Кыргызпатент жыл жыйынтыгын чыгарды

Бүгүн, 28-декабрда Кыргызпатенттин жыл жыйынтыгын чыгарган онлайн иш-чара өткөрүлдү. Кыргызпатенттин төрайымы Динара Молдошева жыйынды ачып берип, ведомствонун отчеттук мезгилдеги аткарган иштерине токтолду.
Төраганын орунбасары Мирбек Моңолов, Профсоюздук комитеттин төрагасы Гүлбара Кудайбердиева жана Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун аткаруучу директору Жоодар Жумабаев жаңы жылдык куттуктоо сөздөрүн айтышып, жыйын жамааттын жаштары тарабынан уюштурулган концерттик программа менен коштолду.
2020-жылдын натыйжалары боюнча, көп жылдар бою ак ниет жана үзүрлүү иштеп, Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчикти коргоо системасын өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн “Патент кызматынын отличниги” төш белгиси менен төмөнкүлөр сыйланды:
– Баклыкова Людмила Алексеевна – Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкананын директорунун орун басары;
– Бакиев Мирлан Зарлыкович – Экспертиза башкармалыгынын өнөр жай менчик объектилерин экспертизадан өткөрүү бөлүмүнүн башчысы;
– Бакирова Светлана Омурбековна – кадрлар жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башкы адиси.
2020-жылдын ичинде кызматын натыйжалуу жана ак ниеттүү аткаргандыктары үчүн Кыргызпатенттин Ардак грамотасы менен:
– Ыктыбаев Алмаз Эмилбекович – эл аралык бөлүмүнүн башчысы;
– Сарыпов Урмат Карагулович – Экспертиза башкармалыгынын товардык белгилерди экспертизадан өткөрүү бөлүмүнүн жетектөөчу адиси;
– Асанбеков Нурсултан Асанбекович – финансылык-экономикалык пландоо жана мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү бөлүмүнүн адиси;
– Молдогазиева Аида Бейшенбековна – Автордук жана чектеш укуктар башкармалыгынын инспектирлөө бөлүмүнүн инспектору;
– Нурматов Нурлан Гуламжанович – административдик-чарба бөлүмүнүн башчысы;
– Алымкулов Алмазбек Шамшидинович – административдик-чарба бөлүмүнүн жеке эсептөө машиналарынын оператору.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.