Ведомствого караштуу уюмдар жана структуралык бөлүмдөр
____________________________________________________________________________________
-Укук башкармалыгы
- Маалыматтык камсыз кылуу жана мамлекеттик реестрлер башкармалыгы
-Өнөр жай менчигин жана селекциялык жетишкендиктерди экспертизалоо башкармалыгы
-Расмий басылмаларды чыгаруу жана котормо башкармалыгы
-Автордук укук жана чектеш укуктар башкармалыгы
- Интеллектуалдык менчик объектилерин камтыган продуктуларды жана товарларды изилдөө жана экспертизалоо башкармалыгы
-Административдик-чарба башкармалыгы
- Интеллектуалдык менчик объектилерин мониторингдөө, экспертизалоо жана баалоо боюнча бөлүм
- Кадрлар жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү
- Эл аралык байланыштар бөлүмү
-Экономика жана финансылар сектору
- Атайын режим сектору
-Бухгалтерия
- Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фонду
-Мамлекеттик патентик-техникалык китепкана
_________________________________________________________
Укук башкармалыгы
Укук башкармалыгы төмөндөгү бөлүмдөрдөн турат:
- интеллектуалдык менчик укуктарын жана апелляцияларды ишке ашыруу бөлүмү;
- ченемдик укуктук камсыздоо жана методология бөлүмү.
Жүктөлгөн милдеттердин натыйжасында төмөндөгү иштер жүргүзүлөт:
- интеллектуалдык менчик жаатында ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу;
- интеллектуалдык менчик объектилерин коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын колдонуу практикасын жалпылаштыруу;
- интеллектуалдык менчик жаатындагы эл аралык келишимдерди түзүүгө даярдоо;
- эл аралык келишимдердин ченемдерин имплементациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарына жана эл аралык-укуктук ченемдерге ылайык улуттук мыйзамдарды жакшыртууга сунуштарды даярдоо;
- интеллектуалдык менчик жаатындагы мыйзамдарды жакшыртуу боюнча сунуштарды даярдоо жана киргизүү;
- интеллектуалдык менчик жаатындагы укук бузууларга каршы аракеттенүү боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын катчылыгынын иш-милдетин аткаруу;
-Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (БСУ) алкагындагы Интеллектуалдык менчик укуктарынын соода аспектилери боюнча Макулдашуудан (TRIPS) келип чыгуучу милдеттенмелерди аткаруу боюнча ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруу;
- мыйзам алкагында коргоо документтерин берүүгө өтүнмөлөр боюнча мамлекеттик экспертизанын чечимине каршылыктарды карап чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын Апелляциялык кеңешинин отурумдары үчүн документтерди даярдоо жана аларга катышуу;
- интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо тармагында талдоо жүргүзүү;
- интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук коргоо жана пайдалануу маселелери боюнча эл аралык кызматташтыкты ишке ашыруу, эл аралык келишимдерден жана макулдашуулардан келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткарууга багытталган чараларды кабыл алуу, бул тармактарда чет өлкөлүк тажрыйбаларды изилдөө жана пайдалануу боюнча иштерди жүргүзүү;
– доолорду тариздөө жана соттордо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын атынан өкүлчүлүктү жүзөгө ашыруу;
– Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча жеке жана юридикалык жактарга укуктук жана маалыматтык кызматтарды көрсөтүү.
Маалыматтык камсыз кылуу жана мамлекеттик реестрлер башкармалыгы
Маалымат башкармалыгы төмөндөгү бөлүмдөрдөн турат:
- маалыматтык технологиялар бөлүмү;
- көргөзмө ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруу жана маалыматтык камсыз кылуу бөлүмү;
- Мамлекеттик реестрлер жана лицензиялык келишимдерди каттоо бөлүмү.
