Жаңылыктар

3
Dec

Сотрудники Кыргызпатента оказали помощь инвалидам

В преддверии Международного дня инвалидов коллектив Кыргызпатента оказал благотворительную помощь лицам с ограниченными возможностями здоровья.

Сотрудники Кыргызпатента купили билеты на благотворительный концерт «Боорукер сезим», организуемый общественным фондом «Умут Шамы» 3 декабря т.г в Большом зале Кыргызской национальной филармонии  имени Токтогула Сатылганова.

Также были закуплены фрукты и переданы вместе с билетами в Республиканское общество инвалидов для оказания адресной помощи ЛОВЗ и  посещения ими обозначенного благотворительного концерта.

Ранее вышеназванные общества обратились за помощью с письмом в адрес руководства Кыргызпатента,  на просьбу откликнуться не остался равнодушным каждый сотрудник ведомства, их силами было собрано более 10 тысяч сомов.

Гульбара Кудайбердиева,

пресс-секретарь Кыргызпатента

 

29
Nov

«УЛУУЛАРДЫН МУРАСЫ УРПАКТАРГА» – МУУНДАР БАЙЛАНЫШЫ

 2018-жылдын 29-ноябрында Кыргыз Республикасында  Тарых жана ата-бабаларды эскерүү иш-чараларынын жана «Эне тил жана Айтматов» үч айлыгынын алкагында «Улуулардын мурасы урпактарга» – муундар байланышын улантуу максатында Кыргызпатент атактуу акын-жазуучулар менен борбор калабыздын студенттеринин жолугушуу кечесин уюштурду.

Анда залкар жазуучунун замандаштары Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Мелис Абакиров, Кыргыз Республикасынын Эл акыны, Интеллектуалдык менчиктин Бүткүл дүйнөлүк уюмунун Алтын медалынын ээси Төлөгөн Мамеев, Кыргыз Республикасынын эл акыны Гүлсайра Момунова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Дарика Жалгасыновалар катышып, Чынгыз Айтматов жөнүндө кенен-кесири эскеришип, ал жөнүндө жазган китептерин баалуу белек катары катышуучуларга тартуулашты.

Кечеге катышкан заманыбыздын залкар инсандарын Кыргызпатенттин статс-катчысы Талант Абдыкадыров катышуучуларга тааныштырып атып, жаш муундарга айта жүрчү тарбиялык кеңештерин берип, ата-баланын, муундардын байланышын, тил тагдыры тууралуу маек куруп берүүгө чакырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө китеп сүйүүчүлөргө белгилүү кино ишмери Бекболот Айдаралиевдин Чынгыз Айтматовдун бала чагы жана анын апасынын элесине арналган «Менин сөзүмдү менин жаным деп бил» аттуу даректүү фильм көрсөтүлдү. Айта кетчүү нерсе, Чынгыз Айтматовдун өмүр жолу, чыгармачылыгы жөнүндө гана сөз кылышпастан, жогоруда аталган белгилүү инсандар эгемен мамлекетибиздин кечээгиси, бүгүнкүсү жана келечеги тууралуу да кеңири маек куруп беришти. Студенттер активдүү катышып, өз суроолоруна толук жооп алышып, атактуу инсандардын атынан кол тамгалары түшүрүлгөн баалуу китептерге ээ болушту.

Кечеге келген акын жазуучулардын ар бири мамлекеттик тилибиздин келечегине жан күйгүзгөн, заманыбыздын залкар жазуучусу Чынгыз Айтматов менен бирге иштешкен, кыргыз адабиятынын келечегин аныктаган улуу инсандар. Кеченин соңундагы акын-жазуучулардын окурмандардын суроолоруна берген кызыктуу жооптору мындай кечелердин көбүрөөк болушун шарттайт жана китепканынын окурмандарынын көбөйүшүн өбөлгөлөйт деген ойдобуз.

