• English
  • Кыргызча
  • Русский
Автоматизация

Азаттык радиосу: "Улан Мелисбек: Кыргызстанды биз көтөрбөсөк, ким көтөрөт?"

Жайындалган күнү : 
2009-09-24

Кыргызпатент кызматынын төрөгасы Улан Мелисбек өткөн жумада Чехияда иш сапары менен болуп, кайтып кетээринде “Азаттыктын” Прагадагы студиясына келип маек куруп берди.

“Азаттык”: Улан, кош келипсиз Прагага. Кандай максатта келип калдыңыз Чехияга?

Кыргызпатенттин төрагасы У.Мелисбек Чехия Республикасынын Өнөр жай менчиги боюнча ведомствосуна барды

Жайындалган күнү : 
2009-09-18

[i]2009-жылдын 17-сентябрында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын төрагасы Улан Мелисбек Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) окуу тренингинин алкагында Прагадагы Чехия Республикасынын өнөр жай менчиги боюнча ведомствосуна барды./i]

Визит учурунда Чехия ведомствосунун адистери экскурсия өткөрүшүп, анын жүрүшүндө Кыргызпатенттин делегациясын иштин уюштурулушу жана структурасы, ошондой эле өз мекемесинин алдыңкы тажрыйбасы менен тааныштырышты.

Кыргызпатенттин жетекчилиги менен АРС компаниясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу

Жайындалган күнү : 
2009-09-02

2009-жылдын 2-сентябрында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматында ведомствонун жетекчилиги - төрагасы Улан Мелисбек жана статс-катчысы Бакыт Кененбаев менен APC компаниясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар Кыргызпатент менен АРС компаниясынын мындан ары кызматташуусунун келечегин талкуулашты. Тараптар актуалдуу маселелер, тактап айтканда маалыматтык технологиялар тармагында ар кандай долбоорлорду ишке ашыруу боюнча бири-бири үчүн баалуу сунуштары жана пикирлери менен алмашышты.

Акипресс:Кыргызпатенттин башчысы менен укук коргоочулардын ортосундагы каршылашуулар күч алууда (баяндама)

Жайындалган күнү : 
2009-08-21

Кыргызстандын патент кызматынын башчысы Улан Мелисбек жана өз тарабына Кыргызстандын патентик ишенимдүү өкүлдөрүн кошуп алууга аракет кылып жатышкан Акыйкатчыга караштуу Укук коргоочулар кеңешинин ортосундагы чыр-чатактар жана маалыматтык каршылашуулар күч алууда.

Ушул учурда түшүнүксүз нерселер көп, ал эми тараптар өз пайдасына коомдук пикирди тартууга умтулуу менен бири-биринин дарегине бир нече билдирүүлөр менен алмашышты.

Башкарууну документтик камсыздоо системасын автоматташтыруу боюнча "Э.Д.Е.М." программасынын бет ачаары

Жайындалган күнү : 
2009-08-20

[i]2009-жылы 19-августта Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын Коомдук маалыматтык борборунун жыйындар залында Башкарууну документтик камсыздоонун Автоматташтырылган системасы боюнча «Э.Д.Э.М.» (Электрондук иш жүргүзүү Электрондук Москва) программасынын бет ачаары болду. Бул иш-чаранын уюштуруучусу «Электронная Москва» Ачык Акционердик коому болду./i]

Азаттык: Домендик зона талашы уланууда

Жайындалган күнү : 
2009-08-21

Акыйкатчы институтунун алдындагы укук коргоочулар кеңеши Мамлекеттик патент кызматынын башчысы Улан Мелисбек уулун коррупциялык иштерге аралашты деп айыптоодо. Муну жалганга чыгарган Кыргызпатенттин башчысы тармакты реформалоого атайылап бут тосуу болуп жаткандыгын билдирүүдө.

"Азыркы патенттик ведомствону автоматташтыруу жана өтүнмөлөрдү электрондук берүү" аттуу семинар Дүйшөмбү шаарында

Жайындалган күнү : 
2009-07-17

2009-жылдын 22- 24 июлунда Дүйшөмбүдө (Тажикстан) “Азыркы патенттик ведомствону автоматташтыруу жана өтүнмөлөрдү электрондук берүү” аттуу семинар Дүйшөмбү шаарында болот.

Семинар Евразиялык патенттик уюмдун Административдик Кеңешинин ХХ отурумунун чечимине ылайык уюштурулат.

Семинардын ишине Кыргызпатенттин Маалыматтык камсыз кылуу жана мамлекеттик реестрлер башкармалыгынын начальниги Анаркан Джаманкулов катышат.