Жаңылыктар

18
Apr

Кыргызпатенттин адистери алыскы Лейлек районунда болушту

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) 2017-жылкы иш планына ылайык, региондордо салттуу билимдер боюнча потенциалдуу өтүнүүчүлөрдү табуу, муундан муундарга өткөрүп берилүүчү кыргыз элинин мурастарын сактоо жана салттуу билимдерин документештирүүдө көмөк көрсөтүү максатында, Кыргызпатенттин адистери алыскы Баткен облусунун Лейлек районунда бир жумалык иш сапарында болушту. Кыргызпатенттин салттуу билимдер боюнча базасында мындан ары материалдарды архивдөө үчүн кыргыз элинин салттуу билимдерин жана салттуу маданиятын билдирүүнү документөө иш сапардын негизги максаты.

Килем токуучулук Баткен облусунун Лейлек районунун мекени болуп саналат. Килемдердин тарыхы бир нече миң жылдарды түзгөндүктөн, бүгүнкү күндө алар чоң ар түрдүүлүктө көрсөтүлгөн. Килемдердин ар турдүүлүгү кенен тандоого жасоо ыкмасы, саркечтиги, кооздугу жана керектелүүсү боюнча бөлүүгө мүмкүндүк түзөт. Жогоруда айтылган айылдарда кыргыздын салттары элдик колдонулуучу чеберчилиги түрүндө килемдердин үч түрүндө көрсөтүлгөн – жүл, араби жана помбаркыт. Бул кол өнөрчүлүк менен жергиликтүү тургундар байыртадан бери алектенишет, андыктан түктүү килемдер Баткен облусунун бренди болуп саналат.

Азыркы убакытта Лейлек районун уздары ар кандай көлөмдөгү килемдерди токушат (40х40см, 40х120см, 150х300см жана андан жогору). Дүкөн – аталышындагы жөнөкөй колдо жасалган горизанталдуу станокто токушат. Ал эки кырдуу устундан жана эки темир түтүктөн турат.

Лейлектин килемдери ачык түсү жана геометрикалык ойуусу менен айырмаланат. Адатынча оймонун жана фондун бири-бирине теңдиги дал, кызыл, ток-кызыл түстөр айкалышат жана ачык кызыл түстөр колдонулат. Акыркы кезде нукура койдун жүнүнөн жасалган ак-кара жана боз-күрөң түстөгү кубулуштагы килемдер популярдуу.

Жүндөн ийрилген жипти түйүп, өрүк сөңгөгүнөн жасалган тиштүү кол токмок менен согушат, жипти бычак менен кескилеп, кайчы менен түздөшөт. Көлөмү чоң килемдерди табигый койдун жүнүнөн 4-5 чебер токуйт.

2*1,5 метрлик килемди даярдоодо 15-20 күн сарпталат, чеберлер койдун жүнүн бир канча жолу жууйт, аны ийрүүнүн алдында тытышат, табигый боектор менен керектүү түстө боешот, андан кийин колдо жасалган станоктордо килемди токуйт. Килемдер адатынча узундугу төрт жана эни үч метрди түзөт. Андай килемдин баасы 23 төн 30 миң сомго чейин, ошондой эле нукура түстөгү килемдин баасы 30 миңден 50 миңге чейин. Аларга 15 килограммдай жүн жана пахта жип керектелет. Бирок, 20-30 миңдин тегерегинде да килем сатып алса болот, ошондой эле автоунаа үчүн отургуч комплектин 3-4 миңге алса болот.

Ар бир үй-бүлөнүн 12-13 жаштагы кыздары килем токуганды билишет, аларды бул кол өнөрүлүккө эрте жашынан баштап үйрөтүшөт. Жергиликтүү кыздар, өзүнүн табитине жараша жасалгасын жана өңү түсүн терең ойлонуштуруп, сеп катарында килем токушат.

