Жаңылыктар

2
Jul

“StartUP Кыргызстан” республикалык сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды.

2020-жылдын 1-июлунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) тарабынан келечектүү инновациялык долбоорлорго мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында уюштурулган “StartUP Кыргызстан” республикалык сынагынын финалы өткөрүлдү.
Сынакка өтүнмө берген 320 долбоордун ичинен 30 долбоор эл аралык эксперттерден турган калыстар тобунун тандоосу менен акселерациялык программадан өтүү үчүн тандап алынган. Инновациялык идеялардын жана технологиялардын масштабын кеңейтүүгө, долбоорлордун көйгөйлүү жерлерин тактоого жана алардын потенциалдык өсүү чекитин аныктоого багытталган акселерациялык программа эки айга уланып, Кыргызпатент тарабынан иштешүүгө чакырылган Борбор Азиядагы Америка университетине караштуу «Devcit» маалыматтык технологияларды өнүктүрүү борборунун профессионалдык командасы тарабынан онлайн-форматта өткөрүлдү. Мындан сырткары, жергиликтүү жана Грузия, Беларусь, Россия жана Казакстан өлкөлөрүнүн стартап жана бизнес жаатындагы алдыңкы эксперттери – Кыргызпатенттин өнөктөштөрү атайын окутууларды жүргүзүштү. Ар бир жуманын аягында катышуучулар ар бир долбоорго жооптуу болгон трекерлер менен бирге жума ичиндеги жыйынтыкты талкуулашты. Трекерлер милдеттерди аткаруу натыйжалары боюнча жума сайын ар бир долбоорго баа коюшту. Жыйынтыгында Кыргызстандын 7 областынан 15 долбоор финалдык бөлүккө жолдомо алышты.
 
Акселерациялык программанын жыйынтыгында катышуучулар өздөрүнүн квалификацияларын жогорулатышып, KANVAS бизнес пландарды, финалдык пландарды жана питчинг кылуу үчүн презентацияларды иштеп чыгышты.
Финалдык бөлүк ZOOM платформасы аркылуу онлайн түрдө өткөрүлүп, Кыргызпатенттин Facebook, Instagram социалдык тармактарындагы баракчаларынан жана Youtube каналынан түз эфирде көрсөтүлдү. Жергиликтүү, Грузия, Беларусь, Россия, Казакстан өлкөлөрүнүн стартап жана бизнес жаатындагы алдыңкы квалификациялуу эксперттерден түзүлгөн калыстар тобу мыкты делген 15 катышуучунун долбоору тууралуу презентацияларды угушуп, кошумча толуктоочу суроолорду узатышты.
 
Калыстар тобунун кызуу талкуусунун соңунда төмөндөгү 4 жеңүүчү долбоор аныкталды. Алар Кыргызпатент тарабынан долбоорлорду ишке ашырууга 500 000 сомго чейин берилүүчү гранттык сертификаттарга жана конкурстун статуэткаларына ээ болушту:
 
1. Токтогулов Адилет Азисмаметович, 26 жашта. «Genesis Bionics» долбоору – колдорунан жабыркаган адамдардын жашоосунун сапатын жакшыртууга багытталган бионикалык протез. Протез ой менен башкарылат, бул оорулууга жаңы шарттарга тез көнүгүшүп, кайра калыбына келишине мүмкүнчүлүк түзөт.
 
2. Алиев Нурсултан Алмаспекович, 26 жашта. «Azyk.Store» долбоору – товарларды дүңүнөн тапшырык кылуу үчүн атайын чакан жана орто бизнес үчүн иштелип чыккан онлайн-платформа. Колдонуучуларга өз бизнесин кеңейтүүгө жана өнүктүрүүгө технологиялык жактан чоң жардам берет.
 
3. Сагыналиева Лунара Мырзабековна, 40 жашта. «Quick Expert» долбоору – кеңеш берүүлөр үчүн жана фрилансерлердин кызмат көрсөтүүлөрү үчүн электрондук сервис-аянтча. Ал колдонуучуларды КМШ өлкөлөрүнөн 50дөн ашуун түрдүү адистиктер боюнча эксперттер менен ыкчам байланыштырат.
 
4. Сайнидинов Стан, 64 жашта. «КЭТ» долбоору (Жумгалдын кургатылган эти) – көчмөндөрдүн өзгөчө технологиясы боюнча даярдалган, экологиялык жактан таза азыктан жасалган чүйгүн тамак. Долбоорду калыстар тобу салттуу ыкманы колдонгон өзгөчө долбоор экендигин, автор 64 жашка толгондугуна карабастан жаңыча ой жүгүртө алгандыгын, долбоорлорду иштеп чыгууда жана аны ишке ашырууда жаш курак көп мааниге ээ эместигин далилдегендигин белгилешти.
 
