуу семинары болуп өттү

2017-жылдын 10-мартында Кыргызпатент И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде (КМТУ) “Ойлоп табууларга өтүнмөлөрдү берүү жана ойлоп табууну коммерциялаштыруу маселелери” темасындагы окутуу семинарын өткөрдү.

Семинардын максаты келип түшкөн өтүнмөлөрдүн сапатын жакшыртуу үчүн ойлоп табууларга өтүнмөлөрдү берүү жана тариздөө тартибин окутуу болуп саналат.

Кыргызпатенттин экспертиза башкармалыгынын башчысы А. Базаркулов жана КМТУнун илимий иштер жана тышкы байланыштар боюнча проректору М. Чыныбаев чыгып сүйлөгөн сөздөрүндө, өтүнмөлөрдү тариздөө, өнөр жай менчик объектилерин, ошону менен катар ойлоп табууларды коргоо жана сактоо маселелери боюнча биргелешкен иш-чараларды жана жолугушууларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти жана мындан ары тыгыз кызматташтыкты жандандырууну каалагандыгын билдиришти.

Семинарда ойлоп табууларга өтүнмөлөрдү берүү жана тариздөө тартиби боюнча баяндамалар сунушталды. Андан сырткары, Казакстанда жана АКШда ойлоп табууларды коммерциялаштыруунун чет өлкөлүк тажрыйбасы жөнүндө сөз болду. Окутуу семинардын жүрүшүндө Кыргызпатенттин эксперттери бардык каралган маселелер боюнча консультацияларды беришти.

7
Mar

Майрамыңыздар менен!

Кымбаттуу айымдар , жаз майрамыңыздар менен куттуктайбыз!

3
Mar

Кыргызпатентте Майкрософттун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү

2017-жылдын 2-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) төрагасынын орун басары С. Байзаков Лицензиялык шайкештик жана программалык активдерди башкаруу кызматынын жетекчиси Н. Матасcова баш болгон Майкрософттун өкүлдөрү менен жолугушту.

Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызпатент менен Майкрософт корпорациясынын бирге аракеттешүүлөрү жаңы лицензиялык эмес программалык продуктуларынын белгилерин табуу, анын ичинде сунуштар, материалдар, методикалык куралдарды иштеп чыгуу жана программалык камсыздоонун котрафактылык белгилерин аныктоо боюнча Кыргызпатенттин эксперттерин окутуу жаатында маселелер талкууланды. 2015-жылы Кыргызпатентке оптикалык алып жүрүү жана программалык камсыздоону изилдөөгө 80ден ашуун өтүнмө келип түшкөн, 2016-жылы болгону 5 өтүнмө, автордук жана чектеш укуктарынын белгилерин камтыгандыгы тууралуу 30 корутунду чыгарылган.

Жолугушууда тараптар программалык камсыздоонун укук ээлеринин укуктарынын бузулуулары жөнүндө административдик жана жазык иштерин изилдөөнүн өзгөчолүкторү боюнча укук коргоо органдарынын катышуусу менен биргелешкен тегерек үстөлдөрдү жана окутуу тренингдерди өткөрүүгө кызыкдар экендиктерин тастыкташты.

Тараптар программалык камсыздоонун автордук укуктарын коргоо жана сактоо жаатында экитараптуу кызматташууну улантууну чечишти.

2
Mar

Кыргызпатенттин төрагасы ИМБДУнун башкы директору менен жолугушту

2017-жылдын 1-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) төрагасы Досалы Эсеналиев Женевада Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) Башкы директору Фрэнсис Гарри менен жолугушту, ага Кыргызстандын БУУдагы жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Швейцариядагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Данияр Мукашев дагы катышты.

Жолугушууда тараптар мындан аркы интеллектуалдык менчик объектилерин түзүү боюнча дараметин бекемдөөгө багытталган кызматташууну тереңдетүү жана ИМБДУ менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Кыргызпатенттин төрагасы Кыргызстандын интеллектуалдык менчик системасын өнүктүрүүгө колдоо көрсөткөндүгү жана Кыргызстан менен ИМБДУнун ортосундагы долбоорлорду ишке ишке ашырууга көмөктөшкөндүгү үчүн ИМБДУга ыраазычылыгын билдирди.

