Анонс: Кыргызпатенттин алдындагы ойлоп табуучулар кеңешинин  Президиумунун кезектеги XIV отуруму өткөрүлөт

2021-жылдын 14-январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматында (Кыргызпатент) Кыргызпатенттин алдындагы ойлоп табуучулар кеңешинин  Президиумунун кезектеги XIV отуруму өткөрүлөт.

Күн тартибине ылайык, отурумдун катышуучулары “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ойлоп табуучусу” ардактуу наамын алууга, Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун “Ойлоп табуу үчүн” номинациясы боюнча Алтын медалы менен сыйлоого жана “Ойлоп табуучулук жана патенттик ишке кошкон салымы үчүн” Евразия патенттик уюмунун  В.И. Блинников атындагы Алтын медалы менен сыйлоого талапкерлерди көрсөтүү маселелерин карашат.

Мындан сырткары, отурумдун жүрүшүндө Кыргызпатенттин 2020-жылга карата ишмердигинин жыйынтыгы боюнча маалымат каралат.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.