Без рубрики

20
Mar

Урматтуу достор, Кыргызпатенттин жалпы жамаатынын атынан Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайбыз!

Көктөм жаз менен бирге келген Нооруз майрамы күндөй жылуулукту, жаркын үмүттү, кубанычты жана жакшы өзгөрүүлөрдү алып келген болсун! Бүгүн, эртең жана ар дайым Сиздерди бакыт, жакын адамыңыздардын сүйүүсү, бакубатчылык жана ийгилик коштоп жүрсүн! Жакындарыңыз, ата-энеңиз, бала-чакаңыз менен аманчылыкта бактылуу турмуш кечириңиздер! Үйүңүздөр берекеге толуп, ааламыбызда тынчтык өкүмүн сүрсүн!

18
Feb

Итоги отбора на сайт 30 авторов Стартап Кыргызстан

5
Feb

Протокол о внесении изменений в Соглашение по торговым аспектам прав интеллектуальной собственности от 15 апреля 1994 года, подписанного 6 декабря 2005 года в городе Женева

Извините, этот текст доступен только в “Русский”.

23
Apr

В Бишкеке состоялся Национальный семинар по Марракешскому договору об облегчении доступа слепых воспринимать печатную информацию

23 апреля 2018 года в рамках Всемирного дня книги и авторского права, а также мероприятий приуроченных Международному дню интеллектуальной собственности и 25-летию становления Системы интеллектуальной собственности Кыргызской Республики состоялся Национальный семинар  по Марракешскому договору, организованный Государственной службой интеллектуальной собственности и инноваций при Правительстве Кыргызской Республики (Кыргызпатент)  совместно  с Всемирной организацией интеллектуальной собственности  (ВОИС).

Марракешский  договор направлен на решение проблемы «книжного голода», требуя, чтобы договаривающиеся стороны включили в свое национальное законодательство положения, позволяющие воспроизводить, распространять и предоставлять опубликованные произведения слепым и лицам с нарушениями зрения в доступных форматах посредством ограничений и исключений из прав обладателей авторского права.

Целью проведения данного мероприятия являлась организация площадки, где международные эксперты и специалисты, внесшие свою лепту в присоединение к Марракешскому договору, могли бы поделиться с участниками семинара опытом своих стран по практической реализации положений договора и ответить на главный актуальный вопрос: «Какие практические шаги следует сделать странам, присоединившимся к  Марракешскому договору, чтобы перейти от вновь принятого Закона к реальному внедрению в жизнь свободного доступа слепых и лиц с нарушениями зрения к  художественным и научным произведениям».

Открывая работу семинара, заместитель председателя Кыргызпатента Самат Байзаков отметил, что Марракешский договор будет способствовать более полному вовлечению лиц с ограниченными способностями воспринимать печатную информацию в культурную и социальную жизнь общества и участию в такой жизни.

«Договор может стать действенным инструментом для сокращения бедности, благодаря предоставлению возможностей для профессионального роста, увеличения их вклада в развитие местной экономики и достижения экономической самостоятельности. Договор будет реальным и востребованным инструментом для обеспечения свободного доступа к знаниям для сотен тысяч потенциальных бенефициаров, проживающих во всем мире, в том числе и в Кыргызстане», – сказал Байзаков.

В ходе семинара депутат Жогорку Кенеша Кыргызской Республики Дастан Бекешев в кратце рассказал предисторию ратификации Кыргызской Республикой Марракешского договора об облегчении доступа слепых и лиц с нарушениями зрения или иными ограниченными способностями воспринимать печатную информацию к опубликованным произведениям.

“Я очень рад за тех людей, которые смогут благодаря этому договору получить доступ к новым знаниям.   Для того чтобы прочитать что-либо я должен сделать ряд действий, которые самостоятельно мне не доступны, с присоединением к Марракешскому договору у нас открываются большие возможности”, – сказал он. Бекешев поблагодарил Кыргызпатент за работу проводимую ведомством в этом направлении.

О том как определить границы творческой деятельности и экономических аспектах авторского права подробно рассказал в своей презентации Димитр Ганчев, заместитель директора сектора авторской и творческой отраслей ВОИС.

