Жаңылыктар

29
Mar

Интернет-добуш берүү жөнүндө

Кырызпатент “Интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн” республикалык конкурсунун “Мыкты бренд” номинациясы боюнча интернет-добуш берүүнү “Кабар” маалымат агенттигинин сайтында өткөргөндүгү жөнүндө кабарлайт.

27
Mar

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Өлкөнүн прикладдык маанидеги инновациялык мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу зарыл

Азыркы экономикалык шартта өлкөнүн прикладдык маанидеги инновациялык мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу зарыл. Мындай тапшырманы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы интелектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) төрагасы Досалы Эсеналиевдин алдына койду.

Өкмөт башчысы ата мекендик өнөр жай тармагын модернизациялоодо, иликтөөлөрдүн жыйынтыгын чыгарууда жогорку окуу жайлардагы жаш окумуштуулардын инновациялык илимий-иликтөө ишмердүүлүктөрүн колдоого алуу зарылдыгын баса белгиледи. Анын менен бирге Премьер-министр Кыргызстанда инновациялык рынок бар экенин, бирок аны ишке ашырууга суроо-талап жарала электигин кошумчалады. Мына ушул максатта Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өндүрүшчүлөр менен ойлоп табуучулар арасында байланышты бекемдөө үчүн ар кандай көргөзмөлөрдү уюштурууну иштеп чыгууну тапшырды.

«Азыркы заманбап экономикалык шартта Кыргызпатенттин болгон мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу зарыл. Өндүрүш, өнөр жай, айыл чарба, бизнес тармагындагылар менен, ойлоп табылган мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашыруу максатында алар менен тыгыз мамиле куруу зарыл», — деди Премьер-министр.

Кыргызпатенттин төрагасы Досалы Эсеналиевдин айтымында мекеменин ишмердүүлүгү негизги үч багыт боюнча жүргүзүлүүдө: интелектуалдык менчикти коргоо, автордук укуктарды коргоо жана колдоо, инновациялык саясатты аныктоо жана жүргүзүү. Ушул багыттар боюнча улуттук жана эл аралык мыйзам базасынын алкагында иш бир нукка коюлган.

Досалы Эсеналиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жакынкы келечекке багыт алган инновациялык өнүгүү Концепциясы бекитилгендигин билдирди. Кыргызпатент өлкө экономикасына салым кошо турган инновациялык долбоорлорду аныктоого жана аны кийин ишке ашырууга кызыкдар. Ушул максатта жыл сайын уникалдуу инновациялык демилгелерди аныктоо жана иш жүзүнө ашыруу үчүн сынактар өткөрүлүп турат.

Кыргызпатенттин башчысы 2016-жылдын эсебинен саламаттыкты сактоо, айыл чарба, мал багуу жана тамчылатып суугаруу тамагында арыз берген 45 талапкердин арасынан 4 илимий арыз тандалып алынганын билдирди.

Жаш окумуштууларды колдоо максатында жогорку техникалык окуу жайлардын биринде, инновациялык демилделерди иштеп чыгуунун аянтчасы болгон инновациялык технопарк түзүү пландалууда.

Аталган долбоорду ишке ашыруунун алкагында өлкөдөгү техникалык жогорку окуу жайлардын арасында СЫНАК жарыяланат. Аталган технопарк келечекте өндүрүшкө багытталган бизнес өкүлчүлүгүн колдоодо жана өнүктүрүүдө, жаш окумуштууларды колдоочу, аларга дем берүүчү багыт болору күтүлүүдө. Ошондой эле Кыргызпатенттин келечектеги пландарында кыргыз элинин улуттук (каада-салт) жана кол өнөрчүлүк тармагында (шырдак, туш кийиз ж . б.) базасын түзүү пландалууда.

Материал КР Өкмөтүнун сайтынан алынган , ссылка: http://www.gov.kg/?p=91933

27
Mar

Көңүл бургула, конкурс! “Мыкты инновациялык долбоор – 2017”

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) “Мыкты инновациялык долбоор – 2017” конкурсун өткөрө тургандыгын  жарыялайт.

 Конкурстун  максаттары:

  • келечектүү инновациялык долбоорлорду жана иштелмелерди аныктоо;
  • республикада инновациялык ишмердүүлүктү активизациялоо;
  • инновациялык долбоорлорду ички жана тышкы рынокко чыгарууга көмөктөшүү.

Конкурс төмөнкү багыттар боюнча өткөрүлөт:

  • Өнөр жай;
  • Айыл чарба;
  • Медицина;
  • Курулуш;
  • Маалыматтык технологиялар ж.б.

Конкурска  идеянын ээси же иштеп чыгуучулары болгон, алардын коммерциялык ишке ашуусуна кызыкдар жана  колдонуудагы коргоо документи (патент, күбөлүк) бар жеке жана юридикалык жактар катыша алат.