Жүз пайыз жүндөн жасалганы жана жүндүн жаратылыш сапатына байланыштуу бул килемдерди кылымдар бою колдонууга болот. Биздин адистер ага күбө болушту, 81-жаштагы жергиликтүү тургун, өз убагында анын апасына таандык болгон ачык түстөгү мыкты килемди көргөздү. Бул килемди эстелик катары кийинки муунга өткөрүп беришет, айта кетчүү нерсе ал таптакыр жаңы бойдон.

15
Apr

Кыргызпатенттин кызматкерлери ишембиликке чыгышты

2017-жылдын 15-апрелинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) кызматкерлери ишембиликке чыгышты.

Кыргызпатенттин кызматкерлери мекеменин төрагасы Досалы Эсеналиевдин жетекчилигинде баш болуп жалпы республикалык ишембиликтин алкагында мекемеге бекитилген  аянттарды жана арыктарды кыш мезгилинен кийинки таштандылардан тазалашты.

14
Apr

Адептүүлүк жана маданият кечеси

2017-жылдын 14-апрелинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматында (Кыргызпатент) “Кыргыз үй-бүлөсүнүн этнопедагогикалык мектеби. Үй-бүлөнүн тамыры жана канаты” деген темада чыгармачылык кече болуп өттү. Кече Кыргызпатенттин “Ыйман, адеп жана маданият жылына” карата  иш-чаралар планынын алкагында уюштурулууда.

Иш-чаранын максаты глобализация доорунда үй-бүлөлүк баалуулуктарды, адептүүлүктү жана маданиятты сактап калууга багытталган маселелерди талкуулоо жана жаңы муунду тарбиялоодо китеп окуу маселесине көңүл буруунун зарылдыгы болуп саналат.

Иш-чарада профессор Алтынай Карасаева Кыргызпатенттин колдоосу менен басмадан чыккан “Глобализациядагы үй-бүлө: кыргыздар” аттуу китебинин негизинде мекеменин кызматкерлерине маек куруп берди.

Китеп, жашоодогу эң туруктуу институттарынын бири – үй-бүлөгө арналган. Китепте балдарга үй-бүлөдөн берилүүчү ата-тек түшүнүгү кенен берилген.

14
Apr

Кыргызпатенттин өкүлдөрү Ош жана Жалал-Абад шаарларынын ЖОЖдорунда бир катар жолугушууларды өткөрүштү

2017-жылдын 12-14-апрелинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын кызматкерлеринин Ош жана Жалал-Абад шаарларына иш-сапары болуп өттү. Курамы: Кыргызпатенттин Инновациялар жана стратегиялык өнүгүү башкармалыгынын (ИСӨБ) башчысы Ө. Козубаев, инновациялар бөлүмүнүн адиси Н. Асанбеков жана Автордук жана чектеш укуктар башкармалыгынын инспектору А. Алымкулов.

Өлкөнүн региондорунда интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатында актуалдуу маалыматты жеткирүү максатында, иш-сапардын жүрүшүндө Кыргызпатенттин өкүлдөрү бир катар жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

12-апрелде М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин (ОшТУ) ректору А. Абидов менен жолугушуу болуп өттү. Ошол эле күнү Ө. Козубаев жана Ош мамлекеттик университетинин профессору, физика-математикалык илимдердин доктору Ы. Ташполотов «Ынтымак ТВ» коомдук регионалдык телерадиокомпаниясынын «Чарпалек» телеберүүсүнө катышышты. Телеэфирдин жүрүшүндө Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчик жана инновациялар маселелери талкууланды. Ошондой эле «Мыкты инновациялык долбоор – 2017» республикалык конкурсунун максаттары жана милдеттери жөнүндө Ө. Козубаев айтып берди.

13-апрелде Жалал-Абад мамлекеттик университетинин (ЖАГУ) ректору К. Усенов менен жолугушуу болуп өттү. Күндүн экинчи жарымында Жалал-Абад областтык телерадиокомпаниясынын «Маанилүү маек» телеберүүсүндө интеллектуалдык менчиктин ролу жана мааниси, «Мыкты инновациялык долбоор -2017» конкурсу жөнүндө мазмундуу маек болуп өттү.

