Жаңылыктар

14
May

Кыргызпатент автордук укук объектилерин катоо ишин улантат

Урматтуу чыгармалардын жана программалык продуктулардын авторлору! Кыргызпатент автордук укук объектилерин катоо ишин улантат.

Өзүңүздөрдүн чыгармаларыңызды каттоого өтүнмөлөрдү берүү маселелери боюнча сунуш-кеңешмелерди төмөнкү телефондор аркылуу алсаңыздар болот: 0555778216, 0555778120

9
May

9-май!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) Улуу жеңиштин 75 жылдыгы менен жалпы Кыргызстандыктарды куттуктайт!

Ушул тынч заман, жаркын келечек, жеңиш үчүн улуу кармашта эрдик көрсөткөн баатыр аталарыбызга таазим этебиз!

Заманыбызда тынчтык өкүмүн сүрүп, өлкөбүз бөөдө кырсыктан алыс, бейпилдикте өнүгүү жолуна сапар алсын!

Башка согуш көрбөсүн деп жер үстү,
Чоң аталар кан душманды жеңишти.
Жаркын болуш үчүн биздин келечек,
А көптөрү курман болуп кетишти.

***

Жеңиш күнү – майрамдардын майрамы,
Жеңиш күнү – бейпилдиктин сайраны.
Жер эненин ак тилегин туу туткан,
Жеңиш күнү – улуулуктун байрагы!

6
May

Кыргызпатент тарабынан чыгарылуучу “Интеллектуалдык менчик” расмий бюллетенинин 2020-жылдын апрель айындагы номери басмадан чыкты

Ай сайын басма ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, товардык белгилер, программалык продуктулар, көрсөткүчтөр, кабарлоолор жана расмий билдирүүлөр боюнча бөлүктөрдү өзүнө камтыйт.

Бул чыгарылышта Кыргыз Республикасынын ойлоп табуулардын мамлекеттик реестринде катталган ойлоп табуулар, пайладуу моделдер жана өнөр жай үлгүлөрү жөнүндө маалыматтар кирген. Патенттер өтүнмө ээсинин жоопкерчилигинде берилди.“Ойлоп тубуулар” бөлүгүнө төмөнкү кыргыз окумуштууларынын ойлоп табуулары кирди: “Көз алмасынын сырткы кабыгы жабыркаганда тигүүнүн ыкмасы”, автор: Сулайманова Г.М., “Супер-эго таасири менен шартталган максаттардын терс кырдаалдык жүйөлөрүн жана терс жүйөлөрүн диагностикалоо ыкмасы”, автор: Цыбов Н. Н., “Балдардын ооз көңдөйүнүн былжырлуу челинин сезгенүү ооруларын дарылоо ыкмасы”, авторлор: Суеркулов Э. С., Юлдашев И. М., Юлдашева Г. И., Абдышев Т. К., Жумашова Н. К., Сооромбаев А. А, “Бозо” улуттук суусундугун алуу үчүн орнотмо”, авторлор: Тилемишова Н. Т., Садиева А. Э., Абдраимов А. А., Халмуратов Р. С., “Айкалыштырылган күн-шамал энергетикалык орнотмосу”, авторлор: Чериков С. Т., Сатыбалдиев А. Б., “Розацеа менен ооруган оорулуулардын гепатобилиардык системасынын функционалдык патологиясын диагностикалоо ыкмасы”, авторлор: Балтабаев М. К., Балтабаев А. М., Балтабаева Л. М.

“Пайладуу моделдер” бөлүгүнө төмөнкү кыргыз окумуштууларынын пайладуу моделдери кирди: “Баскычтуу суу бөлүштүргүч система”, автору: Малабаев А.

Чыгарылышта Кыргыз Республикасынын Товардык белгилеринин жана тейлөө белгилеринин мамлекеттик реестринде катталган товардык белгилер жана тейлөө белгилери жөнүндө маалыматтары бар. Ага 55 ата-мекендик жана чет элдик товардык белгилери жана тейлөө белгилери кирген.