Ар бир конкурстук долбоорго  бекитилген үлгүдөгү өтүнмө тиркелиши  керек. Өтүнмөлөр  электрондук жана  кагаз түрүндө төмөнкү даректер боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Москва көч., 62.,

e-mail: konkurs@patent.kg  .

Кененирээк маалыматты www.patent.kg сайтынан же (0312) 68-16-01 телефонунан алууга болот.

Өтүнмөлөрдү берүү мөөнөтү: 2017-жылдын  1-июнуна чейин.

Конкурстун жеңүүчүлөрүнө инновациялык долбоорду ишке ашырууга гранттар сунушталат. Жеңүүчүлөрдүн саны жана гранттын суммасы долбоорлордун керектөөсүн жана конкурстун  жыйынтыктарын эске алуу  менен аныкталат.

“Мыкты инновациялык долбоорду” тандоо боюнча конкурсту өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо

Тиркемеси

25
Mar

Ош шаарында ойлоп табуу ишмердүүлүгүн активдештирүүдө ТИКБнын ролун талкуулашты

2017-жылдын 23-мартында Кыргызпатентке караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду Эстон интеллектуалдык менчик жана трансфер технологиялар борбору биргелешкен Ош шаарында Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) базасындагы Технологияларды жана инновацияларды колдоо борборунда (ТИКБ) “Ойлоп табуу ишмердүүлүгүн активдештирүүдө ТИКБнын ролу” аттуу семинарын уюштурушту.

 

Семинардын жүрүшүндө региондордо интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө маалыматтуулукту жана билимди жогорулатуунун зарылдыгы жөнүндө белгиленди.  Эстон интеллектуалдык менчик жана трансфер технологиялар борборунун адистери старт-аптарды колдоо жөнүндө айтып беришти, Эстониядагы технопарктардын, илимий парктардын, инкубаторлордун жана  трансфер технологиялар боюнча кеңселердин  ишмердүүлүгүнүн  көрүнүшүн тартуулашты.

Эстония старт-аптардын мекени катары белгилүү. “Шамал генераторлорунан тартып, татаал электроникаларга чейинки, технологиялар – бул Эстониянын келечеги”, - деп өз сөзүндө  Эстон интеллектуалдык менчик жана трансфер технологиялар борборунун башкы директору Мариус Кунингас белгиледи. Эң белгилүү эстон технологиялык долбоору болуп, дүйнөдөгү белгилүү Skype мессенджери  саналат. Таллин, Таллин технологиялык жана Тарту сыяктуу университеттерде Siemensтен баштап  Shellге чейин бүткүл дүйнөдө колдонулуучу технологияларды өткөрүп берүү бөлүмдөрү жайгашкан. Тарту илимий-изилдөө борборунда 4 бизнес бөлмөсү бар: бизнес-инкубатор, Protolab, Көрсөтүү борбору жана Nanolab. Бул тууралуу эстондук кесиптештер өз баяндамаларында айтып беришти.
Семинардын ишине түштүк региондун ЖОЖдорунун 54 өкүлү: ОшМУ, КР УИА ТБнүн Энергоресурстар жана геоэкология институту,  КР УИА ТБнүн А. Жаманбаева атындагы Жаратылыш ресурстары институту, ЖАМУ, ОшТУ катышты. Бул ЖОЖдордун өкүлдөрү “Өнүккөн өлкөлөрдө патенттик жана инновациялык ишмердиктин анализи”, “Патенттик изилдөөдө ОшМУнун аракеттери”, “ОшТУнун инновациялык ишмердүүлүгүндө ТИКБнын ролу жана орду”, “Инновациялардын өнүгүүсүндө ТИКБнын ролу” деген темаларда бир катар баяндамаларды тартуулашты.

Иш-чараны өткөрүү максаты Эстон интеллектуалдык менчик жана трансфер технологиялар борбору менен Кыргыз Республикасынын түштүк регионунун Технологияларды жана инновацияларды колдоо борборлорунун филиалдарынын тажрыйба алмашуулары, ошондой эле республикадагы ойлоп табуучулук ишмердигинде көйгөлөрдү жана кыйынчылыктарды белгилөө болуп саналат.

24
Mar

Кыска мөөнөттүү окутуу курсунун угуучуларына сертификаттар тапшырылды

2017-жылдын 22-24-мартында Кыргызпатентте “Интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук коргоо” темасындагы квалификацияны жогорулатуу боюнча кыска мөөнөттүү окутуу курсу болуп өттү.