Бул жолугушуунун жүрүшүндө Досалы Эсеналиев Фрэнсис Гаррини Кыргызстанга келип ИМБДУ менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүү жөнүндө макулдашылган меморандумга кол коюуга чакырды.

Кыргызпатенттин төрагасы Интеллектуалдык менчик, генетикалык ресурстар, салттуу билимдер жана фольклор боюнча өкмөттөр аралык комитеттин отуз үчүнчү сессиясына катышууда, ал 2017-жылдын 27-февралынан 3-мартына чейин өтөт.

1
Mar

Кыргызпатент «Интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн” республикалык конкурска өтүнмөлөрдү кабыл алууну улантууда

Конкурс 5 номинация боюнча өткөрүлөт:

– «Акыл табылга» (Мыкты ойлоп табуу);

– «Канатташ» (Автордук укук чөйрөсүндө жемиштүү кызматташуу);

– «Интеллектуалдык өнөктөштүк» (Интеллектуалдык менчикти сыйлоону камсыздоого көмөктөшүү);

–  «Келечек жаратманы» (Жаш техник);

– «Мыкты бренд».

 

Толук маалымат

22
Feb

Маданий ар түрдүүлүк – Кыргызстандын байлыгы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматында (Кыргызпатент) Эл аралык эне тил күнүнө, ошондой эле Ыйман, адеп жана маданият жылына арналган иш-чара болуп өттү.

Иш-чаранын максаты мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө, маданий ар түрдүүлүк менен көп тилдүүлүккө көмөктөшүү, Кыргызстандын этносторунун тил жана маданий салттары менен толугураак таанышуу, кыргыз тилинин өзгөчөлүгүн жана байлыгын тааныштыруу, өз ара түшүнүүгө, чыдамдуулукка жана диалогго негизделген тилектештикти бекемдөө болуп саналат.

Иш-чараны кеченин алып баруучусу, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Юрий Бобков ачып, алгачкы сөздү Кыргызпатенттин төрагасы Досалы Эсеналиевге берди. Андан кийин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев Кыргызпатенттин эмгек жамаатын майрамы менен куттуктады.

Конкурска Кыргызпатенттин бардык түзүмдүк бөлүмдөрү катышты, анда ар бир улуттун өкүлдөрү өз эне тилинде көркөм окуп, ырдап жана бийлеп беришти. Ошондой эле конкурстун алкагында ар түрдүү улуттун улуттук кийимдери жана тамак-ашы даңазаланды.

Маалымат:

Эл аралык эне тил күнү ЮНЕСКОнун демилгеси менен жоголуп бара жаткан тилдерди сактап калуу жана өнүктүрүү, лингвистикалык көп түрдүүлүккө жана көп тилдеги билим берүүгө дем берип кызыктыруу, ошондой эле тил жана маданий салттар жөнүндө маалымат берүүнү жогорулатуу максатында белгиленип келет. Жер жүзүндө алты миңге жакын тил бар, алардын жарымы жоголуп кетүү коркунучунда турат. Себеби – азыраак колдонулган тилдердин көбүрөөк колдонулган, документтер жүргүзүлгөн, мектептерде окутуу жүргүзүлгөн, баарларшуу жүргөн жалпы таанылган тилдерге сиңип кетүүсү. 1999-жылдын ноябрь айында ЮНЕСКОнун Башкы конференциясы Эл аралык эне тил күнүн салтанаттуу жарыялаган, ал биринчи жолу 2000-жылдын 21-февралында белгиленген.

Дүйнөлүк өнүгүү багыттары жана заманбап технологиялар чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачканы менен, оң өзгөрүүлөр менен бирге жаңы маселелерди да жаратууда. Алып жүрүүчүлөрү аз калган улуттук маданияттар өз ордун тез жоготуп, өз эне тилин унутууда, ошону менен өз маданиятынын байлыктарына жетүү мүмкүнчүлүгүнөн айрылууда. Тилдер – материалдык жана рухий мурастарды сактоонун жана өнүктүрүүнүн эң натыйжалуу каражаты. Бардык тилдерди таануу жана аларды сыйлоо жогорку маданияттын деңгээли болуп саналат. Ар бир тил өзгөчө. Элдин менталитетин жана үрп-адаттарын чагылдырган өзүнүн туюнтмалары бар. Ысымыбызга ээ болгондой эле, биз эне тилибизди бала чагыбызда энебизден алабыз. Ал биздин аң-сезимибизди калыптандырып, өзүндө топтолгон маданиятты сиңирет.