Мындан сыркары, дагы 4 долбоор мыкты, инновациялык стартап катары таанылып, кызыктыруучу сыйлыкка, сертификатка жана статуэткаларга ээ болушту:
 
1. Леонтьев Руслан Георгиевич, 33 жашта. «Digital Nomads» долбоору, Санариптик көчмөндөр – жаңы улуттук бренд (онлайн платформа аркылуу кыргыз, орус жана англис тилин окутуу).
 
2. Смиренский Илья Вячеславович, 39 жашта. “СПААЗ” долбоору – өтүнмөлөрдү берүү, талдоо жана архивдөө системасы.
 
3. Чериков Сатыбалды Турдумаматович, 61 жашта. “ВИЭ” долбоору – күн-шамал энергиясын айкалыштырган орнотмо.
 
4. Жакыпбекова Бермет Жакыпбековна, 26 жашта. “KidsGo” долбоору – – балдарды мектепке-үйгө коштоп баруу боюнча тейлөө кызматы.
 
Финалдык бөлүктө өз күчүн сынашкан ар бир катышуучу акселерациялык программадан өткөндүгү тууралуу сертификаттар, Кыргызпатенттин имидждик продуктуларынан турган белектер, интеллектуалдык менчик жаатындагы китептерге ээ болду.
 
Эл аралык эксперттерден түзүлгөн калыстар тобунун мүчөлөрү сынакка чындыгында келечектүү, калктын жашоо-тиричилигин жеңилдеткен мыкты долбоорлор катышкандыгын, ошого байланыштуу, жеңүүчүлөрдү аныктоо оор болгондугун, сынак жыл сайын улана турган болсо, өлкөдөгү сатартап экосистемасын өнүктүрүүгө багыт болуп бере ала тургандыгын белгилешти.
 
Эскерте кетсек, мыкты стартаптарга акысыз түрдө Кыргызпатенттин Инновациялык борборунун жаңы имаратынан пайдалануу үчүн офис, мындан сырткары, ылдам прототиптештирүүчү Fab Lab лабораториялык жабдыктарды жана башка керектүү инфраструктураны колдонуу мүмкүнчүлүгү берилет.
 
“StartUP Кыргызстан” республикалык сынагы жыл сайын өткөрүлөт. Кийинки сынакка өтүнмөлөр ушул жылдын август айынан тарта кабыл алына баштайт.
 
Маалымат иретинде:
 
2020-жылдын 1-февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) тарабынан өткөрүлүп жаткан «Стартап Кыргызстан» сынагына өтүнмөлөрдү кабыл алуу убактысы жыйынтыкталган.
 
Жалпысынан 320 өтүнмө келип түштү, анын 317си жеке жактардан, ал эми 3 өтүнмө юридикалык жактардан. Эскерте кетсек, өтүнмөлөр эч кандай чектөөлөрсүз, экономиканын бардык сектордун багыттары боюнча кабыл алынды. Бардык тандоо баскычтарынан ийгиликтүү өткөн, жаңычылыдыгы менен өзгөчөлөнгөн бир стартап долбоорго 500 000 сомго чейин каржылык жардам көрсөтүлөт.
 
Региондор боюнча болүштүргөндө: Бишкек шаарынан – 137 өтүнмө, Ысык-Көл областынан – 40 өтүнмө, Чүй областынан – 36 өтүнмө, Нарын областынан – 25 өтүнмө, Ош областынан – 29 өтүнмө, Баткен областынан – 21 өтүнмө, Жалал-Абад областынан – 21 өтүнмө, Талас областынан – 7 өтүнмө.
 
Тармактар боюнча бөлүштүрүү: Өндүрүш – 116; Тейлөө чөйрөсү – 81; Агромаданият – 37; Соода – 28; Билим берүү – 21; IT-технология – 19; Сырьену кайра иштетүү – 14.
 
Өтүнмөлөрдүн негизги бөлүгү Бишкек шаарынан, келип түшкөн өтүнмөлөрдүн жалпы санынан 43% түзгөн, ошону менен “Өндүрүш” жана “Агромаданият” тармагына 48%, ошондой эле кызмат чөйрөсүн 26% түзөт.
 