Андан сырткары Кыргыз Республикасынын ЭЭМ үчүн программаларынын, маалымат базаларынын жана интегралдык микросхемалардын топологияларынын мамлекеттик реестрлеринде катталган программалык продуктулар (жалпы 21) жөнүндө маалыматтар бар.

Буга кошумча өтүнмө ээсинин жоопкерчилигиндеги патенттердин системалык көрсөткүчү, товардык белгилерге жана тейлөө белгилерине күбөлүктөрдүн системалык көрсөткүчү жана алардын номерленген көрсөткүчү жөнүндө маалыматтарды, патенттердин күчүн сактап туруу үчүн алым төлөнбөгөндүктөн Кыргыз Республикасынын ойлоп табууларга, моделдерине, өнөр жай үлгүлөрүнө патенттердин, өтүнмө ээсинин жоопкерчилигиндеги патенттеринин күчүн мөөнөтүнөн мурда токтотуу, товардык белгилердин күчүнүн мөөнөтүн узартуу үчүн алым төлөнбөгөндүктөн товардык белгилерди каттоонун күчүн токтотуу, мөөнөтүн узартуу, алардын ээлеринин аталыштарын жана даректерин өзгөртүү, Кыргыз Республикасынын патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн мамлекеттик реестринде катталган патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө маалыматтарды жарыялоо жөнүндөгү кабарлоолорду, Кыргызпатентте катталган лицензиялык келишимдер, ГААГА макулдашуусуна ылайык КРда корголуучу өнөр жай үлгүлөрү тууралуу маалыматтарды өзүнө камтыйт.

“Интеллектуалдык менчик 4/2020” расмий журналы шилтемеде:¬¬¬¬¬¬¬¬

http://patent.kg/wp-content/uploads/2020/05/%D0%91%D1%8E%D0%BB%D0%BB%D0%B5%D1%82%D0%B5%D0%BD%D1%8C-%C2%AB%D0%98%D0%BD%D1%82%D0%B5%D0%BB%D0%BB%D0%B5%D0%BA%D1%82%D1%83%D0%B0%D0%BB%D0%B4%D1%8B%D0%BA-%D0%BC%D0%B5%D0%BD%D1%87%D0%B8%D0%BA%C2%BB-%D0%B7%D0%B0-2020-%E2%84%964.pdf

6
May

7-майда “Каткелди” аталышындагы китептин видеопрезентациясы болот

2020-жылдын 7-майында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеништин 75 жылдыгына карата чыгарылган “Каткелди”  китебинин видеобетачарын өткөрөт.

Белгилүү коомдук ишмер, физика-математика илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек синирген ишмер Роза Айтматова менен жазуучу, полковник Асан Ахматовдун  китебинин негизин согуш жылдарында чыны менен почточу болуп иштеген өспүрүм бала, 15 жашында оорукта аткарган эмгеги үчүн “1941-1945-жж. Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн” деген медал менен сыйланган, учурда техникалык илимдердин доктору, академик, 90 жаштагы карыя Ильгиз Айтматовдун эскерүүлөрү түздү.

“Каткелди” китеби мектеп окуучуларына арналган, бирок ошол эле учурда элинин тарыхын, басып өткөн жолун сыйлаган, өнүгүү боюнча ой жүгүрткөн ар бир инсанга кызыктуу болмокчу.

Кыргызпатент бул китепти басып чыгаруу менен өсүп келе жаткан муундун жарандык жоопкерчилик сезимин, окуяларга туура баа берүү менен мамиле кылууга тарбиялоо, негизгиси – өсүп келе жаткан муунду улуттук негизги баалуулуктарга: улууларды урматтоого, коомдук жоопкерчиликке, өлкөнүн тарыхый жана маданий мурастарын сактоого үйрөтүү максатын көздөйт.

Китеп 1000 нускада мамлекеттик жана расмий тилде чыгарылды. Китептин электрондук варианты Кыргызпатенттин расмий сайтынын Жарыялоолор рубрикасында жеткиликтүү (шилтеме).