Башкармалык төмөндөгү иш-милдеттерди аткарат:
- интеллектуалдык менчик жаатында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын адистерин маалыматтык камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын маалыматтык ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган системасын иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын расмий веб-сайтын иштеп чыгуу, жаңылаштыруу жана алып баруу;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын локалдык түйүндөрүнүн иштөөсүн камсыз кылуу, кармап туруу жана жаңылаштыруу;
- аны колдонуу практикасын талдоонун жана жалпылоонун негизинде иштелип чыккан интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды коргоо тармагындагы ченемдик актыларды жакшыртуу боюнча сунуштарды даярдоо жана киргизүү;
- интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды коргоо тармагындагы ченемдик-укуктук жана методикалык адабияттардын фондусун топтоо боюнча сунуштарды киргизүү;
- компьютерлер, маалымат базалары, маалыматтык түйүндөр менен иштөө боюнча нускамаларды иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын корпоративдик түйүнүн түзүү, жаңыландыруу, программалык жана техникалык камсыз кылуу;
- кеңселик техниканы жана программалык камсыз кылууну техникалык камсыздоо жана ишин камсыз кылуу;
- ылайыктуу мамлекеттик реесртлерге интеллектуалдык менчик объектилери жөнүндө маалыматтарды киргизүү;
- Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн мамлекеттик реестрине Кыргыз Республикасынын патентик ишенимдүү өкүлдөрү жөнүндө маалыматтарды киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын расмий басылмаларында интеллектуалдык менчик объектилери жөнүндө маалыматтарды жарыялоо үчүн материалдарды даярдоо;
- интеллектуалдык менчик объектилерине берүү үчүн коргоо документтерин даярдоо;
- интеллектуалдык менчик объектилерин күчүндө кармап туруу, өзгөртүүлөрдү киргизгүү жана каттоо аракетин узартуу үчүн иштерди жүргүзүү;
- интеллектуалдык менчик объектилерин каттоонун автоматташтырылган системасын жакшыртуу жана коргоо документтерин берүү боюнча иштерди жүргүзүү;
- интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды өткөрүп берүү боюнча келишимдерди жана Авторлордун мүлктүк укуктарын жамааттык башкаруу борборунун автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалануучулар менен түзгөн лицензиялык келишимдерин каттоо.
Өнөр жай менчиги объектилерин жана селекциялык жетишкендиктерди экспертизалоо башкармалыгы
Өнөр жай менчиги объектилерин жана селекциялык жетишкендиктерди экспертизалоо системасы интеллектуалдык менчик объектилерин коргоонун эң негизги элементтеринин бири болуп эсептелет. Өнөр жай менчиги объектилерин жана селекциялык жетишкендиктерди экспертизалоо башкармалыгы азыркы убакта эки бөлүм жана бир сектордон турат:
- ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди жана өнөр жай үлгүлөрүн экспертизалоо бөлүмүнөн;
- товардык белгилерди, товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын, фирмалык аталыштарды экспертизалоо бөлүмүнөн;
- селекциялык жетишкендиктерди экспертзалоо секторунан.
Башкармалыкта жогорку даражадагы квалификациялуу эксперттер иштешет.
Өнөр жай менчиги объектилерин жана селекциялык жетишкендиктерди экспертизалоо башкармалыгы төмөндөгү иш-милдеттерди аткарат:
- өнөр жай менчиги объектилерине жана селекциялык жетишкендиктерге коргоо документтерин берүүгө өтүнмөлөрдүн мамлекеттик экспертизасын жүргүзөт.
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын расмий басылмаларында жарыялоо үчүн өнөр жай менчиги объектилери жана селекциялык жетишкендиктер боюнча зарыл материалдарды даярдайт;
- өнөр жай менчиги объектилерин жана селекциялык жетишкендиктерди коргоо тармагындагы ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана жакшыртуу боюнча иштерге катышат;
- өнөр жай менчиги объектилерин жана селекциялык жетишкендиктер маселелери боюнча семинарларды жана тегерек столдорду өткөрөт;
- көргөзмөлөрдү, илимий-техникалык жана көркөм-конструктордук чыгармачылыктын сынактарын уюштуруу боюнча иштерди жүргүзөт.
Расмий басылмаларды чыгаруу жана котормо башкармалыгы
Расмий басылмаларды чыгаруу жана котормо башкармалыгы ведомствого караштуу бөлүк болуп эсептелип, өз курамына эки бөлүмдү камтыйт:
- материалдарды даярдоо жана котормо бөлүмү;
- полиграфия бөлүмү.