Кийнки этап акселерациялык программаны өтүү үчүн кандидаттарды тандап алууну көздөйт. 30 тандап алынган стартапчылар бизнес-пландоо, питчинг, маркетинг, долбоордун MVPсин түзүү боюнча акысыз окутуудан өткөрүлдү жана алар Стартапты ишке киргизүү, масштабын кеңейтүү боюнча баалуу тажырыйбага ээ болушту.
25
Jun

Жеке маалыматтык коопсуздук тууралуу сүйлөшөбүз

Кыргызпатент Жогорку технологиялар паркы менен бирге “Жеке маалыматтык коопсуздук” темасында вебинар өткөрдү. Спикер катары IT-сүйлөдү.адис, санарип чөйрөсүндө песоналдык маалыматтарды коргоо маселелери боюнча эксперт Артем Горяйнов чыгып сүйлөдү.

Тренингдин жүрүшүндө, спикер виртуалдык чөйрөнү бардык жайда боло турган, заманбап кишинин жашоосунун бир бөлүгү катары белгиледи, айрыкча пандемия учурунда. Дээрлик бардык колдонуучу персоналдык маалыматтарды интернет мейкиндигине сактайт, социалдык тармактагы учеттук жазуудан баштап, ар күн сайын колдонуп жүргөн мессенджердеги маалыматтарга чейин. Бирок, персоналдык маалыматтар кара ниеттер тарабынан пайдаланууга алынышын эстен чгарбашыбыз керек. Мындай тобокелчиликтен алыс болуу үчүн киберкооопсыздук жаатында базалык билимге ээ болуп, тиешелүү чараларды кармануу керектелет.

Спикер угуучуларга тобокел матрицасын көрсөтү берип, санарип колдонуучунун кабылуучу ар кайсы деңгээлдеги кара ниеттик бузуулардын чыгымын баалап, кейстарди талдады. Чоң масштабдагы тобокелчиликти жоюунун бир ыкмасы бул –  IT-адистин жардамы менен цифралык мүлктү делегирлөө, мындан сырткары, бар болгон тобокелчиликтерди кабыл алуу. Эксперттин сөзүнө таянсак, ар түрдүү вирустарды жана маалымат урдоолорду өзүнө камтыган тармактагы 90% коркунучтарды алдына алып, коргой алчу “санариптик гигиенаны” сактоонун зарылчылыган айтты. Спикер белгилеп кеткендей, иш чөйрөсүндө лицензиясы бар программаларды колдонуусу туура. Себеби, Системадагы тутумдук бузулууларга өндүрүшчү жоопкер, а жүктөлгөн “каракчы” программалар ар кандай тармактык коркунучтарга жол ачат.

Өз сөзүндө спикер, бир гана компьютерлерге эмес, девайстын ээсинин баалуу маалыматтары сакталган смартфондорго да жүктөлүүчү антивирустук программалардын актуалдуулугуна токтолду. Кай жерде болбосун аң-сезимдүү болууну түшүнүү керек: белгисиз шилтемелерди басуудан, ар түрдүү кат түрүндө келген шилтемелерге ишенүүдөн жана каракчылык программаларды көчүрүүдөн мурун терең ойлонуу абзел. Мындай шарттарды аткарбаган колдонуучу тартипсиз санариптип жашоо образын жүргүзүп, өзүнө жана башкаларга коркунуч алып келет. Спикер базалык тариптерди эске албаган тажырыйбасыз колдонуучуларды мисалга келтирди: паролдорду жеңилдетип же жеке маалыматтарды, акчанын сүрөттөрүн, чоң көлөмдөгү сатып алууларды жайгаштырган тармактарга жүктөгөню

Жыйынтыгында, спикер документти 3 көчүрмө кылып алып жүрүүнү сунуштады: анын бирөөсүн “булутка” сактап коюу туура. Дал ушундай кадамга баруу менен колдонуучу бардык учурларда маанилүү документтерди сактап алууга шарт түзүлөт. Вебинардын аягында катышуучулар кызыктуу жана актуалдуу контент үчүн спикерге ыраазычылык билдиришти.

24
Jun

Жакында! «StartUP Кыргызстан» республикалык сынагынын Финалы өткөрүлөт

1-июль күнү, саат 13:00дө, жылдын башкы окуясы болгон «StartUP Кыргызстан» республикалык сынагынын Финалы өткөрүлөт!

Мыкты стартап сынагынын өзгөчөлүгү – экономиканын негизги тармактары боюнча мамлекеттик колдоо жана инновациялык долбоорлорду илгерилетүү.

Жеңүүчүлөр өз долбоорлорун өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) тарабынан бөлүнүүчү 500 000 сомго чейинки грант алышат.

