1993-ж., июнь. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 15.06.1993-ж. №262-токтому менен өнөр жай менчигин түзүү жана укуктук коргоо жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү үчүн Илим жана жаңы технологиялар боюнча мамлекеттик комитеттин алдында Патенттик башкармалык (Кыргызпатент) түзүлгөн.
1994-ж., февраль. Кыргыз Республикасы Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмуна (ИМДУ) мүчө болду;
1995-ж., январь. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 13.01.1995-ж. №13-токтому менен Илим жана жаңы технологиялар боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Патенттик башкарма Билим берүү жана илим министрлигинин Интеллектуалдык менчик боюнча башкы башкармасы болуп кайра түзүлдү.
1995-ж., сентябрь. Кыргыз Республикасы Евразиялык патенттик конвенциянын мүчөсү болду;
1996-ж., март. Кыргыз Республикасынын Президентинин 04.03. 1996-ж. №45 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн структурасы жана курамы жөнүндө” Указы менен Билим берүү жана илим министрлигинин Интеллектуалдык менчик башкы башкармасы мамлекеттик башкаруу органынын статусу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттиги болуп кайра түзүлдү;
1996-ж., сентябрь. Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан укук ээлерине биринчи кыр-гыз коргоо документтери тапшырылды.
1997-ж., декабрь. Интеллектуалдык менчик жаатында Кыргыз Республикасынын биринчи мыйзамдары кабыл алынды: “Патент мыйзамы”, “Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө” жана “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө”.
1998-ж., декабрь. БСУнун алкагында интеллектуалдык менчиктин укуктарынын соода аспектилери боюнча Марракеш (ТRIPS) макулдашуусуна кол коюлду.
2000-ж., декабрь. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.12. 2000-ж. № 721-токтому менен 2000-2010 жылдарга Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик системасын өнүктүрүү боюнча «Интеллект» Мамлекеттик программасы бекитилди;
2000-ж., декабрь. Кыргыз Республикасынын Президентинин 28.12. 2000-ж. № 363 «Борбордук мамлекеттик башкаруу органдарын кайра түзүү жөнүндө» Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттиги болуп кайра түзүлдү;
2001-ж., февраль. ИМДУнун Генералдык катчысы доктор Камил Идристин Кыргыз Республикасына иш сапары болуп өттү.
2002-ж.,январь. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 14.01.2002-ж. №16-токтому менен 26-апрель Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик күнү болуп белгиленди.
2004-ж., февраль. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.02.2004-ж. №93-токтому менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жаатындагы тартип бузууларга каршы аракет жүргүзүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия түзүлдү;
2005-ж., октябрь. Кыргыз Республикасынын Президентинин 15.10.2005-ж. №426 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттик болуп кайра түзүлдү;
2007-ж., март. Кыргыз Республикасынын Президентинин 16.03.2007-ж. №96 Жарлыгы менен «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн структурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу боюнча уюштуруу чаралары тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы болуп кайра түзүлдү.