Башкармалыктын милдеттерине төмөндөгү басылмаларды даярдоо жана чыгаруу кирет:
- интеллектуалдык менчик объектилери жөнүндө маалыматтарды камтыган расмий басылмаларды;
- интеллектуалдык менчикти коргоо чөйрөсүндө аракеттенүүчү ченемдик-укуктук басылмаларды;
- интеллектуалдык менчик боюнча маалымдамалык, окуу, окуу-методикалык басылмаларды, ошондой эле илимий жана колдонмо мүнөздөгү басылмаларды;
- интеллектуалдык менчик маселелери боюнча илимий-популярдык басылмаларды, маалыматтык, аналитикалык басылмаларды, ошондой эле жарнамалык жана башка басылмаларды.
Автордук укук жана чектеш укуктар башкармалыгы
Автордук укук жана чектеш укуктар башкармалыгы Кыргыз Республикасынын «Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө» мыйзамына ылайык авторлордун мүлктүк укуктарын жамааттык негизде башкаруу боюнча уюштуруу иш-милдеттерин аткарат.
Автордук укук жана чектеш укуктар башкармалыгы төмөндөгү бөлүмдөрдөн жана сектордон турат:
- инспектордук бөлүм;
- автордук укуктун, чектеш укуктардын объектилерин, авторлорду, укук ээлерин каттоо бөлүмү;
- аудиовидео каракчылыгын талдоо бөлүмү;
- экспертизалар жана изилдөөлөр сектору;
Автордук укук жана чектеш укуктар башкармалыгынын негизги милдеттери болуп төмөндөгүлөр эсептелет:
- өз компетенциясынын чегинде автордук жана чектеш укуктарды коргоонун укуктук шарттарын түзүүгө жардам көрсөтүү;
- автордук жана чектеш укуктарды коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам негиздери боюнча түшүндүрүү иштерин уюштуруу жана жүргүзүү;
- авторлор тарабынан берилген жана мыйзамдар аркылуу жүктөлгөн ыйгарым укуктардын негизинде авторлордун жана укук ээлеринин мүлктүк укуктарын жамааттык негизде башкаруу;
- илим, адабият жана искусство тармагында чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн укуктук шарттарды түзүүгө жардам көрсөтүү;
- автордук жана чектеш укуктарды пайдалангандыгы жөнүндө маалыматтарды чогултуу;
- автордук укуктарды коргоо боюнча ишмердүүлүккө өз ишмердүүлүгүнүн мүнөзү боюнча авторлор менен укук ээлеринин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө милдеттүү болгон чыгармачыл союздардын, мекемелердин жана уюмдардын өкүлдөрүн тартуу.
Жүктөлгөн милдеттерге ылайык Автордук укук жана чектеш укуктар башкармалыгы төмөндөгү иш-милдеттерди аткарат:
- автордук укук жана чектеш укуктардын объектилерин мамлекеттик каттоого берилген өтүнмөлөрдүн эсебин алат жана карап чыгат;
- пайдаланылуучу аудио-жана видеопродуктуларды жана автордук укук объектилерин оригиналдуулугун аныктоо үчүн изилдейт жана экспертиза жүргүзөт;
- аудио-жана видеопродуктулардын каракчылыгына каршы күрөшүү боюнча укук коргоо органдары менен кызматташат;
- Башкармалык контролдук кылган укуктарды коргоо үчүн зарыл болгон юридикалык аракеттерди ишке ашырат;
- Башкармалыктын ишмердүүлүгүн Кыргызпатенттин структуралык бөлүктөрү, республиканын чыгармачыл уюмдары, авторлор коомдор жана чет өлкөлөр менен КМШ өлкөлөрүнүн ассоциациялары менен тыгыз байланышта уюштурат;
- маданият жана искусство мекемелерине, ошондой эле чектеш укуктарды укуктук коргоо көйгөйлөрү боюнча уюмдарга жана мекемелерге методикалык жардам көрсөтөт;
- Чектеш укуктардын ээлеринин кеңешинин жана Авторлор кеңешинин Президиумдарынын Катчылыгынын милдеттерин аткарат;
- чектеш укук маселелери боюнча семинарларды, көргөзмөлөрдү жана сынактарды уюштуруу боюнча иш жүргүзөт;
- чыгармалардын жана авторлордун эсеби боюнча маалымат базаларын алып барат;
- алардын мүлктүк укуктарын жамааттык негизде башкарууга ыйгарым укук алуу боюнча автордук укук ээлери менен ишти уюштурат;
- чыгармаларды жана чектеш укук объектилерин пайдаланууга пайдалануучулар менен лицензиялык келишимдерди түзөт жана пайдалануучулар менен сый акынын өлчөмдөрүн жана башка шарттарын макулдашат;
- автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалануучулардын, сый акы төлөөчүлөрдүн эсебин алууну жүзөгө ашырат;
- автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалангандыгы үчүн сый акыларды чогултууну жүзөгө ашырат;
- сый акыларды бөлүштүрүү үчүн пайдаланылган объектилер боюнча жыйынтыкталган отчетторду даярдайт;
- автордук укук жана чектеш укуктардын ээлеринине берүү үчүн чогултулган сый акыларды бөлүштүрөт жана төлөп берет.