ОшТУнун жана ЖАГУнун ректорлору менен жолугушуунун жүрүшүндө интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатындагы актуалдуу маселелер талкууланды, анын ичинде «Мыкты инновациялык долбоор – 2017» конкурсу жөнүндө сөз жүрдү.

14-апрелде Кыргызпатенттин өкүлдөрү Кыргыз-Өзбек университетинин (КӨУ) илим боюнча проректору М. Исманов менен жолугушту. Ушул эле күнү КР Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн Жаратылыш ресурстары институтунун директору Ж. Арзиев, УИАнын Түштүк бөлүмүнүн жана ОшТУнун кызматкерлери менен жолугушуулар болуп өттү. Анда тараптар келечекте кызматташууга кызыкдар жана даяр экендигин билдиришти жана интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук коргоо маселелери боюнча билимдерди жайылтуу жана «Мыкты инновациялык долбоор -2017» конкурсу жөнүндө талкуулашты.

Иш сапардын жүрүшүндө ОшТУнун, ЖАГУнун жана КӨУнин студенттери жана профессордук окутуучу курамы үчүн Ө. Козубаев «Инновациялык менеджмент: Кыргыз Республикасындагы инновациялык ишмердиктин обзору» жана «Коомдун өнүгүүсундө инновациялык маданияттын ролу жөнүндө» аттуу темадагы презентацияларды тартуулады.

12
Apr

Бүгүн Кыргызпатент тарабынан чыгарылуучу “Интеллектуалдык менчик” расмий бюллетенинин март айындагы номери басмадан чыкты

Ай сайын басма ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, товардык белгилер, программалык продуктулар, көрсөткүчтөр, кабарлоолор жана расмий билдирүүлөр боюнча бөлүктөрдү өзүнө камтыйт.

Бул чыгарылышта Кыргыз Республикасынын ойлоп табуулардын мамлекеттик реестринде катталган ойлоп табуулар жөнүндө маалыматтар кирген.

“Адамдын турмуштук керектөөлөрүн канааттандыруу” бөлүгүнө кыргыз окумуштууларынын ойлоп табуулары кирди: “Органикалык-минералдык экструдирленген кошмо тоют” авторлору Чериков С. Т., Баткибекова М. Б., Черикова Д. С., Мураталиева М. Н.

“Ар түрдүү технологиялык процесстер, ташуу” бөлүгүндө: “Жантык тасмалуу жылдыргыч” авторлору Кыргызстан – Россия Славян университетинин окумуштуулары Степанов С. Г., Аскербеков И. Н., Кибицкая А. С., “Шахтанын көтөргүч орнотмосунун тартуучу арканын тазалоо жана майлоо тутуму” авторлору Кыргызстан – Россия Славян университетинин окумуштуулары Степанов С. Г., Шамсутдинов М. М., Кибицкая А. С., Аскербеков И. Н.

“Химия; металлургия” бөлүгүндө: “Органикалык-минералдык жер семирткичтерди алуунун ыкмасы” авторлору Чериков С. Т., Черикова Д. С., Мураталиева М. Н., Сарымбекова Э. И., Осмонбек К. М.

“Курулуш; тоо-кен иштери” бөлүгүндө: “Тоо-кен иштеп чыгууларынын бекиткичи бузулгандыгы жөнүндө ишараттоо тутуму” авторлору Кыргызстан – Россия Славян университетинин окумуштуулары Степанов С. Г., Шамсутдинов М. М., Шубович А. Г., Молдоканов К. С., Тамбовцева А. Е.

“Механика; жарык берүү; жылытуу; кыймылдаткычтар жана соргучтар; курал-жарак жана ок-дары; жардыруу иштери” бөлүгүндө: “Гидравликалык соккулардын түрдөнткүчү” авторлору Бекбоев Э. Б., Бекбоева Р. С.

Журналда пайдалуу моделдер менен таанышса болот: “Шамал энергетикалык түзүлүшү” авторлору Медетбеков М. Т., Шукуров У. Ш., Бараталиев К. Б., Толукбаев Ш. К., Калыков Ч. К.