Мыкты стартаптарга акысыз түрдө Кыргызпатенттин Инновациялык борборунун жаңы имаратынан пайдалануу үчүн офис, мындан сырткары, ылдам прототиптештирүүчү Fab Lab лабораториялык жабдыктарды жана башка керектүү инфраструктураны колдонуу мүмкүнчүлүгү берилет.

Эскерте кетсек, Кыргызпатент Мыкты стартаптарга сынак жарыялап, Кыргызстандын жаңы ишин баштап жаткан стартапчыларга өз эшигин ачкан. Алгачкы этапта, сынактык комиссия келип түшкөн 320 өтүнмөнүн ичинен 30 долбоорду акселерациялык программадан өтүү үчүн тандап алган. Аталган программаны эл аралык тажрыйбалуу устаттар коштоп, ар бир стартап үчүн трекерлер бекитилген. Стартапчылар өз долбоорлорун илгерилетүү, бизнес-план жазуу боюнча практикалык шыкка ээ болушуп, патенттер жана интеллектуалдык менчик объектилери, киреше үчүн салык тууралуу билим алышты. Сатып алуучу менен эффективдүү диалогду түзүүгө көмөктөшкөн CRM-системалары (Customer Relationship Management) сыяктуу электрондук ресурстардын ишин жандандырууну үйрөнүштү.

Финалистердин долбоорлорун Грузия, Россия, Беларусь жана Казакстан өлкөлөрүнүн эл аралык эксперттери, бизнес жана донордук уюмдардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн калыстар тобу баалашат.

Сынактан күтүлүүчү эң башкы үмүт – экономиканын өсүшүнө олуттуу таасир тийгизе алган инновациялык бизнес.

Жылдын башкы окуясын өткөрүп жибербеңиз! Финал Кыргызпатенттин социалдык тармактардагы Facebook, Instagram баракчаларынан жана YouTube каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.

18
Jun

“3D басуу технологиясы” аталышындагы вебинар өткөрүлдү

Кыргызпатент жана Жогорку технологиялар паркы тарабынан уюштурулган “3D басуу технологиясы” аталышындагы вебинар өткөрүлдү.
Спикер катарында чыгып сүйлөгөн, 3D басуудагы таанымал эксперт, “Робоскай” компаниянын директору Санжар Жумабеков 3D басуу деген эмне? Буюмду түзүү процесси кандай өтөт? 3D басууда эмнени эсепке алуу керек? Ушул жана башка суроолорго жооп берди.

Өз сөзүндө спикер  3D принтерлеринин техникалык мүнөздөмөлөрү жана негизги иштөө принциптерине,  Repetier-Host слайсери менен иштөөгө, басуу параметрлерин жөндөөгө, Autodesk программалык продуктуларынан моделдерди жүктөөгө токтолуп, 3D принтерлерин машина курууда колдонуу варианттары тууралуу айтып берди. Вебинардын жүрүшүндө Санжар Жумабеков 3D басуу технологиясынын негиздери жана алардын өзгөчөлүктөрү жөнүндө баяндап, белгилүү FDM басууну мисал келтирди. FDM технологиясы цифралык моделдердин контурун кайталаган, материалдын катмарын ырааттуу каптоо менен   үч ирет өлчөнүүчү объектилерди түзөт.

Белгилей кетсек, материал катары аддитивдүү өндүрүштө кенен пайдаланылган термопластик колдонулат (цифралык файлдан үч ирет өлчөнүүчү объектини даярдоо процесси)

Спикер пластиктердин түрлөрү жана анын курамы жөнүндө айтып, FDM технологиясы менен басуу ишинде колдонулган PLA жана ABS пластиктерин мисал келтирди. Алар окшош курамга ээ, мисалы, эки материал тең ысытканда ийкемдүү болуп, муздатканда формасын сактайт жана басып чыгаруу процессине окшош. Бирок бул пластиктердин айырмачылыгын да билүү керек. PLA (PolyLactic Acid) – негизинен жүгөрү крахмалынан өндүрүлгөн биоажыратуучу пластик болуп эсептелет. Басуу учурунда материал эриген пластик жыттанбайт жана ABS ге салыштырмалуу экологиялык жактан таза болуп эсептелинет. А ABS (Acrylonitrile-Butadiene Styrene) – тиричилик аспаптарын жана электр жабдыктарын жасоого ылайыкташтырылган катуу материал. Мындан сырткары, спикер 3D басууну жакшы желдетилген имаратта жүргүзүү керектигин белгиледи.

