• English
  • Кыргызча
  • Русский
МКК биз жөнүндө
  1. CA-NEWS (KG) – Бишкекте жасалга-колдонмо көркөм өнөр жана шөкөттөө чыгармалары интеллектуалдык менчиктин объектилери деген маселелер талкууланды

    Жарыяланган күнү : 
    12/04/2012

    CA-NEWS (KG) – Бишкекте 12-апрелде КР Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы тарабынан уюштурулган “Жасалга-колдонмо көркөм өнөр жана шөкөттөө чыгармалары интеллектуалдык менчик объектилери катары” деген темада тегерек үстөл болуп өттү.

  2. Акипресс маалымат агенттиги: – Бишкекте жасалга-колдонмо көркөм өнөр жана шөкөттөө чыгармалары интеллектуалдык менчиктин объектилери деген маселелер талкууланды

    Жарыяланган күнү : 
    12/04/2012

    Бишкек (АКИpress)– Бишкекте, 12-апрелде КР Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы тарабынан уюштурулган “Жасалга-колдонмо көркөм өнөр жана шөкөттөө чыгармалары интеллектуалдык менчик объектилери катары” деген темада тегерек үстөл болуп өттү.

  3. Кабар - Кыргыз Улуттук Маалымат Агенттиги: Адам өзүнүн брендине патент алардан мурда анын актуалдуулугу жана экслюзивдүүлүгү жөнүндө ойлоосу керек - эксперт

    Жарыяланган күнү : 
    12/04/2012

    Бишкек 12-апрель/Аида Жумашева – Кабар/. Адам өзүнүн брендине патент алардан мурда анын актуалдуулугу жана экслюзивдүүлүгү жөнүндө ойлоосу керек. Бул жөнүндө бүгүн, “Жасалга-колдонмо көркөм өнөр чыгармалары” жөнүндө тегерек үстөлдүн жүрүшүндө Кыргызпатенттин ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди жана өнөр жай үлгүлөрүн эксперттөө бөлүмүнүн эксперти Мирлан Бакиев билдирди.

  4. Акипресс маалымат агенттиги: Кыргызпатент интеллектуалдык менчиктин Эл аралык жана Улуттук күнүнө арналган иш-чаралардын циклдерин өткөрүүдө

    Жарыяланган күнү : 
    11/04/2012

    Жыл сайын эл аралык коомчулук 26-апрелде Интеллектуалдык менчик күнүн белгилейт. 1967-жылы ушул күнү Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму тарабынан негизделген Конвенция күчүнө кирген. 2002-жылдан баштап Кыргызстанда 26-апрель интеллектуалдык менчиктин Улуттук күнү катары белгиленип келе жатат.

  5. Интеллектуалдык менчик кызматы тарабынан чыккан 5 китептин бетачары болду

    Жарыяланган күнү : 
    23/12/2011

    Баракелде - Кечээ, 22-декабрда Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы тарабынан чыгарылган 5 китептин бетачары болду. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирди.

    Салтанаттуу иш-чара Мамлекеттик тарых музейинде өткөрүлүп, ага жазуучулар, акындар, обончулар, манасчылар, коомдук жана маданий ишмерлер катышты. Бетачарда «Кыргыз Республикасынын жазуучулары (2-том)», «Кыргыз Республикасынын обончулары», «Кыргыз элинин манасчылары» маалымдама китептери жана балдарга арналган «Кыргыз эл жомоктору», «Байчечекей балдарга» аттуу китептер коюлду.

  6. Кыргызпатент ведомствонун логотибин иштеп чыгууга кайрадан сынак жарыялайт

    Жарыяланган күнү : 
    20/12/2011

    20 декабрь 2011, 12:25

    Баракелде - КР Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы (Кыргызпатент) ведомствонун жаңы логотибин (эн белгисин) иштеп чыгууга кайрадан сынак жарыялайт. Бул тууралуу Кыргызпатенттен билдиришти.

    Сынакка бардык каалоочулар (сүрөтчүлөр, дизайнерлер, архитекторлор ж. б.), ошондой эле биринчи жолу катышкандар дагы катыша алат.