Чыгарылышта Кыргыз Республикасынын Товардык белгилеринин жана тейлөө белгилеринин мамлекеттик реестринде катталган товардык белгилер жана тейлөө белгилери жөнүндө маалыматтары бар. Ага 28 ата-мекендик жана чет элдик товардык белгилери жана тейлөө белгилери кирген.

Андан сырткары Кыргыз Республикасынын ЭЭМ үчүн программаларынын, маалымат базаларынын жана интегралдык микросхемалардын топологияларынын мамлекеттик реестрлеринде катталган программалык продуктулар жөнүндө маалыматтарын камтыйт: “Коддоонун жана коддон чыгаруунун буль функцияларынын ачык көпчүлүгүн суммалоонун интегралдык микросхемасынын топологиясы”, “Чечим кабыл алынуучу объектиде технологиялык кырдаалдарды түшүнүүнүн интегралдык микросхемасынын топологиясы” автору Даровских В. Д., укук ээси И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, “Интегралдык микросхеманын интерполяциясынын синхрондуу циклдеринде башкаруунун максаттуу жана көмөкчү импульстарынын келишпес уюштуруусунун топологиялык схемасы” автору Даровских В. Д., укук ээси Даровских В. Д.

“Интеллектуалдык менчик” расмий журналы шилтемеде

11
Apr

«Интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» республикалык конкурсунун Уюштуруу комитетинин отуруму болуп өттү.

2017-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматында мекеминин төрагасы Досалы Эсеналиевдин катышуусу менен «Интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн” республикалык конкурсунун Уюштуруу комитетинин отуруму болуп өттү.

Ойлоп табуучулар, Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун, мамлекеттик жана коомдук уюмдарынын, Кыргызпатенттин Коомдук байкоочу кеңешинин өкүлдөрү уюштуруу комитетинин мүчөлөрү болуп саналат.

Отурумда Уюштуруу комитет конкурстун шарттарына ылайык тандап алынган төмөнкү номинациялар боюнча: «Акыл табылга», «Интеллектуалдык Өнөктөштүк», «Канатташ», «Келечек жаратманы», «Мыкты бренд» өтүнмөлөрдү карап чыгышты.

Конкурстун максаты – коомдо өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн маанилүү куралы катарында интеллектуалдык менчиктин ролун жана маанисин кеңири түшүндүрүү. Конкурстун жеңүүчүлөрү 2017-жылдын 26-апрелинде Эл аралык жана Улуттук интеллектуалдык менчик күнүндө сыйланышат.

10
Apr

Кыргызпатентте Москвадагы өнөр жайды түзүмдүк кайра түзүү борборунун башкы директору менен жолугушуу болуп өттү

2017-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы Досалы Эсеналиев Москвадагы өнөр жайды түзүмдүк кайра түзүү  борборунун башкы директору Игорь Титовду кабыл алды.

Тараптар технопарктарды куруу жана өнүктүрүү боюнча бир катар маселелерди, жана мындан аркы кызматашуунун келечегин талкуулашты.

4
Apr

Кезектеги викторина “Дордой” жаңы конушунун окуучулары үчүн өткөрүлдү

2017-жылдын 4-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкананын (МПТК) кызматкерлери Бишкек шаарынын “Дордой” жаңы конушунун № 94 орто мектебинин окуучуларына “Интелектуалдык менчик” викторинасын өткөрүштү. МПТК тарабынан өткөрүлгөн бул иш-чаранын негизги максаты жаштар арасында интеллектуалдык менчиктин объектилери жөнүндө кеңири маалымат берүү болуп саналат.

