КМШнын Аткаруу комитетинин илимий-техникалык жана инновациялык чөйрөдөгү кызматташтыгы боюнча мамлекеттер аралык Кеңешинин 27-отуруму болуп өттү

2020-жылдын 23-декабрында КМШнын Аткаруу комитетинин илимий-техникалык жана инновациялык чөйрөдөгү кызматташтыгы боюнча мамлекеттер аралык Кеңешинин 27-отуруму болуп өттү.

2030-жылга чейинки мезгилде КМШга мүчө-мамлекеттердин инновациялык кызматташтыгынын мамлекеттер аралык программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын комплексттик планынын долбоорун кароо, аны түптөө жана толуктоо маселеси отурумдун негизги маселеси болду. Программа мындан аркы КМШга мүчө-мамлекеттердин экономикалык атандаштыгын жогорулатууга, инновацияларды өнүктүрүү үчүн аймактарды комплекстүү ээлөөгө, жашоонун сапатын жогорулатууга, адам капиталын өнүктүрүүгө жана мамлекеттер аралык кызматташтык үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.

Отурумдун катышуучулар COVID-19 пандемиясынын КМШга мүчө-мамлекеттердин  ар түрдүү экономикалык секторлоруна тийгизген терс таасирлерин минималдаштыруу,  илимий-техникалык жана технологиялык чөйрөдөгү иштердин абалы, пилоттук негиздеги мамлекеттер аралык инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу маалыматтарды угушту. Инновациялык ишмердик чөйрөсүндө кадрларды даярдоо, профессионалдык кайра даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу боюнча мамлекеттер аралык системаны түптөө жана өнүктүрүү Концепциясынын долбоору жана күн тартибиндеги башка маселелер каралды.

Кыргызстан инновациялык кызматташтык боюнча Мамлекеттер аралык программасынын алкагында КМШга мүчө-мамлекеттердин мамлекеттер аралык илимий-техникалык маалымат алмашуу жаатында өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө чоң маани бер тургандыгын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрайымы өз сөзүндө белгиледи. Аталган кызматташтыктын негизги максаты – улуттук инновациялык системалардын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүнүн негизинде мамлекеттер аралык инновациялык алкакты түзүү жана өнүктүрүү болуп саналат.

“Кыргызстандын улуттук инновациялык системасы активдүү өнүгүү жолунда жана анын базалык курамы ыкчам темп менен түптөлүүдө. Өлкөдөгү инновациялык жана стартап экосистемасын өнүктүрүү багытталган долбоорлорду ишке ашыруу иштерин күчтөндүрүү жүргүзүлүп жатат. Инновациялык долбоорлорду колдоо авторлорго жаңы технологиялык чечимдер менен жаңы бизнести түзүүгө, өлкөнүн чыныгы экономикалык секиригин байкоого шар түзөт” деп айтты Молдошева.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынында ойлоп табуучулук жана чыгармачылык ишмердикти шыктандыруу жөнүндө Жобого ылайык, Кыргызпатент COVID-19 менен күрөшүүгө багытталган патенттик иштеп чыгууларды каржылайт. Ар бир өтүнмө ээсине кайтарымсыз негизде 200 000 сомго чейин өлчөмүндө берилет.

Отурум видеоконференция режиминде өткөрүлүп, ага Армения, Беларусь Республикасы, Казахстан Республикасы, Кыргыз Республикасы, Молдова Республикасы, Россия Федерациясы, Таджикистан Республикасы, Өзбекстан Республикасынын өкүлдөрү, КМШнын Аткаруу комитетинин Илимдер академияларынын эл аралык ассоциациясынын өкүлдөрү катышты.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.