«Творческая отрасль одна из самых динамичных направлений, именно, в этой отрасли наблюдается наиболее убедительный темп развития экономики. Это издательское дело, радио-телевидение, производство программного продукта, именно в этих секторах необходимо привлекать инвестиции. В более узком смысле авторское право дает монополистическое право на условие экономического ценообразования. Но следует сказать, что раньше люди ориентировались на качество, к сожалению люди сейчас не хотят платить, читатель сейчас желает получать материал бесплатно посредством интернета», – сказал Ганчев.

Участники семинара отмечают высокий уровень подготовки мероприятия, принимают активное участие в обсуждениях, говорят о необходимости расширения мирового фонда литературы в доступных форматах, тем самым обеспечить возможность доступа всем слепым, людям с нарушениями зрения или иными ограниченными способностями воспринимать печатную информацию.

В работе семинара принимают участие представители международных и общественных организаций, министерств и ведомств, руководители и сотрудники библиотек страны, преподаватели ВУЗов, юристы в сфере авторского права, а также издатели.  Семинар продолжит свою работу 24 апреля с 9 до 12 часов, во второй половине дня пройдут консультации ВОИС с Кыргызпатентом, которые предполагают обмен опытом и решение актуальных проблем.

 Для справки:

Всемирный День Книги был официально провозглашен на 28-й Генеральной сессии ЮНЕСКО в Париже в 1995 году с целью просвещения и сохранения культурных традиций, так как благодаря книге мы получаем доступ не только к знаниям, но и к идеям, духовным и моральным ценностям, к пониманию красоты и к творческим достижениям человека.

27 июня 2013 года в рамках дипломатической конференции, проходившей в городе Марракеш (Марокко), был принят исторический договор «Об облегчении доступа слепых и лиц с нарушениями зрения или иными ограниченными способностями воспринимать печатную информацию к опубликованным произведениям».

В марте 2017 года Президентом Кыргызской Республики был подписан Закон о присоединении к Марракешскому договору, который вступил в силу в Кыргызской Республике с сентября 2017 года.  Кыргызская Республика стала первой страной на постсоветском пространстве, которая присоединилась к договору и внесла необходимые изменения в законодательство об авторском праве.

19
Apr

Бишкекте «Инновациялык технологияларды өнүктүрүү жолу менен энергиялык натыйжалуулукту жогорулатуу” аталышындагы тегерек үстөл болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду Эл аралык интеллектуалдык менчик күнүнө жана Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик тутумунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата иш-чаралардын алкагында «Инновациялык технологияларды өнүктүрүү жолу менен энергиялык натыйжалуулукту жогорулатуу” аталышындагы тегерек үстөл өткөрдү .

Тегерек үстөлдү өткөрүүнүн максаты энергиялык натыйжалуулукту жана энергиялык үнөмдүүлүктү жогорулатуу үчүн инновациялык технологияларды колдонуудагы мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоо болуп саналат.

Иш-чаранын жүрүшүндө ойлоп табуучулар ата-мекендик иштеп чыгууларды өндүрүшкө киргизүүнүн өз тажрыйбасы менен тааныштырышты. Тегерек үстөлдө азыркы учурдагы Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы заманбап инновациялык өндүрүштөрдү түзүү жана азыркы мезгилде иштеп жаткан өндүрүштүк жана коммуналдык заманбап объектилерди модернизациялоо жолу менен энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу, ошону менен биргеликте мекендик жабдууларды жана технологияларды жандандыруу маселелери тууралуу талкуулашты. Мындан сырткары Токтогул ГЭСинин каскадында жүргүзүлгөн иштердин, жалпы өлкөдөгү гидроэнергетикалык эффективдүүлүгүн жогорулатуу, ресурстарды үнөмдөөнүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча маселелер да каралды.

Талкуу учурунда катышуучулар ата-мекендик инновациялык технологияларды жандандыруу энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатууга шарт түзө тургандыгын жана анын чечиминен күтүлгөн эффектти алууда энергетикалык ресурстарды колдонууну кыскартуудан эле эмес, заманбап технологияларды ишке киргизүүдөн да көз каранды экендигин белгилешти.

