Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы №126 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы №126 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору

Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) милдеттеринин бири болуп инновациялык ишти өнүктүрүү жана шыктандыруу саналат, бул милдеттин алкагында Кыргызпатент тиешелүү инновациялык инфратүзүмдү түзүү, инновациялык стартаптарды жана долбоорлорду, Республиканын региондорундагы ЖОЖдордо, мектептик жана мектептен тышкары мекемелеринде чакан инновациялык зоналарды (бизнес-инкубаторлорду, стартап-акселераторлорду жана технопарктарды) колдоо, ошондой эле биринчи Мамлекеттик “Инновациялык борбор” мекемесин түзүү аркылуу инновациялык экосистеманы өнүктүрүүгө өз салымын кошот.

Ушуга байланыштуу, Кыргызпатент тарабынан “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы №126 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору иштелип чыккан.

Көрсөтүлгөн токтомдун долбоорунун максаты жана милдети болуп Кыргызпатентке караштуу Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкананы заманбап коворкинг-мейкиндиги, конференц-залы жана балдар  инновациялык лабораториясы менен Мамлекеттик “Инновациялык борбор” мекемесине трансформациялоо саналат.

Жогоруда аталган токтом долбоору менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сайтынан жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында төмөнкү шилтемелерди басуу менен таанышса болот:

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сайты – https://www.gov.kg/ky/npa/s/2918

– Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы – http://koomtalkuu.gov.kg/kg/view-npa/783

 

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.