Маданий ар түрдүүлүк – чоң кудуреттин казынасы, ал заманбап кыргызстандык коомду калыптандыруу үчүн негиз түзөт, коомдук биригүүнүн, тынчтыктын жана коом мүчөлөрүнүн тынчтыкта жана бири-бирин сыйлоо менен канааттандырарлык интеллектуалдык, эмоционалдык, моралдык жана рухий чогуу жашоосунун шарттарынын бири болуп саналат.

22
Feb

Фоторепортаж с мероприятия посвященного Международному дню родного языка

Фоторепортаж с мероприятия посвященного Международному дню родного языка

16
Feb

Кыргыз Республикасында ойлоп табуулардын укуктук коргоо маселелери боюнча окутуу семинары болуп өттү

2017-жылдын 16-февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматында (Кыргызпатент) “Кыргыз Республикасында ойлоп табуулардын укуктук коргоо маселелери” темасындагы окутуу семинары болуп өттү.

Семинардын максаты ойлоп табууларга өтүнмөлөрдү тариздөө жана берүү тартибин үйрөтүү болуп саналат.

Семинарда Кыргызпатенттин эксперттери ойлоп табууларга өтүнмөлөрдү тариздөө жана карап чыгуу жол-жобосу, формалдык экспертизалоо жана ойлоп табууларга өтүнмөлөрдү берүү тартиби, Кыргыз Республикасында ойлоп табууларды укуктук коргоо маселелери жөнүндө түшүндүрүп беришти. Укуктук коргоо маселелеринен тышкары катышуучуларга Кыргыз Республикасынын патенттик тутуму жөнүндө айтып беришти.

Семинарга КРнын Улуттук илимдер академиясынын Химия жана химиялык технологиялар институтунун, Биотехнологиялар институтунун, Биотехнологиялар инновациялык борборунун жана Биология жана топурак таануу институтунун өкүлдөрү катышты.

Окутуу семинарынын соңунда Кыргызпатенттин эксперттери тарабынан семинардын жүрүшүндө каралган объектилерге укуктук коргоо маселелери боюнча консультациялар берилди.

15
Feb

Бүгүн Кыргызпатент тарабынан чыгарылуучу “Интеллектуалдык менчик” расмий бюллетенинин январдык номери басмадан чыкты

Ай сайын басма ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, товардык белгилер, программалык продуктулар, көрсөткүчтөр, кабарлоолор жана расмий билдирүүлөр боюнча бөлүктөрдү өзүнө камтыйт.

Бул чыгарылышта Кыргыз Республикасынын ойлоп табуулардын мамлекеттик реестринде катталган ойлоп табуулар жөнүндө маалыматтар кирген. Адамдын турмуштук керектөөлөрүн канааттандыруу бөлүгүнө кыргыз окумуштууларынын ойлоп табуулары кирди: Боордун эхинококкозунда жугушсуздандыруу ыкмасы, Уретерореноскопияда операция кылууда көрүү мейкиндигин түзүү ыкмасы жана суюктукту куюучу түзүлүш, Заара таш оорусундагы уретеролито- трипсия байланышында сийдик өткөрүүчү түтүктөн ташты чыгаруу үчүн ыкма жана түзүлүш, Тубаса жана кийин пайда болгон май тамандыкты дарылоо үчүн аппарат.

Ар түрдүү технологиялык процесстер, ташуу бөлүгүндө: Түтүктөрдөгү каткан катмарларды ургулап талкалоо үчүн механикалык түзүлүш, Курулуш буюмдарын өндүрүү үчүн гидравликалык пресстин гидроци- линдринин сабын которуштуруунун ылдамдыгын өзгөрткүч.

Химия; металлургия бөлүгүндө: Кургак шыбак аралашмасы, Гипс композициясы.