Тегерек үстөлдүн ишине ата-мекендик ойлоп табуучулар, КРнын Өкмөтүнө караштуу отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү, Улуттук илимдер академиясынын суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетикалык институтунун, ЖОЖдордун жана Кыргызстандын улуттук энергохолдингинин өкүлдөрү катышышты.

18
Apr

Москвада Интеллектуалдык менчикти санарипке өткөрүүдө блокчейн-технологияларын пайдаланууга арналган ири эл аралык конференция өткөрүлдү

2018-жылдын 16-17-апрелинде Москва шаарында Интеллектуалдык менчик боюнча федералдык кызмат (Роспатент) жана Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму (ИМБДУ) тарабынан уюштурулган “Санариптик трансформациялоо: интеллектуалдык менчик жана блокчейн-технологиясы” Эл аралык конференциясы болуп өттү. Конференциянын ишине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы Досалы Эсеналиев жана Кыргызпатенттин маалымат технологиялар секторунун башчысы Александр Хегай катышты.

Конференциянын программасында интеллектуалдык менчик, ар түрдүү өлкөлөр үчүн анын мааниси, интеллектуалдык менчиктин келечектеги өсүүсүнүн негизги факторлору катары жаңы технологиялар, интеллектуалдык менчик негизги ролду ойногон тармак катары маалымат технологиялары жана ЖМК жаатындагы актуалдуу маселелер белгиленди.

Өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөзүндө Кыргызпатенттин төрагасы Кыргыз Республикасы “Таза коом” мамлекеттик программасынын алкагында экономиканы санариптештирүүгө киришкенин белгиледи.

“Блокчейн-технологиясын пайдалануу авторлукту, артыкчылыкты белгилөө, лицензиялык бүтүмдөрдү көзөмөлдөө, ошондой эле “смарт-контракт” аркылуу интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды өткөрүп берүүгө мүмкүндүк түзөрүн белгилөөгө болот. Ошондой эле анын артыкчылыгы мында, блокчейн-технологиялар маалыматтарды коргоонун бузууга каршы системасын камсыз кылат. Албетте, блокчейн-технологияларынын мүмкүнчүлүктөрү чоң, бирок маселе мында эмес, маселе, биз блокчейн-технологияларынын укуктук жана техникалык аспектилерин камтыган ийкемдүү ченемдик базаны кантип түзөбүз, мына ушунда” – деди Д.Эсеналиев. Ошондой эле ал Кыргызпатентте ушул багытта жүргүзүлүп жаткан иштерди белгилеп, ведомствонун расмий сайтына Кыргыз Республикасынын товардык белгилери боюнча Улуттук маалыматтар базасы байлангандыгы, патенттик фондду санарипке өткөрүү боюнча иштер, өтүнмөлөрдү электрондук берүүнүн колдонулган системасы жана санарипке байланыштуу ведомствонун башка иштери тууралуу айтып өттү.

Уюштуруучулар белгилегендей, блокчейн-технологиясын пайдалануунун негизинде интеллектуалдык менчик чөйрөсүн өнүктүрүүнүн келечеги, мүмкүнчүлүгү жана стратегиясы конференциянын башкы темасы болду. Конференциянын катышуучулары интеллектуалдык менчик объектилерин каттоого, сактоого жана коопсуздугун камсыз кылууга блокчейндин кантип жардам берерин, соттук териштирүүлөрдө чыгымды азайтуу мүмкүнчүлүгү болобу жана интеллектуалдык менчик укуктарын коргоону жана сактоону жакшыртуу үчүн санариптик технологияларды кантип пайдалануу керек экендигин талкуулашты.

Конференцияга дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн 800дөн ашык адам катышты. Булар интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү глобалдуу жана регионалдуу түзүмдөрдүн өкүлдөрү, улуттук патенттик ведомстволордун башчылары, дүйнөлүк бизнестин өкүлдөрү, блокчейн-технологиялар чөйрөсүндөгү дүйнөлүк деңгээлдеги эксперттер, РФ бийлигинин федералдык органдарынын жетекчилери.