Маалымдама:

Кыргызпатент жыл ичинде Ч. Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөөнүн алкагында бир катар чоң иш-чараларды өткөрдү:

– И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынын жаштарды тарбиялоодогу ролу” форуму. Ага коомдук ишмерлер, окумуштуулар, жаштар жана чет элдик окумуштуулар келип катышты;

– “Айтматов ааламы” Кыргызстандын көркөм өнөрүндө” деген жаш сүрөтчүлөр арасында республикалык сынак. Бул сынактын жыйынтыгында жаш сүрөтчүлөрдүн мыкты эмгектери атайын альбом-каталогго топтоштурулуп, басмадан чыгарылды;

– Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган кинофильмдердин өтө сейрек кездешүүчү кадрлары, Айтматов негиздеген “Ысык-Көл форумунан” алынган тарыхый сүрөттөр тандалып, туруктуу көргөзмөгө коюлду;

– Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкананын “Ала-Тоодон ааламга үн салган Айтматов” тематикалык  көргөзмөсүнөн Айтматовдун чыгармалары, ага жазылган сын-пикирлер, башка тилдеги котормолору коюлду;

– “Эне тил жана Айтматов” үч айлыгынын алкагында иш-чаралар планы түзүлүп, кызматкерлер Айтматовдук окууларды өткөрүштү, тузүмдүк бөлүмдөр арасында сынак уюштурулуп, Кыргызпатенттин кызматкерлери өз алдынча кыскача видео чыгырыктарды тартып, социалдык тармактарга жайгаштырышты;

– Ошону менен бирге үстүбүздөгү жылдын 11-декабрында К. Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык университетинде “Биз дүйнөнү өзгөртөбүз, дүйнө бизди өзгөртөт” аталышындагы илимий конференция уюштурулууда, анда  сүрөт, китеп жана жаш техниктердин көргөзмөлөрү коюлуп, Айтматовдун басып өткөн жолу тууралуу баяндамалар жасалмакчы;

– Андан сырткары Кыргызпатентте “Эне тил жана Айтматов” бурчу уюштурулуп, анда жазуучунун чыгармаларында кездешкен эне тил тагдырына кооптонуп, элдин тагдырындагы эне тилдин ролу жөнүндө ой-толгоолору келтирилди. Аларды окуган адамды ойго салат. Так ушул максат менен кызматкерлердин эне тилди билишине, мамлекеттик тилди мындан ары өркүндөтүүгө түрткү берери шексиз.

 

Гүлбара Кудайбердиева,

Кыргызпатенттин басма сөз катчысы

28
Nov

Кыргызпатентте мамлекеттик кызматкерлердин дараметин жогорулатуу боюнча семинар өткөрүлдү

2018-жылдын 28-ноябрында Кыргызпатенттин адистери Адам укуктарынын жалпы декларациясын кабыл алгандыгынын 70 жылдыгына жана Эл аралык коррупция менен күрөшүү күнүнө арналган  мамлекеттик кызматкерлердин дараметин жогорулатуу боюнча семинарын өткөрүштү.

Семинар мамлекеттик кызматкердин дараметин, укук аң-сезимин жана укук маданиятын жогорулатууга багытталып, анын угуучулары мекеменин кызматкерлери  болушту.

Семинардын жүрүшүндө мекеменин адистери мамлекеттик кызматты аткаруу менен байланышкан чектөөлөр жана мамлекеттик кызматкерлеринин этиканы сактоосу жана анын ченемдери, өлкөнүн мыйзамдуулугу менен жөнгө салынуучу кызыкчылыктардын кагылышы, коррупцияга каршы күрөшүү жана Кыргызпатент тарабынан аны алдын алуу боюнча иштери жөнүндө айтып беришти.

Гүлбара Кудайбердиева,

Кыргызпатенттин басма сөз катчысы

27
Nov

Идеядан кирешеге чейин: чакан жана орто ишканаларда инновациялык өнүгүүнүн кластерлерин уюштуруудагы ойлоп табуучулуктун ролу

2018-жылдын 23-ноябрында Региондорду өнүктүрүү жылынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек университетинин имаратында “Идеядан кирешеге чейин: чакан жана орто ишканаларда инновациялык өнүгүүнүн кластерлерин уюштуруудагы ойлоп табуучулуктун ролу” семинарын өткөрдү.  

