Жаңылыктар

11
May

Кыргызпатент Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университетинде ТИКБнун филиалын ачты

2017-жылдын 11-майында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду (Кыргызпатентке караштуу ИММФ) Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университетинде Технологияларды жана инновацияларды колдоо борборунун (ТИКБ) филиалын  ачты.

ТИКБнын филиалынын ачылышынын алкагында Кыргызпатентке караштуу ИММФ менен Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университетинин ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду жана “Эл аралык маалымат базасын колдонуу менен патенттик жана патенттик эмес маалыматты издөө” темасындагы тренинг өткөрүлдү.

Иш-чарага Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университетинин профессордук-окутуучу курамы, аспиранттар, студенттер жана ойлоп табуучулар катышты.

Кыргыз Республикасында Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) колдоосу менен ачылган ТИКБ тармагынын ишмердигин түзүүнүн демилгечиси жана координатору болуп Кыргызпатентке караштуу ИММФ саналат.

Кыргызстанда бүгүнкү күндө ТИКБнын 24 филиалы иш алып барууда.

ТИКБ тармагынын түзүүнүн максаты – патенттик жана патенттик эмес маалыматты колдонууда билимге мүмкүндүк алууну жеңилдетүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу.

Коюлган милдеттерди чечүү үчүн борбор төмөндөгү иштерди аткарат:

  •  патенттик маалымат ресурстарына кирүү жана маалымат базаларында издөө жүргүзүүнү окутуу мүмкүндүгүн берет;
  • интеллектуалдык менчик маселелери боюнча университтер конференцияларды, семинарларды жана башка иш-чараларды өткөрүүгө  көмөктошөт;
  • интеллектуалдык менчик жаатындагы мыйзамдар боюнча жалпы маалымат берет.
10
May

Кыргызпатент банктык реквизитердин алмашкандыгы жөнүндө жарыялайт

Жаңы реквизиттер:

Алуучу: Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при ПКР (Кыргызпатент)

Алуучунун банкы: Центральное Казначейство Минфина Кыргызской Республики

Депозиттик счет: 4402042100005341

БИК: 440001

Төлөмдүн коду: 14511200

8
May

Кыргызпатентте 9-майга карата аскердик кичи-техниканын үлгүлөрү көрсөтүлдү

Улуу Ата-Мекендик согуштун Жеңишинин 72 жылдыгына карата Кыргызпатентке караштуу Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканасында “Үлгүдөгү техниканын тарыхы” темасындагы стенддик үлгү-көчүрмөлөрдүн көргөзмөсү болуп өттү.

Моделисттер тарабынан өздөрүнүн жеке коллекцияларынан 200 жакын үлгүлөр көрсөтүлдү. Бул самолет-тикучактарынын, танктардын жана зоотмашиналардын, вертолеттордун жана жүк ташыгычтардын ар түрдүү үлгүлөрү.

6-7-майда эки күн бою өткөрүлгөн көргөзмөнү 500дөн ашык адам көрүштү. Бишкектеги стенддик моделизм клубунун демилгечилерине көрүүгө гана эмес, өз колу менен тарыхый кичи-техникалардын үлгүлөрүн чогултууга  мүмкүндүк бергендиги үчүн ыраазычылык билдиребиз. Көрүүчүлөр ушундай иш-чараларды мастер-
класстары менен көбүрөөк өткөрүүнү каалагандыктарын билдиришти.

Көргөзмөнүн максаты өспүрүмдөрдү жана жаштарды  аскердик атуулдук тарбиялоо боюнча иштерди активдештирүү жана ишмердүүлуктүн инженердик-техникалык чөйрөсүндө жаштарды кесипкөйлүк багыттоо болуп саналат.

4
May

Кыргызпатентте спартакиаданын жеңүүчүлөрү сыйланды

2017-жылдын 4-майында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматында (Кыргызпатент) Интеллектуалдык менчиктин эл аралык жана улуттук күнүнө арналган  спартакиаданын жеңүүчүлөрү сыйланды.

Спорттук мелдешүүдө Кыргызпатенттин борбордук аппаратынын жана ведомствого караштуу уюмдардын кызматкерлери катышты.

Мелдештин жеңүүчүлөрүн сыйлоонун жүрүшүндө Кыргызпатенттин төрагасы Досалы Эсеналиев спорттук иш-чараларды өткөрүү коллективде корпоративдик духту көтөрүүгө мүмкүндүк берерин жана саламат жашоону үгүттөрүн белгиледи.

Байгелүү орундар төмөндөгүдөй бөлүндү:

Бильярд боюнча:

1 орун – Абдылдаев Таалай Курманбекович;

2 орун – Адилов Тимур Марильевич;

3 орун – Асанбеков Нурсултан Асанбекович.

Дартс боюнча (айымдар):

1 орун – Кадырбекова Надежда Халановна;

2 орун – Жумагулова Салтанат Таалайбековна;

3 орун – Халилова Гульзина Мавляновна.

Дартс боюнча (мырзалар):

1 орун – Адилов Тимур Марильевич;

2 орун – Кубанычбеков Шадмон Кубанычбекович;

3 орун – Мамыралиев Абдыкадыр Сайназарович.