3D басууга киришердин алдында үч ирет өлчөнүүчү объектини түзгөн 3D моделди алуу керек. Ал үчүн спикер андан аркы басуу үчүн даяр фигуралардын үлгүлөрү бар thingiverse.com сайтын, ал эми 3D моделдештирүүнү окуу боюнча акысыз ресурска ээ tinkercad.com сайтын сунуштады. Сайттан кантип таап, андан ары кандай иш алпарыш керектигин экрандан көрсөтүп берди. Аталган сайт үйрөнүүгө жөнөкөй жана ыңгайлуу. Анткени, анын жардамы менен өз моделиңди түзүп, 3D басууга жиберсе болот.

Алган билимдер катышуучулар үчүн аябай керектелет, Кыргызпатенттин инновациялык борборунун адистери тарабынан FabLab жана YouthLab дын ишинде колдонулат. Аткарылган иштер жана актуалдуу тема үчүн өнөктөштөргө жана спикерге ыраазычылык билдиребиз.

18
Jun

“Китептайм” китеп окуу боюнча таймаштардын жеңүүчүлөрү сыйланды

Кыргызпатент 18-июнь күнү, 23-апрель – китеп жана автордук укук күнүнө жана Улуу жеңиштин 75 жылдыгынын урматына уюштурулган “Китептайм” китеп окуу боюнча таймаштардын жеңүүчүлөрүн дипломдор жана ведомствонун фирмалык атайын белектери менен сыйлады.
 
Иш-чараны уюштурган “Бир адамдан бир китеп” демилгелүү тобунун мүчөлөрүнө Алкыш барактары тапшырылды.
 
Китеп окуган, билим алууга, коомду жакшы жакка үндөөгө умтулган жаштары бар өлкө – келечектүү өлкө!
 
Кыргызпатент демилгелүү жаштарды колдоого ар качан даяр!
 
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси төмөндө:
 
23-апрель – Китеп жана автордук укуктун бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата
Мукай Элебаевдин «Узак жол» романы боюнча китеп таймаш
 
ДИПЛОМ:
1) Мунара Керимова
 
I даражадагы диплом:
1) Мээримай Равшанбекова
2) Махабат Нарматкулова
3) Эрлан Алтыбаев
 
II даражадагы диплом
1) Нурия Сексенова
 
III даражадагы дипломдор:
1) Даут Бекполотов
2) Гулина Касымали кызы
3) Сонунгүл Асанова
 
1941-1945-жж. Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата Роза Айтматова менен Асан Ахматовдун “Каткелди” повести боюнча китеп таймаш
 
ДИПЛОМ (1):
1. Мээримай РавшанбековаI даражадагы диплом
2. Курсан кызы Каныкей
3. Махабат Нурматкулова
 
II даражадагы дипломдор
4. Айдай Султангазиева
5. Гүлзар Эргешова
6. Сапаргүл Ысламова
7. Аида Мадалбекова
8. Айткулиева Чолпон
9. Карабай уулу Уланбек
10. Кудайберген кызы Даткайым
 
“Бир адамдан бир китеп” демилгелүү тобунан иш-чараларды кошо уюштуруучуларга Алкыш барактары:
 
1. Айзат Аалиевага Айзат Аалиева
2. Бакай Акылбековго Бакай Акылбеков
3. Гүлсүн Дайыровага
4. Максыт уулу Дайырга Дайыр Максыт Уулу
5. Калыбек уулу Элдоско
6. Нурболот кызы Айгеримге
7. Сыймык Суйунбековго
8. Табылды Муратбековго Tabyldy Muratbekov
17
Jun

“Графиканы түзүү инструменттери” аталышындагы вебинар өткөрүлдү

Кыргызпатент менен Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын биргеликте түзгөн программасынын алкагында “Графиканы түзүү инструменттери” аталышындагы вебинар өткөрүлдү. Вебинарды иллюстратор жана дизайнер Жанара Жаныбердиева алып барды.

Спикер графиканын түрлөрү тууралуу кеп козгоду: вектордук жана торчо. Алардын айырмачылыгын түшүндүрүп жатып төмөнкүлөргө токтолду: торчо графикасы воктордук форматтан айырмачылыгы, сүрөттөлүш мозаика түрүндө түшүрүлүп, ар бири түстөр тууралуу маалыматтарды камтыган көптөгөн кичинекей пикселдерден турат. Торчо сүрөттөлүштүн масштабын чоңойткон учурда, квадрат формасындагы көптөгөн кичинекей пикселдерди көрүүгө болот. Ал эми вектордук графика пикселдерден эмес, көптөгөн ийри, бириктирүүчү чекиттерден турат жана математикалык формулалар менен сүрөттөлөт. Вектордук графика чектөөсүз масштабда чоңойтулушу мүмкүн жана сапатын жоготпойт.