 Иш-чараны өткөрүүнүн максаты ойлоп табуучулук жана бизнес-коомдоштуктардын ортосунда байланыштарды орнотуу, биринчи иретте чакан жана орто ишканалардын атаандаштык чөйрөсүн түзүү жана колдоо үчүн, инновациялык өнүгүүнүн кластерлерин уюштуруудагы ойлоп табуучулуктун ролу жөнүндө маалыматтарды жеткирүү болуп саналат.

Иш-чарада чакан жана орто ишканаларды кластерлерге бириктирүү жолу менен, аларды өнүктүрүүдө ички түрткү берүүнүн зарылдыгына басым жасалды, өз учурунда ал ушул жааттагы иштерди активдештирүүгө мүмкүндүк түзүп, ата-мекендик ишканалардын атаандаштыгын бекемдейт жана тармактык экономиканын өнүгүүсүн тездетет.

Чакан жана орто ишканалардын атаандаштыгын жогорулатуунун инновациялык ыкмаларын жана механизмдерин колдонуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүнүн башкы милдеттеринин бири болуп саналат. Адаттагыдай кичи бизнес ийкемдүүлүк жана ыкчамдуулук менен мүнөздөлөт, алар регионалдык өнүгүүнүн кластерлерин калыптандырууда  негизги шарты болуп саналат.

Семинардын жүрүшүндө “Мыкты инновациялык долбоор” республикалык конкурсунун алкагында ишке ашырылган инновациялык долбоорлор боюнча чыгырыктар көрсөтүлүп, катышуучулар долбоорлор менен таанышып, аларды коммерциялаштыруу жана өндүрүү үчүн шарттарды түзүү зарылдыгы жөнүндө маселелерди көтөрүштү.

Семинардын ишине Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, Ош шаарынын мэриясынын жана ишкерлер ассоциациясынын өкүлдөрү, ойлоп табуучулар, ОшТУнун, ОшМУнун, ЖАМУнун окумуштуулары жана аспиранттары катышты.

 

Гүлбара Кудайбердиева,

Кыргызпатенттин басма сөз катчысы

22
Nov

Кыргызпатентте «Эне тил жана Айтматов» бурчу уюштурулуп, анда Ч.Айтматовдун чыгармаларынан алынган цитаталар топтому коюлду

Айтматов ааламын ар тараптан ачып берүү, анын чыгармаларын жайылтуу, залкар жазуучунун өрнөктүү жолун жаштарга үлгү кылуу, жаш муунду мекенчилдикке, табиятты коргоого жана сактоого, адамгерчиликке ж.б. мыкты сапаттарга тарбиялоо менен мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү максатында Кыргызпатентте «Эне тил жана Айтматов» бурчу уюштурулган. Бурчта Ч. Айтматовдун жана анын чыгармалары боюнча тартылган кинолордон тартып алынган сейрек кездешүүчү сүрөттөр жана жазуучунун эне тил боюнча жазган цитаталары келтирилди.

Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 2-апрелиндеги №81 “Ч. Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгын майрамдоо жөнүндө” Жарлыгына ылайык, залкар жазуучу Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынганын 29 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жарыялаган “Эне тил жана Айтматов” – мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында уюштурулду.

Улуу жазуучунун чыгармаларын окуп олтуруп, «Тил тагдыры – эл тагдыры» демекчи, элибиздин басып өткөн жолу, эне тилибиздин ролу жана мааниси жөнүндө анын таамай айткан сөздөрү көөдөндү өрттөп, жан дүйнөңдү көзөп өтүп, буюккан элин далай бороондо түз жолго салчу касиетке ээ экенине ынанасың. Чынгыз Айтматовдун ошол Кыргызпатенттин “Эне тил жана Айтматов” бурчунда чагылдырылган айрым цитаталарын Сиздердин назарыңыздарга сунуштайбыз.

***

“Башка элдер өзүнүн өткөндөгү маданиятын, тарыхын жазма адабиятта, скульптурада, архитектурада, театр, сүрөт искусствосунда сактап келген болсо, кыргыз эли өзүнүн бүткүл аң-сезимин, ар-намысын, күрөшүн, көздөгөн максатын жана бир катар учурларда реалдуу тарыхый окуяларын оозеки эпикалык жанрда чагылдырган. Тил жана эпосторду изилдеген өткөн кылымдардагы белгилүү алман немец филологу Якоб Гримм: “Биздин тилибиз – бул биздин тарыхыбыз да”, – деп жазгандай, биздин улуттук тилибиз жана эпикалык дастандарыбыз – биздин тарыхыбыз деп айтууга толук акыбыз бар.”

