Ош шаарында Илимдеги аялдардын жана кыздардын эл аралык майрамына карата тренинг-семинар өткөрүлдү

2021-жылы 12-февралда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) илимдеги аялдардын жана кыздардын эл аралык майрамына карата  Ош шаарында тренинг-семинар өткөрдү. Иш-чарага 50дөн ашуун  ЖОЖдордун студенттери жана Ош шаарынын жалпы билим берүү мекемелеринин окуучулары катышты.

Өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыздоодо маанилүү болгон илимди жана  гендердик теңдикти колдоо жана өнүктүрүү муктаждыгы иш-чаранын темасынын актуалдуулугун аныктайт.

Иш-чаранын максаты – аялдар жана кыздар арасында STEM предметтерин изилдөөнү жайылтуу, алардын технологиялар чөйрөсүндөгү кесиптик ишмердигин улантууга үндөө, дем берүү, аялдарды жана кыздарды илимге тартуунун маанилүүлүгү тууралуу түшүнүктү калыптандыруу, жаңы жөндөмдөрдү өнүктүрүүдө колдоо. Мындан сырткары, интеллектуалдык менчиктин, анын өлкөнүн, региондун экономикалык жана маданий өнүгүүсүндөгү мааниси тууралуу билимди жайылтуу.

Иш-чаранын алкагында STEM багыты боюнча мастер-класстар өткөрүлдү: “Илим, Технологиялар, Инженерия жана Математика”. Катышуучулар бардык багыттар боюнча практикалык билим алышты. Спикер катары төмөнкүлөр чыгып сүйлөштү: Елена Чигибаева, Айжан Токтошева, Елена Казаничикова, Торайым Алимжан кызы. Онлайн форматта Польшадан Алия Рысбек жана Мадина Самакбаевалар IT компаниялардагы таасирдүү ийгилик тарыхтарын айтып беришти.

Андан соң “Кыргызстанда STEMди кантип өнүктүрсө болот?” аталышында STEM Ideathon өткөрүлүп, катышуучу айымдар Кыргызпатентке STEM билим берүүнү өнүктүрүү боюнча сунуштарын айтышты.

Иш-чаранын жыйынтыгында жигердүү катышуучуларга Кыргызпатенттин атынан баалуу белектер жана сертификаттар тапшырылды.

Ведомство мындан ары интеллектуалдык менчик жана инновациялардын ролу жана мааниси тууралуу өлкөбүздүн региондорунда иш-чараларды өткөрүүгө басым жасайт.

Маалымат иретинде:

Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнө жүзү боюнча аялдар изилдөөчүлөрдүн 30%, ал эми НТИМ – STEM (илим, технологиялар, инженерия жана математика) жаатындагы адистиктерде окуган студенттердин 35% гана түзөт. Аялдар жана кыздар дагы деле илимге активдүү катышуудан четтетилүүдө. Күн тартибиндеги кээ бир негизги милдеттерди чечүүдө – саламаттыкты жакшыртуудан климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүүгө чейин аял болобу, эркек болобу, анын талантын пайдаланууга таянат. Ушул жааттагы ишмердикке болушунча аялдарды жана кыздарды тартуу актуалдуу маселелердин бири.

Көбүнчө аялдарга: “STEM үчүн аял заты жетиштүү акылдуу эмес же эркек кишинин ушул жаатта табиятынан шыгы бар” деген түшүнүктү таңуулашат. Кандай гана стереотиптерге карабастан, аялдар инновациялык жана новатордук изилдөөлөрдү жетектөөнү улантып, илимдин өнүгүшүнө өз салымдарын кошуу менен көптөгөн ачылыштарды жасап жатышат.  Алар адам өмүрүнө маанилүү делген дары-дармек каражаттарын жаратып, наноспутниктерди учуруп, ааламдын сырларын изилдеп жатышат, ДНК структурасынын түшүнүгүнүн негизин түзүп, тамак-аш коопсуздугу боюнча эксперттер болуп саналат.

 

Гульбара Кудайбердиева,

Кыргызпатенттин пресс-катчысы 0550778185

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.