Спикер Corel Draw жана Adobe Illustrator программалары менен кантип иштөө жөнүндө баяндап, инструменттер панелин колдонуунун негизги принциптерин, кантип фигураны бөлүп, түстүү палитраны өзгөртүп, керектүү түстү алуу үчүн “тамызгычты” колдлнсо боло тургандыгын көрсөтүп берди. Мындан сырткары, “кисть” – бул сүрөтчүнүн эң маанилүү инструменти экени белгиленди. Анткени, кисттин жардамы менен сүрөттөлүштү өзгөртүү үчүн ар түрдүү стилдерди колдонсо болот.

Жаныбекова төмөнкүлөрдү белгиледи: иш учурунда түстүү аныктоо түйшүк жаратат, процессти жеңилдетүүгө графикалык долбоорлор үчүн гармониялуу түстүү комбинацияларды сунуштаган Adobe Color сервисин пайдаланууну сунуштайм. Программа Adobe Illustratorго тиркелген жана ар кандай критерийлер же негизги сөздөр боюнча фильтрлөөгө боло турган түстөр топтомун түзүү, ага сактоого, даяр түстүү схемаларды көрүүгө мүмкүндүк берет.

Мындан сырткары спикер түстөрдүн монохромдук системасынын иштеши жана анын өзгөчөлүктөрүнө да токтолду. Түстү тандоодо кыйынчылыктар жаралса, жаратылышка көз чаптырууну сунуштады. Анткени, табиятка көз чаптырып көптөгөн түстөрдүн гармониясын жана ар кандай айкалыштарын көрүүгө болот.

Катышуучулардын иштөө үчүн программаны тандоо жөнүндөгү суроолоруна жооп берип жатып, негизинен, жаңы ишин баштап жаткан сүрөтчү же дизайнердин эмне менен алектенгиси келгендигинен көз көз каранды экендигин билдирди. Сүрөтчү үчүн сүрөттөрдү боёо менен оңдоо же түзөтүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар Adobe Photoshop программасын колдонуу ыңгайлуу. Иллюстраторго  Adobe Illustrator, ал эми басма үчүн Corel Draw программаларын колдонуу сунушталат.

Катышуучулар мындан ары иштөөгө керектүү болгон пайдалуу тренинг үчүн уюштуруучуларга жана спикерге ыраазычылык билдиришти.

15
Jun

“7 жаш автор” республикалык адабий сынагын жеӊүүчүлөрүнүн китептеринин онлайн-бетачары

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) 15-июнда Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчик системасынын түзүлгөн күнүнө карата “7 жаш автор” республикалык адабий сынагын жеӊүүчүлөрүнүн китептеринин онлайн-бетачарын өткөрдү.
 
Онлайн иш-чараны ачып жатып, Кыргызпатенттин төрайымы Динара Молдошева төмөнкүлөргө токтолду: адабий эксперттерден турган калыстар тобу 7 жаш авторду гана жеӊүүчү кылып тандабастан, келечегинен көптү үмүттөндүргөн, болочокто кесипкөй акын-жазуучу чыгарына ишеним туудурган 5 авторду дагы кошумча тандап, жалпысынан 12 автордун кол жазмалары тандалып алынып, алтоосунун өз-өзүнчө китептери, ал эми көлөмү азыраак, бирок жакшы жазылган чыгармалар бириктирилип, бир жыйнак болуп, жалпысынан адаттагыдай эле 7 китеп жарык көргөндүгүн белгилеп, жаш калемгерлердин чыгармачылыгына ийгиликтерди каалап, ведомство чыгармачыл инсандарды колдоого ар качан даяр экендигин билдирди.
 
Профессинал акын-жазуучулардан турган калыстар тобунун мүчөлөрү сынактын жүрүшү, китеби жарык көрүп жаткан калемгерлердин кандайча тандалып алынгандыгы, чыгармачыл муундун азыркы абалы тууралуу айтып, чыгармачыл жаштарды колдоо жаатындагы Кыргызпатенттин саамалыктарын белгилеп өтүштү.
 
Өз кезегинде жыйнактары жарык көргөн калемгерлер чыгармаларын көркөм окушуп, кубанычын ортого салышты. Адабий кечеге онлайн түрдө100дөгөн адабият сүйүүчүлөрү күбө болушту.
 
“7 жаш автор” долбоору жаш калемгерлердин чыгармачылыгын колдоо, дем-шык берүү максатында 2009-жылдан тарта ишке ашып келе жатат. Долбоордун негизинде жаш авторлор өздөрүнүн чыгармаларын жыйнак кылып чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Быйыл 11-ирет сынактын жеӊүүчүлөрүнүн китеби жарык көрдү.
 