(Чыңгыз Айтматов 5-том, “Байыркы кыргыз рухунун туу чокусу”)

 ***

“Ошол заманда кытайдан бир окумал саякатчы келип кыргыздардан сурайт:  “Бу не деген тоо?”. – Теңир-Тоо, – деген кыргыздар. Алиги окуумал “Теңир-Тоону” – “Тян-Шань” – деп кытайча которуп “Тян-Шань” деп жазып кетет… Биз, кыргыздар да кызыкпыз, кээде эне тилибиздеги сөздү айтпай, анын бөтөн тилинде бузулуп келгенин сүйлөйбүз… Ээ, балам, илгеркинин ыры бекер чыккан эмес: “Ала-Тоо менен Теңир-Тоом, элиме сепил, сеңир тоом!” – деп… бекер чыккан ыр эмес-ов!..”

(Чыңгыз Айтматов “Ак кеме”)

***

“- Жолдош чоочун адам, мага орусча сүйлөңүз. Мен кызмат милдетин аткарып жүргөн кишимин, – деди кыйгач көздөрүнүн үстүндөгү кара каштарын бүркөп.

Бороондуу Эдигей уялып кетти.

– Э-э, кечир. Оңу болбой атса кечир, – деп мукактанып, андан аркы айтарын айта албай тили буулуп туруп калды.”

(Чыңгыз Айтматов “Кылым карытар бир күн”)

***

“Эне – Ата Мекендин башталышы, эне – бул эне тил, эне – бул эмчек сүт менен бирге жаралган абийир!”

(Чыңгыз Айтматов “Кылым карытар бир күн”)

***

“Бизге орус тили чоң кызмат кылып берди, азыр да кызмат кылып жатат. Бирок, азыркы аймагы, чөйрөсү жетишээрлик эмес. Жакшы билсең, эки-үч тилде жазганга не жетсин! Көп тилдүүлүк – коомдун эволюциялык өнүгүүсүнүн фактору.”

(Чыңгыз Айтматов 5-том. “Менде юмор жок…”)

***

“Кыргыз элинин улуу мурасы – эпикалык традициясы мына ушундай баа жеткис руханий байлыкка жатат. Кыргыз эли Борбордук Азиядагы эң байыркы элдердин бири экени тарыхка маалим. Өзүнүн өсүш жолунда узак, татаал кылымдарды башынан өткөргөн кыргыз эли этикалык маданияттын эң бийик үлгүлөрүн жаратууга жетишкен.”

(Чыңгыз Айтматов 5-том, “Байыркы кыргыз рухунун туу чокусу”)

Эскерте кетсек, буга чейин жыл ичинде мекеме тарабынан бир катар иш-чаралар уюштурулган, анын ичинде «Ала-Тоодон ааламга үн салган Айтматов» темасындагы туруктуу көргөзмө иштеп келүүдө, жазуучунун чыгармалары боюнча «Кыргызстандын көркөм өнөрүндөгү Айтматов ааламы»  жаш сүрөтчүлөрдүн альбом-каталогу  басмадан чыккан, «Жаштарды маданиятка тарбиялоодогу  Ч. Айтматовдун чыгармаларынын ролу» масштабдуу форуму жана  Ч. Айтматовдун  чыгармаларын изилдеген окумуштуулар менен жолугушуулар өткөрүлдү.

Ошону менен катар, Кыргызпатенттин алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына арналган «Биз дүйнөнү өзгөртөбүз, дүйнө бизди өзгөртөт» аталышындагы илимий конференциясы 2018-жылдын 11-декабрында К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин конференц-залында өткөрүлмөкчү.