Кыска мөөнөттүү окутуу курсунун максаты интеллектуалдык менчик объектилерин сактоо жана коргоо, интеллектуалдык менчиктин объектилерин туура каттоо, өтүнмөлөрдү берүү жана тариздөө маселелери боюнча квалификацияны жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын инновациялык тутумунун өнүгүгүүсү тууралуу түшүндүрмө берүү болуп саналат.

Үч күндүк курска Кыргыз Республикасынын Айыл-чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министирлигинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бажы кызматынын кызматкерлери, И. Раззаков атындагы Улуттук техникалык университетинин, Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус славян университетинин, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын профессордук-окутуучу курамынын өкүлдөрү катышышты.

Аларга Кыргызпатенттин адистери интеллектуалдык менчик тутуму, интеллектуалдык менчик жаатында майзамдар, интеллектуалдык менчик объектилерин сактоо жана коргоо темасында лекция окуп беришти.

Иш-чаранын аягында Кыргызпатенттин төрагасынын орун басары С. Байзаков угуучуларга ыраазычылык билдирип, мындан ары да ишканалар аралык бирдиктүү иш-чараларды чогуу алып барууга дилгир экендигин билдирип, соңунда кыска мөөнөттүү курстан өткөндүгү жөнүндө сертификаттарды салтанаттуу түрдө тапшырды.

21
Mar

Нооруз-2017

Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайбыз!

17
Mar

Кыргызпатенттин кызматкерлери Карыялар үйлөрүнүн тургундарына жардам көрсөтүштү

2017-жылдын 16-17-мартында Нооруз майрамынын алдында Кыргызпатенттин кызматкерлери жетекчиликтин демилгеси боюнча Бишкек Карыялар жатак үйүнө  жана Ленин районундагы Карыялар жатак үйүнө жардамдарды көрсөтүштү.

Ун жана макарон азыктары, шекер, май, жууп-тазалоочу жана дезинфекциялоочу каражаттары ж.б., бардыгы болуп 60 миң сомго азык-түлүк жана жууп-тазалагыч товарлар сатып алынган.

Бишкектеги карыялардын жатак үйүндө 214 карыя, шаардын Ленин районундагы Карыялардын жатак үйүндө 50гө жакын карыялар жашайт.

Жогорудагы мекемелердин администрациясы Кыргызпатенттин жамаатына жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдиришти.

16
Mar

Окуучулар үчүн билим арттыруучу иш-чара болуп өттү

2017-жылдын 15-мартында 2017-2021 – жылдарга Интеллектуалдык менчик жана инновацияларды өнүктүрүү мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында Кыргызпатентке караштуу Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканасы (МПТК) “Бирге окуйбуз, бирге ойлоп табабыз” билим арттыруучу иш-чарасын өткөрдү.

Иш-чара интеллектуалдык менчик маселелери боюнча слайд-шоу,  викторинадан турду жана интеллектуалдык менчик маселелери боюнча өсүп келе жаткан муундун арасында пропагандалоо максатында өткөрүлдү. Иш-чарага “Учкун” жаңы конушунун № 89 мектебинин 9 – классынын окуучулары катышты.

Балдар китепканада окурмандын колуна тийгенге чейин китеп кандай жолду басып өтөрү, китепканада керектүү китепти же документти кантип табуу керектиги жөнүндө билишти. Балдар маалымат агынында туура багытын табууну үйрөнгөн соң, балдар изилдөө иштеринде жана өзүнчө билим алуу үчүн керектүү ыкмаларга ээ болушат. Андан кийин окуучулардын назарына “Интеллектуалдык менчик бүгүн жана эртең”, “Дүйнөнү өзгөрткөн ойлоп табуулар” слайд-викториналары тартууланды. Балдар бүткүл дүйнөнү өзгөрткөн ойлоп табуулар, интеллектуалдык менчик объектилери, коомдун өнүгүүсүндө интеллектуалдык менчиктин ролу жөнүндө билишти, андан кийин викторинанын суроолоруна жооп беришти.

Бул жолугушуу мектептин директору Ж. Сапалованын абдан чоң колдоосунда өткөрүлдү, ал үчүн ага чоң ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

15
Mar

Бүгүн Кыргызпатент тарабынан чыгарылуучу “Интеллектуалдык менчик” расмий бюллетенинин февраль айындагы номери басмадан чыкты

Ай сайын басма ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, товардык белгилер, программалык продуктулар, көрсөткүчтөр, кабарлоолор жана расмий билдирүүлөр боюнча бөлүктөрдү өзүнө камтыйт.

Бул чыгарылышта Кыргыз Республикасынын ойлоп табуулардын мамлекеттик реестринде катталган ойлоп табуулар жөнүндө маалыматтар кирген. “Адамдын турмуштук керектөөлөрүн канааттандыруу” бөлүгүнө кыргыз окумуштууларынын ойлоп табуулары кирди: Авторлору Ешиев А.М., Ешиев Д.А., Калыков Б.А. “Үстүңкү жаактын көңдөйүн перфорациялоодо аутосөөк менен пластикалоо ыкмасы”, авторлору Калбаев А.А., Тынчеров Р.Р. “Эки катмардуу көчүрмөнү алууда оңдоо-түзөө үчүн бычак”.