Видеопрезентация 7-майда ыргызпатенттин ютуб каналында жайгаштырылат:

https://www.youtube.com/channel/UC7KsQpQl56jFfpJIHRvVZwg

Кыргызпатенттин Фейсбук расмий баракчасында:

https://www.facebook.com/kgpatent/

Кыргызпатенттин Инстаграмм баракчасы: @startup_kyrgyzstan,

телеграмм каналы: @startup_kg

твиттер баракчасы: @startup_kg

30
Apr

Сообщение для пользователей системы РСТ, выбравших Роспатент в качестве Международного поискового органа и Органа международной предварительной экспертизы

Извините, этот текст доступен только в “Русский” и “English”.

27
Apr

Жашыл инновациялар акылдуу шаардын бир бөлүгү

Интеллектуалдык менчиктин эл аралык жана улуттук күнүнө карата Кыргызпатент 2020-жылдын 27-апрелинде “Жашыл инновациялар акылдуу шаардын бир бөлүгү” аталышындагы вебинар өткөрдү.

Вебинардын 60дан ашуун катышуучусу шаарлар үчүн жана анын өз-өзүнчө секторлору үчүн – өнөр жай, турак жай жана коммуналдык чарбасы, коммерциялык жана коомдук кыймылсыз мүлк үчүн смарт жана жашыл ыкмаларды жуурулуштуруу мүмкүнчүлүгү тууралуу талкуулашты. Акылдуу шаарда негизгиси – байланыш жана өлчөөчү каражаттар эмес, шаардык өнүктүрүүнүн жана жашыл технологиялардын негизинде системалык башкаруу жана стандарттарды аныктоо, мындан сырткары белгилүү орунду ээлеген айлана-чөйрөгө болгон антропологиялык таасирлерди төмөндөтүү маанилүү.

Онлайн режимде өткөрүлгөн иш-чараларанын алкагында QazTech Ventures (Казахстан) ачык акционердик коомунун эксперттери жана Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин өкүлдөрү энергиялык жана энерго көлөмдүү технологиялардын булактарын жаңыртуу менен энергетика, транспорт, турак жай жана башка чөйрөлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча «жашыл» экономиканы өнүктүрүүнүн приоритеттүү багыттарын белгилешти.

Жашыл технологиялар – инсандык ишмердиктин жаратылышка болгон таасирин азайтат жана айлана-чөйрөнү жакшыртат. Бул жаңыртылган энергиянын жана материалдардын булагын максималдуу пайдаланган чөйрөдөгү үнөмдөөчү жана сактоочу технология.

Вебинарга Бишкек шаардык мэриясынын экономика жана инвестициялар департаментинин. КРнын айыл-чарба жана мелиорация министрлигинин агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлдөрү жана стартапчылар, жалпысынан 60 ашуун киши катышты. Спикер катарында төмөнкүлөр чыгып сүйлөдү: QazTech Ventures (Казахстан) ачык акционердик коомунун долбоорлор боюнча менеджери Алтынай Касымова, венчурдук каржылоо департаментинин директору Диас Кажахметов, Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин стратегиялык пландоо жана региондорду өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги Айбек Кадыров.

23
Apr

23-апрель, бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата бир топ онлайн иш-чаралар өткөрүлдү

Бүгүн, Кыргызпатент Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен биргеликте бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата бир топ онлайн иш-чаралар өткөрдү. Биргеликте уюштурулган онлайн иш-чараларда төмөнкүлөр каралган:

1. Кыргызпатенттин төрайымы Динара Молдошеванын, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбековдун, авторлор, жазуучулар, коомдук ишмерлердин ж.б. видео куттуктоолору Кыргызпатенттин социалдык тармактардагы баракчаларына жайгаштырылды.

2. Кыргызпатент жана «АРТЕ» юридикалык компаниясы тарабынан Китепканалык маалыматтык консорциуму жана электрондук китепканалар ассоциациясынын мүчөлөрү үчүн даярдаган тематикалык презентацияларды таратуу.

3. К. Баялинов атындагы республикалык балдар жана өспүрүмдөр китепканасы, «Бир адамдан бир китеп» долбоору менен бирге «КитепТайм» китеп окуу таймашын өткөрүү (М.Элебаевдин «Узак жол» чыгармасы боюнча).