Механика; жарык берүү; жылытуу; кыймылдаткычтар жана соргучтар; курал-жарак жана ок-дары; жардыруу иштери бөлүгүндө: Агуучу чөйрөлөрдүн аз дараметтүү агымдары үчүн бара, Өзүнчө микро ГЭСтин роторунун айлануу жыштыгын турукташтыруу ыкмасы жана аны ишке ашыруу үчүн түзүлүш. Физика бөлүгүндө 0,4 кВ электр тарамдарында электр энергиясын уруксатсыз алган жерлерди аныктоо ыкмасы көрсөтүлгөн.

Журналда Суу чыгаруу үчүн сифон, Суу өлчөөчү курулма пайдалуу моделдери менен таанышса болот.

Ар кандай графикалык сүрөттөлүштөрү менен 8 өнөр жай үлгүлөрү жөнүндө маалымат камтылган.

Чыгарылышта Кыргыз Республикасынын Товардык белгилеринин жана тейлөө белгилеринин мамлекеттик реестринде катталган товардык белгилер жана тейлөө белгилери жөнүндө маалыматтары бар. Аларга 64 ата-мекендик жана чет элдик товардык белгилери жана тейлөө белгилери кирген.

Андан сырткары Кыргыз Республикасынын ЭЭМ үчүн программаларынын, маалымат базаларынын жана интегралдык микросхемалардын топологияларынын мамлекеттик реестрлеринде катталган программалык продуктулар жөнүндө маалыматтарын камтыйт. Тосуучу конструкциялардын термикалык каршылыгын эсептөө жана эсептик параметрлеринин Кыргыз Республикасынын ченемдерине ылайыктуулугун текшерүү программасы, “К – PAY” маалыматтык тутуму, “Суткалык госпитализацияга чейин каржылоо” автоматташтырылган маалыматтык системасы, “Гемодиализ кызмат көрсөтүүсүн каржылоо” автоматташтырылган маалыматтык системасы, “Медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына экспертиза жүргүзүү” автоматташтырылган маалыматтык системасы, Электрондук китепкана түзүү үчүн плагин WordPress (METAMAKER), “ЖОЖдун негизги фонддорун эсепке алуу” маалыматтык издөө системасы.

“Интеллектуалдык менчик” расмий журналы шилтемеде

10
Feb

Окуучулар “Бирге ойлоп табабыз” китеп көргөзмөсүндө болушту

Окуп жаткан жаштарды ойлоп табуучулукка тартуу максатында, 2017-жылдын 6-10-февралында болуп өткөн Республикалык илим, техника жана балдар-жаштар чыгармачылык жумалыгынын алкагында Кыргызпатентке караштуу Мамлекеттик патенттик техникалык китепкана (МПТК) тарабынан «Алтын түйүн» Республикалык балдар инженердик-техникалык академиясында (РБИТА) «Бирге ойлоп табабыз» көргөзмөсү уюштурулду. Аталган иш-чара «Алтын түйүн» РБИТА менен биргеликте бир топ жылдан бери өткөрүлүүдө.

Китептердин, журналдардын, энциклопедиялардын беттеринде саякат жасоо менен окуучулар мыкты ойлоп табуулар, техниканын өнүгүүсү, укмуштуу ачылыштар жөнүндө жаңы нерселерди үйрөнүштү жана ар түрдүү суроолорго жооп алышты. Бул көргөзмөнүн материалдары окуучулар менен өспүрүмдөр арасында чоң кызыгууну пайда кылды. Көптөгөн балдар керектүү адабияттарды, өз алдынча окуп билим алуучу усулдуктарды таба алышты, өздөрүнүн ойлоп табуулары жөнүндө жигердүүлүк менен айтып башташты жана өтө чоң эстетикалык ырахат алышты.

Жыл сайын балдардын ойлоп табууларынын тизмеси көбөйүүдө, анткени кичинекей ойлоп табуучулар дүйнө жүзүндө жарым миллион эмеспи. Кыргызпатент мындан ары да ушундай багытта көргөзмөлөрдү уюштура бермекчи. Эгерде бул тизмени биздин жаш мекендештер толуктаса кубанычта болмокбуз.