 

Гүлбара Кудайбердиева,

Кыргызпатенттин басма сөз катчысы

20
Nov

Кыргызпатент күнөсканаларда жана ачык айдоо  жерлерде  топурактын асылдуулугун жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуучу  жаңы инновациялык долбоорунун бет ачарын өткөрдү

2018-жылдын 20-ноябрында Кыргызпатент күнөсканаларда жана ачык айдоо  жерлерде  топурактын асылдуулугун жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуучу  жаңы “Ростин” био-жер семирткичинин өнөр жайлык партиясын түзүүгө багытталган инновациялык долбоорунун бет ачарын өткөрдү.

Мындай новатордук  иштеп чыгуулардын зарылдыгы дээрлик бардык региондордо кыртыштын асылдуулугунун туруктуу төмөндөп кетүү кырдаалынан келип чыккан. Айрым аймактарда, айдоо жерлердин арыкташы кооптуу  деңгээлге  жеткен. Сазга айлануу жана шорлуулук  процесстеринин күчөшү, суу жана шамал эрозиясына дуушар  болгон  кыртыштардын кеңейиши   бара-бара айдоо жерлеринин аянтынын  кыскарышына  алып келген. Андан сырткары, талааларда өтө жагымсыз  фитосанитардык  жагдай түзүлүп, көп сандаган зыянкечтер жана өсүмдүктөрдүн илдеттери көбөйүүдө. Монокультураларды  отургузуу, которуштуруп айдоонун системасынын жоктугу топурактын жакырданышына алып келген.

“Ростин” био-жер семирткичи уруктарды жана көчөттөрдү айдоо алдында иштетүү, жашылча жемиш, дан жана гүл өсүмдүктөрүнүн тамырларын кошумча  азыктандыруу, ошондой эле өсүмдүктөрдүн өсүү жана өрчүү мезгилинде пайда болгон бактериялык жана бөтөнчө микроорганизмдерин себип-чачууга арналган.

Гүлбара Кудайбердиева,

Кыргызпатенттин басма сөз катчысы

15
Nov

Кыргызпатент «Дары-дармек каражаттары жаатындагы ойлоп табуулар менен байланышкан патенттик укуктарынын чектөөлөрү» темасындагы семинар өткөрдү

2018-жылдын 15-16-ноябрында Кыргызпатент Интеллектуалдык менчик бүткүл дүйнөлүк уюму (ИМБДУ) менен биргеликте «Дары-дармек каражаттары жаатындагы ойлоп табуулар менен байланышкан патенттик укуктарынын чектөөлөрү» темасындагы семинар өткөрдү.

Аталган иш-чаранын негизги максаты мажбурлоо лицензияларынын механизмдерин улуттук деңгээлде колдонгондугу менен байланышкан маселелерди, патенттик укуктарды чектөө маселелерин талкуулоо, ошондой эле чет өлкөлүк мыкты практикаларды үйрөнүп-билүү менен тажрыйба алмашуу болуп саналат.

Семинардын алдында, 14-ноябрь күнү каршы пикирлерди кароо боюнча укук колдонуу практикасы, берилүүчү патенттердин сапатын жогорулатуу жана өтүнмөлөрдү электрондук түрдө берүү маселелери боюнча Кыргызпатенттин кызматкерлери үчүн Евразия патенттик уюмунун өкүлдөрү кеңешмелерди өткөрдү.        

Гүлбара Кудайбердиева,

Кыргызпатенттин басма сөз катчысы

14
Nov

Кыргызпатент Патенттик маалымат боюнча Корей институту менен биргеликте Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик тутумун автоматташтыруу боюнча иш алып барышат

2018-жылдын 13-ноябрында Патенттик маалымат боюнча Корей институтунун эл аралык программаларды иштеп чыгуу боюнча эксперти Жанет Ю айым баштаган расмий делегациясын Кыргызпатенттин имаратында мекеменин төрайымы Динара Молдошева кабыл алды.

Иш сапардын максаты Кыргызпатенттин иш шарттары менен таанышуу жана Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик тутумун автоматташтыруу боюнча долбоорун мындан ары илгерилетүү үчүн ага толуктоолорду бекитүү болуп саналат.

