Товар чыгарылган жердин аталышы катары кандай белги катталат?

Товар чыгарылган жердин аталышы катары төмөндөгүдөй белгилери менен мүнөздөлүүчү товар чыгарылган жердин аталышы катталат:-    белгилүү бир жердин азыркы расмий аталышы (өлкөнүн, жердин, калк жашаган жердин, тоолордун, суулардын, көлдөрдүн, ошондой эле географиялык объектинин тарыхый аталышы);

товардын өзгөчө касиеттери (алар товардын уникалдуулугун жана элитардуулугун аныкташат, алар туруктуу жана талашсыз болууга тийиш);

–    жаратылыш шарттарын камтуучу географиялык чөйрө (климат, жердин рельефи, кыртыштын касиети, микрофлора, суунун консистенциясы, нымдуулук даражасы – жыл ичинде

ачык болгон күндөрдүн саны) жана адам факторлору (кесиптик тажрыйбасы, маданияты, өндүрүштүк салттары, этнографиялык өзгөчөлүктөрү ж. б.);

-товардын өзгөчө касиеттеринин географиялык чөйрөдөн көз карандылыгы.

Кандай белги товар чыгарылган жердин аталышы деп таанылбайт?

Географиялык объектинин аталышы болуп саналган же аталышты камтыган, бирок анын чыгарылган жерине байланышпаган товардын белгилүү бир түрүнүн белгиси катары Кыргыз Республикасында жалпы пайдаланууга киргизилген белги товар чыгарылган жерлердин аталышы катарында таанылбайт.

Товар чыгарылган жердин аталышы ким тарабынан катталышы мүмкүн?

Товар чыгарылган жердин аталышы бир же бир нече юридикалык же жеке жактар тарабынан катталышы мүмкүн. Бирок бардык эле субъектилер каттоого укуктуу эмес. Бул субъект милдеттүү түрдө аталышын товар чыгарылган жердин аталышы катары каттоону болжоштурган ошол географиялык объектинин аймагынын чектеринде турууга тийиш. Андан тышкары бул субъект өзү түздөн-түз өзгөчө касиеттеги товарды чыгарууга тийиш, б. а. өзгөчө касиеттүү товарга карата ортомчулук ишмердүүлүк менен гана алектенген субъектиге товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугун берүүгө жол берилбейт.Мыйзам тарабынан  катталган товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугу бул аталышты каттаган жакка (же жактарга) гана эмес, башка жактарга дагы берилет, бирок белгилүү бир шарттарда. Бул укукту алууга талапкерленген субъект алгачкы укук ээси турган географиялык объектиде турууга тийиш. Ал тарабынан чыгарылган товар алгачкы укук ээсинин товарынын өзгөчө касиеттерине ээ болууга тийиш.

Өтүнмө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматына (Кыргызпатент) өтүнмө ээси тарабынан өз алдынча же Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу берилет.

Товар чыгарылган жердин аталышын укуктук коргоо кандай учурларда токтотулушу мүмкүн?

Эгерде Мыйзам тарабынан белгиленген талаптардын бузулгандыгынан улам анын каттоосу жараксыз деп таанылса, товар чыгарылган жердин аталышын укуктук коргоо токтотулат.Ушул географиялык объект үчүн мүнөздүү болгон шарттардын жоюлушуна жана Реестрде көрсөтүлгөн касиеттери менен товарды чыгаруу мүмкүн болбой калгандыгына байланыштуу товар чыгарылган жердин аталышынын аракети токтотулат.

Чет өлкөлүк юридикалык же жеке жактын атына товар чыгарылган жердин аталышынын аракети көрсөтүлгөн негиздерден тышкары ошондой эле товар чыгарылган өлкөдө ушул товар чыгарылган жердин аталышына алар укугун жоготкондугуна байланыштуу токтотулат.

Товар чыгарылган жердин аталышын каттоого жана пайдалануу укугун берүүгө өтүнмө кандай документтерди камтууга тийиш?

Товар чыгарылган жердин аталышын каттоого жана пайдалануу укугун берүүгө өтүнмө (мындан ары – өтүнмө) төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш:-  өтүнмө ээсин (ээлерин), ошондой эле анын (алардын) турган жерин же жашаган жерин көрсөтүү менен,  товар чыгарылган жердин аталышын каттоо жана пайдалануу укугун берүү жөнүндө же катталган товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугун берүү жөнүндө арыз;

–  билдирилген белги;

–  аны өндүрүүнүн ордун (географиялык объектинин чектерин) көрсөтүү менен аны белгилөө үчүн каттоо суралган жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугун берүү, же катталган товар чыгарылган жердин аталышын пайдаланууга укук берүү суралган товардын түрү;

– товардын өзгөчө касиеттерин сыпаттоо.

Өтүнмөгө төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш:

–     өтүнмө ээси көрсөтүлгөн географиялык объектиде тургандыгы жана анын өзгөчө касиеттери ушул географиялык объектинин жаратылыш шарттары же адам факторлору үчүн, же бир эле мезгилде жаратылыш шарттары жана адам факторлору үчүн мүнөздүү деп аныкталган товарды чыгара тургандыгы жөнүндө компетенттүү органдын (компетенттүү органдардын) корутундусу;

– чет өлкөлүк өтүнмө ээси үчүн – товар чыгарылган өлкөдө өтүнмө берилген товар чыгарылган жерлердин аталышына анын укугун тастыктаган документ тиркелет;

– алым төлөнгөндүгүн тастыктаган документ.

Товар чыгарылган жердин аталышын пайдаланууга укук алган жак кимдир бирөөгө өзүнүн ыйгарым укугун өткөрүп, же катталган товар чыгарылган жердин аталышын пайдаланууга лицензия бере алабы?

Бере албайт. Товар чыгарылган жерди пайдалануу укугу ажыратылгас болуп эсептелет. Мында субъектинин турган жери жана ал тарабынан өзгөчө касиеттери окшош товардын чыгарылыш фактысы мааниге ээ эмес. Мамлекет гана ыйгарым укуктуу орган аркылуу товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугун бере алат.

Товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүктүн күчүнүн мөөнөтү кандай?

Күбөлүк Кыргызпатентке өтүнмө келип түшкөн күндөн тартып эсептегенде он жыл ичинде күчүндө болот.Күбөлүктүн күчүнүн мөөнөтү күбөлүктүн ээсинин арызы боюнча жана күбөлүктүн ээси ушул географиялык объектиде тургандыгын жана күбөлүктө көрсөтүлгөн касиеттери бар товарларды чыгарып жаткандыгын тастыктоочу компетентүү органдын корутундусун берген шартта ар бир жолу он жылга узартылышы мүмкүн.