Теннис боюнча (айымдар):

1 орун – Жумабекова Рахат Тургуналыевна;

2 орун – Оморбекова Динара Акматбековна;

3 орун – Абдрахманова Назира Молдогазыевна.

Теннис боюнча(мырзалар):

1 орун – Асанбеков Нурсултан Асанбекович;

2 орун – Абышбаев Бакытбек Мааметович;

3 орун – Монолов Мирбек Кытайбекович.

Тогузкоргоол боюнча:

1 орун – Сарыпов Урмат Карагулович;

2 орун – Бердалиева Чинара Мунарбековна;

3 орун – Оморбекова Динара Акматбековна.

Шахмат боюнча:

1 орун – Курманалиева Калийман Джалильбековна;

2 место – Качиев Эдиль Анаркулович;

3 орун – Кокумов Айбек Эсенкулович.

 

Кичифутбол боюнча:

 орун:

Команда 1 (Достук) –  Мамыралиев А., Матыкеев И., Кубанычбеков Ш., Глонин Р., Мавлянов И., Мамбеталиев М .

 орун:

Команда 2 (Ынтымак) – Асанбеков Н.,Монолов М,.  Акматсияев Р.,  Бакиев М,. И. Качиев Э,. Торогулов Т.

орун:

Команда 3 (Алга) – Мукамбетов Э., Абдылдаев Т., Сарыпов У.,      Адилов Т., Сатымкул уулу Б., Абышбаев Б., Ибраимов Б.

2
May

Кыргызпатент салтту билимдер көргөзмөсүнө катышуу үчүн өтүнмөлөрдү кабыл алуу жөнүндө жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент)  «Кыргыздын салттуу билимдери жана ыкмалары» көргөзмө өткөрө тургандыгын  жарыялайт.

 Көргөзмөнүн  максаттары:

– салттуу билимдердин ээлерин табуу;

– мүмкүнчүлүктүү өтүнмө ээлерин тартуу;

– салттуу билимдер боюнча маалыматтар базасын толтуруу.

 Көргөзмө төмөнкү багыттар боюнча өткөрүлөт:

– улуттук ашкана;

– турак-жай жана тиричилик буюмдары;

– материалдык маданият жана декоративдик искусство;

– медицина;

– улуттук оюндар;

– айыл чарбасы.

Көргөзмөнүн катышуучулары болуп  Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары саналат.

Көргөзмөгө катышуу үчүн 2017-жылдын  1-июлуна чейин бекитилген үлгүдөгү өтүнмөнү берүү керек. Өтүнмөлөр  электрондук жана  кагаз түрүндө төмөнкү даректер боюнча кабыл алынат:

Бишкек шаары, Москва көч., 62, e-mail:   tk.vystavka@patent.kg.

Кененирээк маалыматты www.patent.kg сайтынан же (0312) 68-0476 телефонунан алууга болот.

Салттуу билимди каттоого өтүнмө берген Көргөзмөнүн катышуучулары Кыргызпатентке караштуу Мамлекеттик фонду тарабынан акчалай түрүндө сыйланат.

«Кыргыздын салттуу билимдери жана ыкмалары» көргөзмөсүн өткөрүү жөнүндө жобо

«Кыргыздын салттуу билимдери жана ыкмалары» көргөзмөсүнө катышууга өтүнмө (жеке жактар үчүн)

«Кыргыздын салттуу билимдери жана ыкмалары» көргөзмөсүнө катышууга өтүнмө (юридикалык жактар үчүн)

28
Apr

6-7-майда стенддик үлгү-көчүрмөлөрдүн көргөзмөсү болуп өтөт

1941-1945-жж. Улуу Ата-Мекендик согуштун Жеңишинин 72 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканасында 2017-жылдын 6-7-майында стенддик үлгү-көчүрмөлөрдүн көргөзмөсү болуп өтөт.

Көргөзмөнүн максаттары жана милдеттери:

МПТКнын ишмердиги жөнүндө жалпыга түшүнүктүүлүгүн жогорулатуу;
Техникалык чыгармачылыктын жана эс алуунун түрү катарында стенддик моделизмди жайылтуу;
Бүткүл дүйнөлүк тарыхый жана тарыхый-техникалык мурастарды жайылтуу;
Өспүрүмдөрдүн жана жаштардын аскердик атуулдук тарбиясы боюнча иштерди активдештирүү;
Ишмердүүлуктүн инженердик-техникалык чөйрөсүнө жаштарды профессионалдык багыттоо;
Моделистердин, клубдардын жана студиялардын ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүү;
Жаңы катышуучуларды тартуу, тажрыйба алмашуу.
Көргөзмөнү уюштуруу жана өткөрүү Бишкектеги стенддик моделизм клубунун колдоосу менен жүзөгө ашырылат.

Дареги: Бишкек шаары, Эркиндик пр-ти, 58-а

Убактысы: 10:00 – 17:00

Кирүү акысыз

28
Apr

Фоторепортаж: Международный день интеллектуальной собственности

28
Apr

Фоторепортаж: Присуждение единовременных стипендий студентам и школьникам

28
Apr

Фоторепортаж: Победители Конкурса “Лучший инновационный проект-2016”

27
Apr

Фоторепортаж: Победители Конкурса “За вклад в развитие интеллектуальной собственности”