“Стартап Кыргызстан – 2021” республикалык сынагынын акселерациялык программасынын катышуучулары менен алгачкы жолугушуу болуп өттү

Бүгүн, 22-декабрда “Стартап Кыргызстан – 2021” республикалык сынагынын акселерациялык программасынын катышуучулары менен алгачкы жолугушуу болуп өттү.
Эскерте кетсек, Келип түшкөн 276 өтүнмөнүн ичинен долбоорлордун мындан аркы өнүгүшүн шарттоо жана алардын потенциалын ачуу максатында 30 стартап акселерациялык программадан өтүү үчүн тандалып алынган.
Жаңы ишин баштап жаткан ишкерлер менен болгон жолугушууда төмөнкүлөр чыгып сөз сүйлөштү: Кыргызпатенттин төрайымы Динара Молдошева, “Ololo” компаниялар тобунун бизнес-дирижёру жана негиздөөчүлөрүнүн бири жана  Данияр Аманалиев,  “Сколково” инновациялык борборунун  КМШ менен өз ара аракеттенүү жана регионалдык өнүктүрүү боюнча вице-президенти Александр Окунев, NB Fitness компаниясыныны Digital-маркетологу   Сырга Тилекова.  Алар бизнес-планды жазууда жана аны коммерциялаштырууда ментордук окутуунун жана эксперттик колдоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Жолугушуунун жүрүшүндө “Стартап-Кыргызстан – 2020” сынагынын жеңүүчүлөрү Адилет Токтогулов, Максат Белеков жана Лунара Сагыналиевалар сынакка катышуу тажырыйбаларын, өздөрүнүн стартаптарын ишке ашырылуусу жана долбоорлорду кеңейтүү пландары менен бөлүшүштү. 
Катышуучулар 2 айлык окутуу курсунун программасы менен таанышты.  Акселерациялык программа ушул жылдын 24-февралынан 20-апрелине чейин уланат. Программа өзүнө ментордук аркылуу бизнес-идеяларды интенсивдүү өнүктүрүүнү, эл аралык жана жергиликтүү машыктыруучулардын окутуусун, эксперттик жардамын өзүнө камтыган онлайн жана офлайн курстардан турат. Курстарда долбоорлордун турмушка ылайыктуулугун баалоо, бизнес-пландоо жана аны кеңейтүү боюнча мол тажрыйбалар каралган.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.