“Стартап Кыргызстан” республикалык сынагынын тандап алуу этабы өткөрүлүүдө

Урматтуу достор!
Өзүңүздөр билгендей, Биз 2020-жылдын август айынан тарта “Стартап Кыргызстан” республикалык сынагын жарыялаганбыз. 1-февралган аталган сынактын биринчи этабы, өтүнмөлөрдү кабыл алуу жыйынтыкталды. Бардык региондордон жалпысынан 276 өтүнмө келип түштү. Бул инновациялар жана технологиялар заманынан арта калбай келе жатканыбызды далилдеген мыкты көрсөткүч деп эсептейбиз.
Долбоорлорду кароого мыкты, тажрыйбалуу стартапчылардан, IT сектордун, бизнес жана донордук компаниялардын өкүлдөрүнөн турган сынактык комиссия түзүлдү. Биз ачык-айкын негизде саясат жүргүзгөн мамлекеттик орган болгондугубузга байланыштуу, долбоорлорду кароо, аларды тандап алуу системасын, анын тартибин жүргүзүүнү комиссия мүчөлөрүнүн өз эркине койдук.
Алар тарабынан жалпы жыйынтыкты аныктоочу тандап алуунун рейтингин чыгаруу системасы сунушталды.
Бүгүн комиссиянын алдын ала кароо отуруму өткөрүлүп жатат. Ал эми эртең(18.02.2021), тандалып алынган долбоорлордун онлайн презентациялары каралат.
Онлайн жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар ментордук жол менен интенсивдүү өнүктүрүүнү окутуу жана эксперттик колдоону өзүнө камтыган акселарациялык программадан өтүүгө жолдомо алышат жана сынактын финалында пичинг кылууга даярданышат.
Достор, биздин баракчабызга көз салып тургула. Эртең тандоодон өткөн долбоорлордун тизмегин жарыялайбыз! Мындан сырткары сынактын катышуучулары, сынак тууралуу кызыктуу маалыматтар чыгарылып турмакчы.
Кыргызпатент инновациялык идеяларды колдойт!
Биз келечекти күтүп олтурбайбыз. Биз аны өзүбүз курабыз!

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.