Интеллектуалдык менчик объектилерин камтыган продуктуларды жана товарларды изилдөө жана экспертизалоо башкармалыгы
Интеллектуалдык менчик объектилерин камтыган продуктуларды жана товарларды изилдөө жана экспертизалоо башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын (Кыргызпатент) структуралык бөлүгү болуп эсептелет.
Башкармалык контрафактылык жана жасалма продуктуларды изилдөө жана экспертизалоо бөлүмүнөн жана интеллектуалдык менчик маселелерин окутуу боюнча сектордон турат.
Башкармалыктын негизги милдеттери болуп төмөндөгүлөр эсептелет:
- алардын контрафактылуулугун аныктоо максатында интеллектуалдык менчик объектилерин камтуучу продуктуларга жана товарларга экспертиза жүргүзүү;
- илимий сунуштарды, алдыңкы тажрыйбаны жана жаңы ыкмаларды изилдөө жана эксперттөө практикасына жайылтуу;
- интеллектуалдык менчик маселелерин укуктук коргоо маселелери боюнча квалификациясын жогорулатуу курстарын жана семинарларды өткөрүү аркылуу Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана контролдоочу органдарынын кызмткерлерин окутуу;
- интеллектуалдык менчик жаатында укук бузууларга бөгөт коюу маселелери боюнча аналитикалык жана маалыматтык материалдарды даярдоо;
- өз ишмердүүлүгүнүн мүнөзү боюнча интеллектуалдык менчикке укуктуулардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө милдеттүү болгон мекемелер менен уюмдардын өкүлдөрүн интеллектуалдык менчик объектилерин коргоо боюнча ишмердүүлүккө катышууга тартуу;
- интеллектуалдык менчик жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларын жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүү;
- Кыргызпатенттин башка бөлүмдөрү менен бирге интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо тармагында эл аралык кызматташтыкка катышуу;
- интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо маселелери боюнча жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн иш тажрыйбаларын изилдөө.
Кадрлар жана иш кагаздарын жүгүртүү бөлүмү
Коюлган милдеттерге ылайык бөлүм төмөндөгүлөрдү аткарат:
- ченемдик укуктук актыларды, токтомдорду, буйруктарды, структуралык бөлүктөргө карата буйруктарды аткаруу боюнча иштерди уюштуруу;
- кадрдык саясатты ишке ашыруу, кадрдык резервди калыптандыруу, кызматкерлерди адистик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатууну камсыз кылуу;
- иштин абалын контролдоо, талдоо жана кадрларды тандоо, жайлаштыруу, окутуу, кадрларды социалдык-укуктук коргоо, аларды кызматка бекитүү, башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу үчүн жетекчиликке сунуштарды киргизүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруу;
- кадрлардын сапаттык курамын жакшыртуу, алар менен пландык ишти алга жылдырууда резервди калыптандыруу, кызматкерлерди аттестациялоо жана бул ишти жакшыртуу боюнча талдоону ишке ашыруу жана чараларды кабыл алуу;
- келип түшкөн кат-кабарларды кабыл алуу, эсепке алуу, жөнөтүү жана жеткирүү, кызматтык документтерди жана башка чыгуучу документтерди жөнөтүү;
- документтердин сапаттуу аткарылышына контролдук кылуу жана текшерүү боюнча аналитикалык маалымкаттарды түзүү;
- өтүнүүчүлөрдөн жана патентик ишенимдүү өкүлдөрдөн интеллектуалдык менчик объектилерине (ИМО) өтүнүүчү материалдарды кабыл алуу;
- документтерди өз убагында жүгүртүлүүсүнө контролдук кылуу жана эсебин алуу, квартал сайын жарандардын каттарын жана арыздарын карап чыгуунун жыйынтыктарын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын коллегиясына көрсөтүү;
- КМШ жана алыскы чет өлкөлөрдүн патентик ведомстволору менен кат алышуу жана басылмалар менен алмашууну ишке ашыруу;
- мезгилдүү басылмаларга жазылууну жүзөгө ашыруу.