4. «Китептеги менин сүйүктүү каарманым» аталышындагы 12 жашка чейинки балдар арасында сүрөт тартуу сынагын өткөрүү. Жарыя К. Баялинов атындагы республикалык балдар жана өспүрүмдөр китепканасынын баракчаларына жайгаштырылат. Сынактын жыйынтыгы 1-июнь күнү чыгарылат.

5. «Жеңишти биз ырлар менен даңктайбыз» аталышындагы балдар жана жаштар арасында көркөм окуу сынагы. Жарыя К. Баялинов атындагы республикалык балдар жана өспүрүмдөр китепканасынын баракчаларына жайгаштырылат. Сынактын жыйынтыгы 1-июнь күнү чыгарылат.

Маалымат иретинде:
Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү расмий түрдө 1995-жылы Париж шаарында өткөн ЮНЕСКОнун 28-Генералдык ассамблеясында агардуу жана маданий салттарды сактоо максатында жарыяланган. Анткени, китептен биз бир эле билим эмес, сулуулукка жана адам баласынын чыгармачылык жетишкендиктерине болгон идеяларга, руханий жана моралдык баалуулуктарды алууга мүмкүндүк алабыз.

21
Apr

Кыргызпатент онлайн-конференция өткөрдү

Кыргызпатент коронавирус эпидемиясынын кесепетинен кабылган кризистик абалдан чыгуу үчүн инновациялык чечимдер боюнча эл аралык онлайн-конференциясын өткөрдү.

2020-жылдын 21-апрелинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) Бүткүл дүйнөлүк чыгармачылык жана инновациялык ишмердик күнүнө карата «Стартап экосистемасын өнүктүрүү. Кризистик абалдан чыгуунун инновациялык чечимдери» аталышында эл аралык онлайн-конференциясын өткөрдү.

Өлкөнүн ар кайсы региондорундагы калк үчүн кызмат көрсөтүүлөргө барган сайын өрчүп жаткан инновациялардын ролун жана короновирус эпидемиясынын кесепетинен кабылган кризистик абалдан чыгуу үчүн инновациялык чечимдерди издөө зарылчылыгын эске алуу менен Кыргызпатент да четте калбастан, ушул багытта мындан ары өнүктүрүү үчүн активдүү аракеттерди ишке ашырууга багыт алды.

Россия, Грузия жана Казакстандын эл аралык экперттеринин катышуусу менен онлайн режимде өткөрүлгөн иш-чаранын алкагында азыркы кырдаалдын шарттарында экономикалык тармактардын көйгөйлүү зоналары, өзгөрүүлөр доорундагы Инновациялардын орду, мындан сырткары инновациялык ишмердикти өнүктүрүү жана мекемелердин ишин жакшыртуу үчүн жаңы инновациялык инструменттердин мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымат алмашуу тууралуу талкуу жүрдү.

Видеоконференцияга мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, ЖОЖдордун, илимий-изилдөө институттарынын өкүлдөрү, мындан сырткары Кыргызпатенттин өнөктөшрү жана стартапчылыр болуп, жалпысынан 100дөн ашуун киши катышты.

Эл аралык өнөктөштөр «Стартап Кыргызстан» сынагынын жыйынтыгы боюнча тандалып алынган турмушка жөндөмдүү долбоорлорун жана стартаптарды, ошондой эле антикризистик чечимдерге багытталган долбоорлорду биргеликте ишке ашырууга жана көмөктөшүүгө кызыктар экендигин билдиришти. Онлайн-конференциянын катышуучуларынын айтымында, бардык дүйнө жүзүндө аралыктан иштөө режими бир гана иштин сапатын жогорулатуу менен чектелбестен, адамдык ресурстарга жана жалпы эле убакытты үнөмдөөгө карата ушундай форматтын эффективдүүлүгүн көрсөттү.

Видеоконференциянын жыйынтыгы боюнча резолюция жана актуалдуу сунуштамалар кабыл алынды. Кыргызпатент ушул резолюциянынын сунунуштамаларын 2020-жылдын 30-апрелинде КМШ өлкөлөрүнүн аткаруу комитетинин Штаб-квартирасынын (Минс шаары) базасында онлайн режимде өткөрүлүүчү илимий-техникалык жана инновациялык чөйрөдөгү кызматташуу боюнча Мамлекеттер аралык кеңешинин 26-отурумунда сунуштоону пландап жатат.