Жолугуушуунун натыйжасында тараптар кызматташуу боюнча жол картасынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө сүйлөшүп бир пикирге келишишти, ошондой эле Кыргызпатенттин муктаждыктарын жана суйлөшүүлөрдү эске алуу менен, долбоордун деталдары көрсөтүлгөн жолугушуунун Протоколуна кол кюлду.

Гүлбара Кудайбердиева,

Кыргызпатенттин басма сөз катчысы

1
Nov

Биринчи жолу аймактарда ойлоп табуучулук экспресс-мектеп ачылды

2018-жылдын 1-ноябрында аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы  (Кыргызпатент) Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду “Алтын түйүн” балдар академиясы менен биргелешип Баткен областындагы Кадамжай шаарынын балдар чыгармачылык борборунда  жогорку класстын окуучулары жана мугалимдери үчүн ойлоп табуучулук-компьютердик экспресс-мектебинин ачылышын өткөрдү.

Максат – мектеп окуучуларынын билимин жана жөндөм-шыктарын ар тараптуу калыптандыруу, техникалык-чыгармачылык аркылуу ой жүгүртүүлөрүн өстүрүү, кыял-элестөөлөрүн өнүктүрүү, жаңы идеяларды жана рационализатордук сунуштарды персоналдык компьютердин жардамы менен ишке ашыруу, келечектеги мыкты долбоорлорду иштеп чыгууга багыттоо болуп саналат.

Иш-чаранын жүрүшүндө “Интеллектуалдык менчик деген эмне?” презентациясы сунушталып, Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун 20 жылдыгына  арналган даректүү фильм көрсөтүлдү.

Күндүн экинчи жарымында практикалык иш-чаралар өткөрүлдү. Анда ойлоп табуучулук, жаратмандык жаатында,  компьютердик графика, макеттештирүү боюнча мастер-класстарды уюштуруп, тажрыйбаларын ортого салышты. Уюштуруучулар окуучулардын бүйүрүн кызыткан кызыктуу суроолорго жооп беришти.

Аталган иш-чарага Кадамжай  шаарынан 30 окуучу, балдар чыгармачылык борборлору, мектеп жана ийрим жетекчилери, Кыргызпатенттин кызматкерлери, ММК өкүлдөрү катышты. Бул жерде билимге ынтызар окуучуларга, кызыктуу ойлору менен бөлүшүүгө даяр мугалимдерге, белгилүү окумуштууларга техникалык жабдык жагынан камсыз кылган “Семетей” мектебинин эмгек жамаатына ыраазычылык билдирип кетебиз.

Ойлоп табуучулук-компьютердик экспресс-мектеп жогоруда белгиленген тематикалар боюнча 5-ноябрга чейин ишин жүргүзүп, андан ары Кыргыз Республикасынын башка региондорунда да улантыла бермекчи.

Кыргызпатенттин басма сөз катчысы

Гүлбара Кудайбердиева

31
Oct

Кыргызпатентте программалык камсыздоонун автордук укуктарын коргоо маселелери боюнча тегерек стөл болуп өттү

2018-жылдын 31-октябрында Кыргызпатентте программалык камсыздоонун автордук укуктарын коргоо маселелери боюнча тегерек стөл болуп өттү. Максаты ушул жаатагы мыйзам бузууларды алдын алуу жана бөгөт коюу маселелеринде тийиштүү түзүмдөрдүн өз ара аракеттешүүсүн күчөтүү.

Программалык камсыздоого автордук укук аны жаратуу учурунда келип түшөт. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик реестринде бүгүнкү күндө ЭВМ үчүн 530 программа жана 45 Маалымат базалары катталган. 2018-жылдын 9 айында юридикалык жактардан Кыргызпатентке келип түшкөн өтүнмөлөрдүн өсүшү мурунку жылга салыштырмалуу 64 пайызды түзөт.

Тегерек стөлдүн жүрүшүндө маалыматтык коопсуздук, Интернет тармагындагы автордук укуктар объектилерин бейукук колдонулушу жана ушул чөйрөдөгү укук колдонулуучу тажрыйба менен байланышкан маселелер талкууланды.

Резолюция

 

Гүлбара Кудайбердиева,

Кыргызпатенттин басма сөз катчысы