Эл аралык байланыштар бөлүмү
Эл аралык байланыштар бөлүмү структуралык бөлүм болуп эсептелет жана ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөндөгү иш-милдеттерди аткарат:
- патентик-техникалык документтердин жана маалыматтардын котормосун жүзөгө ашырат;
- ылайыктуу эл аралык ведомстволор жана уюмдар менен кат алышууларды жүргүзөт;
- ар кандай эл аралык семинарларга, конференцияларга ж.б. кызматкерлерди жөнөтүүнү ишке ашырат;
- англис тили боюнча кызматкерлердин билимдерин жакшыртуу боюнча иш жүргүзөт.
Интеллектулдык менчиктин мамлекеттик фонду
Азыркы убакта ИМ Мамфондусу төмөндөгүлөрдөн турат:
- интеллектуалдык менчик объектилеринин маркетинги жана өздөштүрүү сектору;
- уюштурууну камсыз кылуу жана менеджмент сектору;
- интеллектуалдык менчик объектилерин баалоо сектору;
- бухгалтерия.
Интеллектулдык менчиктин мамлекеттик фондунун негизги милдеттерине төмөндөгүлөр кирет:
- интеллектуалдык менчик объектилерин камтуучу натыйжалуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү ата мекендик жана чет өлкөлүк иштеп чыгуулар жөнүндө маалыматтарды чогултуу жана жайылтуу, ылайыктуу маалымат базаларын топтоо жана алып баруу;
- авторлордун, ойлоп табуучулардын жана рационализаторлордун, илимий кызматкерлердин, маданият жана искусство ишмерлеринин чыгармачылык ишмердүүлүгүнө өбөлгө түзүү жөнүндө сунуштарды киргизүү;
- интеллектуалдык менчик объектилерин түзүү жана пайдалануу тармагынын, илим менен техниканын өнүгүү тенденциясынын системалык анализин жүргүзүү;
- интеллектуалдык менчик жана инновациялар тармагында көргөзмөлөрдү, конкурстарды, семинарларды, симпозиумдарды, илимий-теориялык жана практикалык конференцияларды уюштуруу жана өткөрүү;
- экономиканын ар кандай секторлорунда аларды пайдаланууну камтуу менен, интеллектуалдык менчик тармагында маркетингдик изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- интеллектуалдык менчик объектилерин түзүү, укуктук коргоо берүү жана пайдалануу тармагында консультациялык жана маалыматтык-маалымдамалык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу;
- экономиканын, илимдин жана техниканын артыкчылыктуу багыттары боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө финансылык жардам көрсөтүү;
- ойлоп табуучуларга, рационализаторлорго, илимдин маданияттын жана искусствонун ишмерлерине кайтарымсыз жана кайтарымдуу негизде финансылык жардам берүү;
- ата мекендик иштеп чыгууларды чет өлкөдө патенттөөгө жана мамлекеттин атынан патенттерди сатып алууга жардам берүү;
- интеллектуалдык менчик тармагында иштеп жаткан мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизүү;
- интеллектуалдык менчик объектилерин баалоо жана коммерциялаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- интеллектуалдык менчик объектилеринин жана баалоого жатуучу башка объектилердин наркын баалоо боюнча консультациялык жана маалыматтык-маалымдамалык кызматтарды көрсөтүү;
- интеллектуалдык менчиктин чарбалык жүгүртүүсүн башкаруу жана ага тартуу боюнча адистерди окутууну уюштуруу;
- Фонддун максаттарына каршы келбеген жана мыйзам тарабынан тыюу салынбаган башка ишмердүүлүктөрдү жүзөгө ашыруу.