“7 жаш автор” республикалык адабий сынагын 2020-жылы жеӊүүчүлөрү төмөнкүлөр:
1. Султанбек уулу Жолболду – Сүйүү панорамасы”;
2. Абдыманбетова Жазгүл – “Уйкусуз түндүн ырлары”;
3. Нурлан кызы Бегайым – “Ичтеги бурганак”;
4. Орозкулов Адилет – “Эненин жүрөгү”.
5. Өмүрбек уулу Азамат – “Махабат ар бир жанды арууласын”;
6. Сатыбалдиев Акыл – “Сүйүү деми”;
7. Жыргалбеков Асман – “Живи”;
8. Турдалиев Адилет – “Чачыла”;
9. Мусабаева Жылдыз – “Мадыл-Адылдын саякаты”;
10. Изатова Ырысгүл – “Түйшөлүү”;
11. Шамил кызы Сейил – “Толкундар”;
12. Акималиев Бекзат – “Ай чырак”.
“7 жаш автор” республикалык адабий сынагын жеӊүүчүлөрүнүн китептеринин онлайн-бетачары аземи толугу менен төмөнкү шилтемеде:
12
Jun

“СТЭМ билим берүү” темасында онлайн-тренинг өткөрүлдү

Бүгүн, 2020-жылдын 12-июнунда Кыргызпатенттин Жогорку технологиялар паркы менен биргеликте белгиленген долбоорунун алкагында “СТЭМ билим берүү” темасында онлайн-тренинг өткөрүлдү. Спикер катарында “Тэкайым” КФ нун негиздөөчүлөрүнүн бири, ой жүгүртүү дизайны боюнча эксперт Елена Чигибаева жана ошол эле “Тэкайым” КФнун негиздөөчүлөрүнүн бири, easyscience.kg негиздөөчүсү, химик, тамак-аш коопсуздугу боюнча эксперт, инженер-эколог Мадина Самакбаевалар чыгып сүйлөштү. Тренерлер СТЭМ билим берүүнүн актуалдуулугу, анын Кыргызстандагы мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтышып,  СТЭМ – ар кандай татаалдыктагы милдеттерди аткарууну шарттаган, практикага ыңгайлаштырылган универсалдуу ыкма экендигин белгилешти. СТЭМ билим берүүнүн жардамы менен окуучулар информатика, физика, технологиялар, инженерия жана математика жаатындагы бир нече предметтерди бирге өнүктүрүүгө жетишип, тажатма делген теориянын изилдөөнүн прикладдык мүнөзгө ээ болорун түшүнүшөт.

Спикерлер СТЭМ-окутуунун негизинде системдик-ишмердик, окуучунун өз алдынча иши камтылганын баяндап өтүштү. СТЭМ ыкмасы негизинен мугалим тарабынан берилген материалдар менен түйшөлүүгө эмес, окуунун ыкмаларын өнүктүрүүгө багытталган. Вебинардын катышуучулары Steamдин төмөнкү сапаттарды жана ыкмаларды өнүктүрүүгө шарт түзөрү тууралуу билишти: көйгөйлөрдү комплекстүү түшүнүү, командалык иш, инженердик ыкма, критикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү,  илимий ыкманы түшүнүү жана колдонуу, долбоорлоштуруунун негиздерин түшүнүү.

Кийинки вебинар 16-июнда Кыргызпатенттин кызматкерлери үчүн “Графиканы түзүү инструменттери” темасында өткөрүлөт.

11
Jun

“Стартапты ийгиликтүү презентациялоо: Арбап алуу. Көңүл бурууну кармап туруу. Ишендирүү”

“Стартап Кыргызстан” сынагынын акселерациялык программасы өзүнүн жыйынтыгына чыкты. Акыркы окутуу онлайн-тренинги “Стартапты ийгиликтүү презентациялоо: Арбап алуу. Көңүл бурууну кармап туруу. Ишендирүү” аталышында болуп өттү. Эксперт катары TEDxMinsk конференциясынын спикинг-коучу, оратордук искусство мектебинин жетекчиси, бизнес-тренер, «Би-Эй Радиосунун» генералдык продюсери жана радио алып баруучу Дмитрий Смирнов чакырылды.

Смирнов өз сөзүндө төмөнкүлөргө кайрылып өттү: кантип өзүңдүн продуктуңду презентациялоо керек, питчинг учурунда негизинен эмнелерге көңүл бөлүү керек, кандай өңүттө жетектөө керек жана эмнеден баш тартуу керек. Толук түшүнүктүү болуш үчүн спикер, өз практикасынан реалдуу мисалдарды келтирип, оратордук искусствонун бир нече принциптерин сактоо керектигин, чыгып сүйлөө угармандардын көңүлүн өзүнө буруу үчүн жандуу жана эмоционалдуу болушу зарылдыгын айтып өттү.

