Кыргызпатент “Интеллектуалдык менчиктин негиздери жана Кыргыз Республикасында инновацияларды өнүктүрүү” аталышында онлайн-лекция өткөрдү

2020-жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент)  Билим берүү академиясынын, райондук билим берүү борборлорунун жана К.Ш.Токтомаматов атындагы эл аралык университетинин мугалимдери жана  студенттери үчүн “Интеллектуалдык менчиктин негиздери жана Кыргыз Республикасында инновацияларды өнүктүрүү” аталышында онлайн-лекция өткөрдү. Лекцияга 50дөн ашуун киши катышты.

Онлайн лекциянын алкагында Кыргызпатенттин ишмердиги, интеллектуалдык менчиктин негизги объектилери тууралуу кыскача, мындан сырткары Кыргыз Республикасынын стартап экосистемасын өнүктүрүүгө көмөктөшүү жаатындагы актуалдуу маалыматтар айтылды.

Лекциянын алкагында угуучулар интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү комплекстик билимдин маанилүүлүгүн белгилешип, декциялык окутуу курсун улантууга кызыкдар экендигин билдиришти.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.