Мамлекеттик патентик-техникалык китепкана
Мамлекеттик патентик-техникалык китепкана (МПТК) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын (Кыргызпатент) ведомствосуна караштуу уюм болуп эсептелет. МПТК - өлкөнүн экономикасынын реалдуу секторунун тематикасы боюнча маалыматтык ресурстарды ошондой эле илимий, инновациялык жана ойлоп табуучулук ишмердүүлүктөргө көмөк көрсөтүүнү калыптандыруучу, элдик жана илимий-тармактык китепкана.
МПТКнын маалымдамалык-маалыматтык фондусу төмөндөгүлөрдү камтыйт:
- Кыргызстандын, ЕПВнын, ИМБДУнун, ЕАПВнын, АКШнын, ГФРдын, Япониянын, Улуу Британиянын, Франциянын, Швейцариянын, мурдагы СССР жана Экономикалык өз ара жардамдашуу советинин өлкөлөрүнүн өтүнмөлөрүнө жана патенттерине ойлоп табуулардын толук сыпаттамаларын;
- эл аралык, мамлекеттер аралык жана улуттук стандарттар, техникалык шарттар, курулуш нормалары жана эрежелерин;
- студенттер, окумуштуулар, менеджерлер, ишкерлер үчүн илимий-техникалык адабияттарды жана техника жана экономика боюнча мезгилдүү басылмаларды камтыйт;
- архитектура жана курулуш, жеңил жана кайра иштетүү өнөр жайы, эсептөө техникасы боюнча дүйнөнүн 17 өлкөсүнөн чет өлкөлүк басылмаларды;
- Кыргызстандын басылмаларын.
Фонддогу болгондордун негизинде МПТКнын адистери экинчи жолку маалыматтардын маалыматтык ресурстарын түзүшөт:
жергиликтүү басылмалардын материалдары боюнча баяндама түрүндөгү жана реферативдик маалыматтар;
актуалдуу тема боюнча библиографиялык көрсөткүчтөр.
Китепкана корпоративдик долбоорлорго катышат.
Окурмандардын сурамдары окуу залдарында, китепканалар аралык абонемент, e-mail, факс боюнча, көчүрмөлөөнүн жана сканерлөөнүн, келишимдер боюнча тейлөөнүн, колдонулуп жаткан ГОСТторго чыгарылып жаткан продуктулардын ылайык келүүчүлүгү жөнүндө жазуу жүзүндөгү маалымкаттарды аткаруунун, оозеки фактографиялык маалымкаттардын, өнөр жай менчиги объектилерине жана автордук укукка өтүнмөлөрдү түзүү боюнча консультацияларды берүүнүн, патентик издөөлөрдү жүргүзүүнүн жардамы менен аткарылат.
Маалыматтык ресурстарга жана китепкананын кызмат көрсөтүүлөрүнө кирүү мүмкүндүгүн берүү менен катар окурмандар үчүн электрондук маалымат бөлүмү түзүлгөн. Интернет аркылуу окурмандар дүйнөнүн 60 патенттик ведомстволорунун, EBSCO маалымат базаларынын, ИНТАС программалары боюнча Ганновер техникалык китепканасынын басылмаларынын ресурстарынан пайдаланышат.
Окуу жайларынын сурамдары боюнча актуалдуу темалар боюнча адабияттардын тематикалык көчмө көргөзмөлөрү уюштурулат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматындагы иш-чараларга, Соода өнөр жай палатасындагы өнөр жай көргөзмөлөрүнө жаңы басылмалар берилет, ММКга жарыялоолорду даярдайт, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын, USAID, «Токтом» маалыматтык борборунун, «Adviser» коомдук фондунун, Бизнес-ассоциация конгрессинин ж.б. сайттарына маалыматтарды жайгаштырат.