Маалымат иретинде:

Бүткүл дүйнөлүк чыгармачылык жана инновациялык ишмердик күнү улуттук приоритетке ылайык, коомчулукка чыгармачылык жана инновациялык ишмердиктин өлкөнүн туруктуу өнүктүрүү үчүн башкаруучулук, экономикалык жана социалдык милдеттерди чечүүдөгү ордун жана ролун маалыматтандыруу максатында белгиленет.

2017-жылдын апрель айында БУУнун генералдык ассамблеясы туруктуу өнүгүү программасы тарабынан коюлган милдеттерди ишке ашыруу жолунда адам баласынын ишмердигинин ар кайсы тармактарындагы чыгармачылыктын жана инновациялардын мүмкүнчүлүгүн белгилеп, резалюция кабыл алган. Резалюцияга ылайык, 21-апрель бүткүл дүйнөлүк чыгармачылык жана инновациялык ишмердик күнү деп белгиленген.

20
Apr

Кыргызпатент автордук сыйакыларды төлөө ишин жандандырды

Кризистик абалда Кыргызпатент авторлорду, композиторлорду, аткаруучуларды колдоого аракеттенип, өз учурунда гонорарларды төлөп берүүнү колго алат. Баарыңыздар билгендей, мурунку айда гонорарларды төлөөнү убактылуу токтотууга мажбур болгонбуз. Белгилүү себептерге (шаар ичинде жүрүүдөгү чектөөгө, каржылоо маселелериндеги кыйынчылыктарга жана ар кандай кырдаалдарга) байланыштуу маселелер жаралган.

Карантинге карабастан биздин кызматкерлер жаңы аралыктан иштөө шартына өтүштү. Автордук сыйакылар төлөп берүү этап менен жүргүзүлөт. Биздин адистер алфавиттик тартипте эки айдын ичинде авторлордун сыйакыларын банктык эсебине которууга аракеттенишет.

Эскертүү! Гонорарлар авторлордун өздүк банктык эсебине гана которулат.

* Автордук сыйакылар төлөө маселелери боюнча төмөнкү телефондор аркылуу байланышыңыз: (312) 68-18-29, 0-700-805-205 (Ватсап), info@patent.kg 0 (312) 68-19-74 (факс), эл.почта: info@patent.kg;

 

** Теле жана радиокомпаниялар аркылуу чыгармалары эфирге чыккан авторлор жана аткаруучулар, мындан сырткары ата-мекендик театрлардын сахнасында пьесалары коюлган драматургдар өздөрүнүн Кыргызпатенттин каттоосунда бар, же жок экендиги тууралуу төмөнкү телефондор аркылуу тактап алса болот: 0 (312) 68-15-54, 68-00-86, 0-555-778-120 (Ватсап).

 

Кыргызпатенттин пресс-катчысы
Гүлбара Кудайбердиева

9
Apr

Корреспонденция в ВОИС, в связи с COVID-19

Международное бюро Всемирной организации интеллектуальной собственности (ВОИС) свидетельствует свое уважение государствам-членам и наблюдателям, и имеет честь сообщить, что в связи с необходимостью соблюдения рекомендаций органов здравоохранения, и учитывая сбои почтового обслуживания во многих странах,  ВОИС не может отправлять или получать почтовые сообщения (письменные) для дальнейший указаний.

Вся корреспонденция в ВОИС должна отправляться исключительно по электронной почте  на адрес wipo.mail@wipo.int до дальнейшего уведомления без письменной копии. Для своевременного рассмотрения сотрудниками, работающими в соответствии с протоколами ВОИС по обеспечению непрерывности деятельности.

Все официальные циркуляры и уведомления ВОИС будут высылаться

по электронной почте для обеспечения их надежной доставки без письменных  копий в почтовый адрес.

Ведомства по интеллектуальной собственности и пользователи глобальных IP-услуг ВОИС будут уведомлены отдельно с конкретными рекомендациями по работе с РСТ, Мадридскому и Гаакской регистрации.