“Интеллектуалдык менчиктин негиздери” аталышындагы кыска мөөнөттүү курс жыйынтыкталды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) 21-декабрдан 23-декабрга чейин “Интеллектуалдык менчиктин негиздери” аталышында бул жылдын жыйынтыктоочу кыска мөөнөттүү курс өткөрдү. Курска  К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин окутуучулары жана студенттери, Нарын мамлекеттик университетинин жана Чүй областтык китепканасынын базасындагы Технологияларды жана инновацияларды колдоо борборунун координаторлору, жалпысынан 56 киши катышты.

Кыргызпатенттин мыкты эксперттери, интеллектуалдык менчик жана инновациялар ишмердиги жаатындагы мыкты адистер интеллектуалдык менчик объектилерин каттоо, коргоо жана сактоо жаатындагы маанилүү маалыматтар менен бөлүшүп, Кыргыз Республикасында инновацияларды өнүктүрүүнүн актуалдуулугун белгилешти.

Инновациялык ишмердикти өнүктүрүү максатында  Кыргызпатент тарабынан Кыргыз Республикасынын жогорку, орто жана баштапкы билим берүү мекемелеринин базасында стартап-акселераторлордун жана  бизнес-инкубаторлордун практикасын жандандыруу боюнча уюштурулган сынакка катышуучулардын кызыгуусу артты.

Курстун угуучулары Кыргызпатенттин эксперттеринен жаңы билим жана атайын кеңештерди гана албастан, бир көз караштагы тарапташтарды таба алышты жана  жеке ишмердикти өнүктүрүү үчүн жаңы идеяларга шыктанышты. Курс онлайн режимде өткөрүлдү.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.