Маалымдама:

Жогоруда белгиленгендерге байланыштуу Кыргызпатент тарабынан Кыргызпатенттин патенттик фондун жана патенттик-техникалык китепканасын санарипке өткөрүү боюнча чоң иш жүргүзүлүп жатканын белгилөөгө болот, анда санарипке өткөрүлгөн материалдарды таануунун заманбап технологиялары пайдаланылат. Ведомствонун иш кагаздарын жүргүзүүдө заманбап санариптик технологияларды пайдалануу маалыматты коргоонун жана берүүнүн заманбап интеллектуалдык каражаттарын жайылтууну талап кылат. Ушуга байланыштуу Кыргызпатент тарабынан азыркы учурда ведомствону техникалык кайра жабдуу боюнча маалыматтык коопсуздук бөлүгүндө иштин чоң көлөмү жүргүзүлүүдө.

Блокчейн (blockchain) технологиясы – бөлүштүрүлгөн маалыматтар базасын уюштуруу системасы. Эксперттердин пикирлери боюнча технология мамлекеттин жана бизнестин коромжуларын олуттуу ылайыкташтырууга мүмкүндүк түзөт, блокчейн технологиясынын жардамы менен интеллектуалдык укуктарды коргоого болот.

17
Apr

Кыргызпатенттин адистери Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында көчмө лекциялар менен жүрүшөт

Аймактарды өнүктүрүү жылынын, ошондой эле Эл аралык интеллектуалдык менчик күнүнө жана Кыргыз Республикасында Интеллектуалдык менчик тутумунун 25 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында 2018-жылдын 10-апрелинен 20-апрелине чейин Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында көчмө лекцияларды өткөрүшмөкчү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) адистери Баткен Мамлекеттик университетинин (БатМУ), Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунун (КГПИ), Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин (ЖАМУ), Ош Мамлекеттик университетинин (ОшМУ), Ош технологиялык университетинин (ОшТУ), Ош Мамлекеттик социалдык университетинин (ОшМСУ), Ош Мамлекеттик юридикалык институтунун (ОшМЮИ) студенттери үчүн интеллектуалдык менчик маселелери боюнча лекцияларды окушат.

Лекторлор интеллектуалдык менчиктин негизги түшүнүктөрү, патент алууга өтүнмөлөрдү даярдоо тартиби, автордук жана патенттик укук, ошондой эле интеллекуталдык менчик укугун жөнгө салуучу эл аралык ченемдер менен студенттерди тааныштырышат.

Аталган окутууларга студенттер активдүү катышып, интеллектуалдык менчикти укуктук жөнгө салуу көйгөйлөрүнө тиешелүү маселелерди талкуулашууда. Студенттерди интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүдөгү заманбап тенденциялар жана ушул жааттагы Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларын практикалык колдонуу кызыктырууда.

Көчмө лекциялардын угуучулары болуп, БатМУнун 120 студенти, КГПИнин 105 студенти, ЖАГУнун 69 студенти, ОшМУнун 79 студенти саналат, бардыгы болуп 500дөн ашык студентти тартуу пландалууда.

16
Apr

Кыргызпатент интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо маселелери боюнча магистр-студеттер үчүн тегерек үстөл өткөрдү

“Интеллектуалдык менчикти укуктук коргоону камсыздоого көмөктөшүү” темасындагы тегерек үстөл Эл аралык интеллектуалдык менчик күнүнө жана Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик тутумунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата иш-чаралардын алкагында болуп өттү.

Тегерек үстөлдү өткөрүүнүн максаты Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчик объектилерин коргоо ыкмалары жана интеллектуалдык менчикти укуктук коргоонун актуалдуу маселелерин карап чыгуу болуп саналат.

Тегерек үстөл интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук коргоо маселелерине адистешкен юристтерге жана магистр-студенттерге багытталган. Тегерек үстөлдүн жүрүшүндө спикерлердин баяндамалары угулуп талкууланды, иш-чаранын катышуучулары каралган теманын актуалдуулугун жана ушул жааттагы алакалашууну өркүндөтүүнүн зарылдыгын белгилешти.

