30 стартап «Стартап Кыргызстан 2021» сынагынын акселерациялык программасынан өтүүгө тандалып алынды

«Стартап Кыргызстан 2021» республикалык сынагына катышууга келип түшкөн 276 өтүнмөнүн ичинен 30 стартап акселерациялык программадан өтүү үчүн тандалып алынды.  Сынактын жеңүүчүлөрү бизнес-идеясын ишке ашырууга 500 000 сомго чейинки мамлекеттик грантка ээ болот.
Долбоорлорду кароого мыкты, тажрыйбалуу стартапчылардан, IT сектордун, бизнес жана донордук компаниялардын өкүлдөрүнөн турган сынактык комиссия 2 күн аралыгында өндүрүш, медицина, кызмат көрсөтүү, айыл-чарба, соода-сатык жаатындагы жана IT-чөйрөсүнө багытталган долбоорлорду карап чыгып, мыктыларын тандап алды.
Акселерациялык программадан өтүүгө тандап алуу комиссиясына мүчө эксперттердин көпчүлүгүн ынандырган долбоорлор мүмкүнчүлүк алышты.  Акселерациялык программа ушул жылдын 24-февралынан 20-апрелине чейин уланат. Программа өзүнө ментордук аркылуу бизнес-идеяларды интенсивдүү өнүктүрүүнү, эл аралык жана жергиликтүү машыктыруучулардын окутуусун, эксперттик жардамын өзүнө камтыган онлайн жана офлайн курстардан турат. Курстарда долбоорлордун турмушка ылайыктуулугун баалоо, бизнес-пландоо жана аны кеңейтүү боюнча мол тажрыйбалар каралган.
Бизнес-идеядан аны ишке киргизүүгө даяр болуп калган, мыкты натыйжаларга үмүттөндүргөн долбоорлор «Стартап Кыргызстан 2021» сынагынын финалына катышууга көрсөтүлөт. Финал 26-апрелде, Интеллектуалдык менчиктин эл аралык күнүнө карата, Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун “Интеллектуалдык менчик, чакан жана орто иш-каналар. Кантип өз идеяңды коммерцияласаң болот?” урааны асытнда өткөрүлөт.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.