“Ар түрдүү технологиялык процесстер, ташуу” бөлүгүндө: Авторлору КР Улуттук илимдер академиясынын Химия жана химиялык технологиялар институтунун окумуштуулары Виноградов В.В., Токарев А.В., Тузова О.Л., Виноградов Н.В. “Үстүңкү беттик типтеги катализаторлорду алуунун ыкмасы”.

“Химия; металлургия” бөлүгүндө: “Газбетонду өндүрүү үчүн курам”, “Автоклавдык эмес газбетонду өндүрүү үчүн чийки зат аралашмасынын курамы” авторлору Кыргыз-Орус Славян университетинин окумуштуулары, Касымова М. Т., Дыйканбаева Н. А., “Астынан газды өткөргүчү менен тазалоо системасы” (Bottom aspiration purification system) авторлору Сонг Х., Чжан Г., Ван Ф., Лю Я., Ван Л., Ху Х., (ЧАЙНА ЭЛЮМИНУМ ИНТЕРНЭШНЛ ИНДЖИНИРИНГ КОРПОРЕЙШН ЛИМИТЕД).

“Курулуш; тоо-кен иштери” бөлүгүндө: “Табигый таштан курулуш буюмдарын-дайындамаларды кесүүнүн айкалыштырылган ыкмасы” авторлору Кыргыз-Өзбек университетинин окумуштуулары Мамасаидов М. Т., Исманов М. М.

“Механика; жарык берүү; жылытуу; кыймылдаткычтар жана соргучтар; курал-жарак жана ок-дары; жардыруу иштери” бөлүгүндө: “Гидротаран” авторлору Бекбоев Э. Б., Бекбоева Р. С.

Чыгарылышта Кыргыз Республикасынын Товардык белгилеринин жана тейлөө белгилеринин мамлекеттик реестринде катталган товардык белгилер жана тейлөө белгилери жөнүндө маалыматтары бар. Аларга 70 ата-мекендик жана чет элдик товардык белгилери жана тейлөө белгилери кирген.

Андан сырткары Кыргыз Республикасынын ЭЭМ үчүн программаларынын, маалымат базаларынын жана интегралдык микросхемалардын топологияларынын мамлекеттик реестрлеринде катталган программалык продуктулар жөнүндө маалыматтарын камтыйт: “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын сынамык тестирлөөсү” авторлору Эшматов Д. Ш., Тургунбаев А. К., укук ээси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы, “Кыргыз Республикасынын Калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринин системасында балдарды жекелештирүү (“КБМР системасында балдарды жекелештирүү)” авторлору Уланбеков А. У., Хромов П. Е., Абдуллаев Т. Т., Кененбаева А. А., укук ээси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы.

“Интеллектуалдык менчик” расмий журналы шилтемеде

10
Mar

Ойлоп табууларга өтүнмөлөрдү берүү жана тариздөө тартиби боюнча окутуу семинары болуп өттү

2017-жылдын 10-мартында Кыргызпатент И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде (КМТУ) “Ойлоп табууларга өтүнмөлөрдү берүү жана ойлоп табууну коммерциялаштыруу маселелери” темасындагы окутуу семинарын өткөрдү.

Семинардын максаты келип түшкөн өтүнмөлөрдүн сапатын жакшыртуу үчүн ойлоп табууларга өтүнмөлөрдү берүү жана тариздөө тартибин окутуу болуп саналат.

Кыргызпатенттин экспертиза башкармалыгынын башчысы А. Базаркулов жана КМТУнун илимий иштер жана тышкы байланыштар боюнча проректору М. Чыныбаев чыгып сүйлөгөн сөздөрүндө, өтүнмөлөрдү тариздөө, өнөр жай менчик объектилерин, ошону менен катар ойлоп табууларды коргоо жана сактоо маселелери боюнча биргелешкен иш-чараларды жана жолугушууларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти жана мындан ары тыгыз кызматташтыкты жандандырууну каалагандыгын билдиришти.

Семинарда ойлоп табууларга өтүнмөлөрдү берүү жана тариздөө тартиби боюнча баяндамалар сунушталды. Андан сырткары, Казакстанда жана АКШда ойлоп табууларды коммерциялаштыруунун чет өлкөлүк тажрыйбасы жөнүндө сөз болду. Окутуу семинардын жүрүшүндө Кыргызпатенттин эксперттери бардык каралган маселелер боюнча консультацияларды беришти.