Викторинага 9-класстын окуучулары катышып алардын назарына “Китепканадагы китептин жолу” деген слайд сунушталды. Балдар китепканада окурмандын колуна тийгенге чейин китеп кандай жолду басып өтөрү, китепканада керектүү китепти же документти кантип табуу керектиги жөнүндө билишти. Балдар маалымат агынында туура багытын табууну үйрөнгөн соң, балдар изилдөө иштеринде жана өзүнчө билим алуу үчүн керектүү ыкмаларга ээ болушат. Андан кийин окуучулардын назарына “Интеллектуалдык менчик бүгүн жана эртең”, “Дүйнөнү өзгөрткөн ойлоп табуулар” слайд-викториналары тартууланды. Балдар бүткүл дүйнөнү өзгөрткөн ойлоп табуулар, интеллектуалдык менчик объектилери, коомдун өнүгүүсүндө интеллектуалдык менчиктин ролу жөнүндө билишти, андан кийин викторинанын суроолоруна жооп беришти.

Иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүүдө мектептин директору Базаркулов Талантбек Асанкулович чоң көмөк көрсөттү.

Бул иш-чара 2017-2021 жылдарга Интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын ишке ашырууга багытталды.

31
Mar

Кыргызпатентте БУУнун ЕЭК миссиясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү

2016-жылдын 30-мартында Кыргызпатенттин төрагасы Досалы Эсеналиевдин Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Европалык экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) миссиясынын өкүлү Ральф Хайнрих баш болгон Кыргызстандын инновациялык өнүгүүсүнүн обзорун жазганы келген эл аралык эксперттер тобу менен жолугушуусу болуп өттү.

Эксперттер Кыргыз Республикасынын инновациялык иштери менен таанышты. Тараптар Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү үчүн инновациялык обзорунун долбоору кандайча ишке ашырылышы жана анын этаптары жөнүндө, ошондой эле бул долбоорго кызыкдар тараптар менен БУУнун ЕЭКтин өкүлдөрүнүн жолугушуу графигин талкуулашты. Ошентип, 2017-жылдын 30-мартынан баштап 7-апрелине чейин бир катар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, өкмөттүк эмес уюмдары жана бизнес коомдоштуктар менен жолугушууларды жана талкуулоолорду өткөрүү пландаштырылууда.

Бул долбоор БУУнун 2030-ж. чейин туруктуу өнүктүрүүнүн Күн тартибинин алкагында КМШнын Казахстан, Армения, Тажикистан өлкөлөрүндө ишке ашып, Украина жана Беларусияда ишке ашырылууда.

30
Mar

Органикалык айыл чарба азык-түлүгүн өстүрүүнүн инновациялык технологиялары талкууланды

2017-жылдын 30-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду “Жарандык агартуу” коомдук фонду, JICA менен биргеликте “Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарба продукцияларын өстүрүүнүн инновациялык технологиялары. Жапон тажрыйбасы” темасындагы тегерек үстөл өткөрүштү.

Иш-чараны өткөрүү максаты органикалык айыл чарба продукцияларын өстүрүүдө инновациялык технологияларды өнүктүрүү, келечекте Кыргызстанда экологиялык айыл чарбаны өнүктүрүү маселелерин талкуулоо болуп саналат. Майды аз камтыган сүт жана эт продуктуларын жашылча жана жемиштерди, ата-мекендик өндүрүү үлүшүн жогорулатуу боюнча, ошондой эле калктын сапаттуу жана коопсуз азык түлүк продукциясы менен муктаждыгын камсыздоо боюнча ыңгайлүү шарттарды түзүү өтө маанилүү болуп саналат.

Тегерек үстөлдүн ишине КР Улуттук илимдер академиясынын, Айыл чарба жана мелиорация министрилигинин, “Жарандык агартуу” КФсынын, JICAнын, КРында Органикалык дыйканчылыкты илгерилетүү, “Кыргыз-Швейцар банк” ЖАКсынын, “Агрардык платформа” КБсынын, Ecomade, “FSDS” КФсынын, “Чандра Гарденс” ЖЧКсынын өкүлдөрү, жеке ишкерлер жана фермерлер катышышты.

Катышуучулар ушул сыяктуу жолугушууларды улантууну каалагандыктарын билдиришти жана Кыргыз Республикасынын органикалык айыл чарба өндүрүшүнүн экспорттук багытынын өнүгүүсүнө үмүт артышты.