Кыргызпатент кызыкдар мамлекеттик органдар менен биргеликте интеллектуалдык менчик объектилерине укуктук бузуулардын алдын алуу максатында интеллектуалдык менчик объектилерин мыйзамсыз колдонууда терс мамилеге тарбиялоого багытталган конференциялар, семинарлар, тегерек столдор, жолугушуулар жана башка иш-чаралар форматында интеллектуалдык менчик жөнүндө билимдерди жайылтуу боюнча үзгүлтүксүз укуктук түшүндүрүүчү иштер өткөрүлүп келе жаткандыгын белгилөөгө болот.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) жана Кыргыз Республикаснын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы тегерек үстөлдүн уюштуруучулары болуп саналат.

24
Mar

“Таза жашоо” урааны менен Кыргызпатенттин жамааты ишембилик өткөрдү

Бүгүн, 24-мартта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) “Таза жашоо” урааны менен республиканын шаарларынын жана калктуу конуштарынын аймактарын санитардык тазалоо жана көктөндүрүү боюнча үч айлыктын алкагында ишембилик өткөрдү.

Кыргызпатенттин кызматкерлери ведомствого бекитилген аймакты, сугат тармактарын куураган өсүмдүктөрдөн жана жалбырактардан тазалады. Тилкеден Бишкек шаарынын муниципалитети 8 тонна таштанды чыгарды.

23
Mar

Кыргызстандын Улуттук хирургиялык борборунун дарыгерлерине патенттик укук жаатындагы билим алуу мүмкүндүгү жеңилдетилди

2018-жылдын 22-мартында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук хирургиялык борборунда Технологияларды жана инновацияларды колдоо борборунун (ТИКБ) филиалынын ачылышы болуп өттү. ТИКБ филиалы патенттик укук жаатындагы билимдерди алуу мүмкүндүгүн жеңилдетүү жана аны жайылтуу, патенттик жана патенттик эмес маалыматтарды колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында ачылды.

ТИКБнын 27-филиалынын ачылышы республикадагы интеллектуалдык дараметтин өсүшүнө жана инновациялык иштиктүүлүккө жардам берүүгө, Улуттук хирургиялык борборунун профессордук-окутуучулук курамынын, илимий кызматкерлеринин, хирург-дарыгерлеринин, клиникалык ординаторлорунун жана аспиранттарынын ойлоп табуучулук ишмердүүлүктөрүн өнүктүрүүгө багытталган.

Маалымдама:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) тарабынан Кыргызстандын баардык аймактарында жайгашкан ТИКБнын 26 филиалы этап боюнча ачылып, алардын иштеши технологияларды жана инновацияларды колдоонуну өнүктүрүү үчүн натыйжалуу аянтча түзүүгө мүмкүндүк берүүдө.

Технологияларды жана инновацияларды колдоо борборлорунун программасы Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму (ИМБДУ) тарабынан иштелип чыккан, ал өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн ойлоп табуучуларына жогорку сапаттагы техникалык маалыматтарга жана аны менен байланышкан кызматтарга алыстан жетүү мүмкүндүк берет, укуктарды коргоону жана аларды башкарууну камсыздап, жаңычылдарга өзүнүн дараметин ачканга шарт түзөт.

ТИКБ түрдүү кызматтарды камтыйт:

– интеллектуалдык менчик маселелери боюнча басылмаларга жана патенттик, патенттик эмес онлайн-ресурстарга (илимий-техникалык) жетүүгө мүмкүндүк алуу;

– техникалык маалыматты издөөгө жана алууга көмөк көрсөтүү;

– маалымат базасы боюнча издөөнү үйрөтүү;

– суроо-талап боюнча издөө (жаңычылдык, техниканын деңгээли жана укуктун бузулушу);

– технологиялардын өнүгүшүнүн деңгээли жана атаандаштардын жүрүм-турумунун мониторинги;

– мыйзамдуулук, колдонуунун принциптери жана өнөр жай менчиги жаатындагы стратегиялар, ошондой эле коммерциялаштыруунун ыкмалары жана технологиялардын маркетинги жөнүндө базалык маалыматты көрсөтүү.