Спикер төмөнкү принциптерди колдонуу менен өзүңдүн стартабыңдын актуалдыгын аргументтөө зарылчылыгын белгиледи:

  • Презентация жөн эле көрсөтүлбөстөн, вербалдуу түрдө баяндалышы керек. Анан да, продуктун иштешин көрсөтүү шарт;
  • Команданын иштеп кетерин, продуктун суроо-талапта боло тургандыгын далилдеген мини-кейсти колдонуу керек. Жашоодон жана иш процессинен мисал келтирсе болот. Идеянын иштешин жана угуучунун продуктуга эмоционалдык тартылуусун тарых көрсөтөт.

Спикер иштиктүү кагаз жана документтерге мүнөздүү сөз бурулуштарын – канцеляризмден алыс болууга кеңеш берди. Анткени, таталдаштырылган лексика чыгып сүйлөөнүн кабыл алышына кедергисин тийгизет. Анын ордуна, татаал сүйлөмдөрдү чакан кылып бөлүп, логикалык басымды туура коюу ылайык. Эске алып койчу нерсе, сөз жөнөкөй, жандуу жана мазмундуу болуу керек.

Мындан сырткары Смирнов, чыгып сүйлөөнүн аягында тактоо үчүн идеяга кайрылып, жалпылап, багыттарды жана конконцепцияны белгилеп өтүүнү сунуштады.

Жыйынтыгында катышуучулар тренингдин уюштуруучуларына, Минсктик экспертке пайдалуу маалыматтар үчүн ыраазычылык билдиришти. Акселерациялык программадан алган билим жана тажырыйба “Стартап Кыргызстан” сынагынын 2020-жылдын 1-июлунда, саат 13:дө Zoom платформасында өткөрүлүүчү финалдык бөлүгүндө катышуучулардын чыгып сүйлөөсүнө жардамчы болору шексиз.

10
Jun

Кыргызстандын жана Россиянын патенттик ведомстволорунун жетекчилеринин онлайн жолугушуусу болуп өттү

Бүгүн, 2020-жылдын 10-июнунда Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы эриш-аркак жылынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) төрайымы  Динара Молдошева менен Россия Федерациясынын интеллектуалдык менчик боюнча Федералдык кызматынын (Роспатент) жетекчиси Григорий Ивлиевдин онлайн жолугушуусу болуп өттү.

Аталган жолугушууда эки ведомствонун алдындагы уюмдардын өкүлдөрү, тармактык структуралык бөлүмдөрүнүн жетекчилери да катышты.

Аталган жолугушуунун максаты – эки тараптуу кызматташтыкты, коронавирус пандемиясынын шартында 2020-жылга карата ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү планын, мындан сырткары, регионалдык интеграциянын алкагындагы актуалдуу маселелерди талкулоо.

Онлайн жолугушуунун жүрүшүндө патенттик экспертиза, ведомстволор аралык маалымат алмашуу жана санариптешүү, КМШ, Евразия патенттик уюму жана Евразия экономикалык биримдигинин алкагында кызматташуу маселелери каралды. Кыргызпатенттин адистери үчүн кезек-кезеги менен өткөрүлүүчү иш-чараларларды уюштуруу иштери макулдашылды (географиялык көрсөткүчтөр, маалыматтык технологиялар, ЖМК менен иштөө, жарыялоочу жана китепканалык иш)

Эскерте кетсек, Кыргызпатент бүгүнкү күндө КМШ, Евразия патенттик уюму жана Евразия экономикалык биримдиги сыяктуу регионалдык уюмдардын интеллектуалдык менчик чөйрөдөгү ар тараптуу документтерди ратификациялоо боюнча тиешелүү процедуралар өткөрүлүүдө..

Тараптар патент боюнча маалыматтар базасына болгон мүмкүнчүлүк туурасында мурда кол коюлган келишимдерди жаңылоо чечимине келишти. Кыргыз Республикасында Россия Федерациясынын (анын ичинде, КМШ) жалпы патенттик фондунун резервдик сактоосун түзүү жөнүндө кеп козголду.

Жыйынтыгында, тараптар жолугушуунун натыйжалуулугун белгилеп, 2020-жылдын 10-11- апрелинде, Москва шаарында Евразия патенттик уюмунун “талааларда” отурумунда өткөрүү боюнча түзүлгөн келишимдерди аткарууга макулдашышты.