Кыргызпатент менен ЕАПУ ортосунда электрондук документ алмашуу  тууралуу Келишимге  кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллетуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) менен Евразия патенттик уюмунун (ЕАПУ) ортосунда электрондук документ алмашуу  тууралуу Келишимге  кол коюлду.

Келишим Кыргызпатент менен ЕАПУнун өз ара аракеттенүүсүнүн оперативдүүлүгүн жогорулатууга, евразиялык патент берүүгө өтүнмөлөр боюнча документ алмашуунун чыгымдарын кыскартууга багытталган.

Электрондук документ алмашуу мурда колдонулган кагаз түрүндөгү корреспонденцияга багытталган процедураларды жоюуну түшүндүрөт. Аталган өз ара аракеттенүү чаралары заманбап коммуникациялык байланыштар аркылуу ишке ашырылат.

Эскерте кетсек, Кыргызпатент өтүнмөлөрдү электрондук өтүнмө берүү системасы аркылуу кабыл алат. Аталган сервистин ыңгайлуугу учурдагы пандемия шартында аралыктан жүргүзүлгөндүгүндө, убакытты үнөмдөйт жана кагаз түрүндө иш жүргүзүү түйшүгүнөн арылтат.

Өтүнмөлөрдү электрондук түрдө берүү системасы менен иштөө үчүн төмөнкү шилтемени басыңыз: http://patent.kg/…/%d1%8d%d0%bb%d0%b5%d0%ba%d1%82%d1…/же www.patent.kg сайтынан “Электрондук өтүнмө берүү” бөлүмүнө кириңиз.

ӨТҮНМӨЛӨРДҮ ЭЛЕКТРОНДУК ТҮРДӨ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫНА МҮМКҮНДҮК АЛУУ ҮЧҮН ТӨМӨНКҮ АРАКЕТТЕР ЖАСАЛУУГА ТИЙИШ:

  1. Квалификацияланган электрондук колтамганы (КЭК) пайдаланып, КЭК менен арызды толтуруп, Сиз интеллектуалдык менчик объектин электрондук түрдө каттоого арыз бере аласыз.
  2. Квалификацияланган электрондук колтамганы (КЭК) пайдаланбастан – КЭКсиз арызды толтуруп, Сиз статустарды жана кат жазышууларды карап чыгуу үчүн өзүнүздүн өтүнмөгө мүмкүндүк алсаңыз болот, ал эми расмий арыздар үчүн Кыргызпатентке колтамга менен кагаз түрүндөгү арызды берүүнүз зарыл.
  3. Эгер сизде системага кирүү үчүн логин жана пароль болсо, БИАС системасында эсептик жазуусун пайдалануу менен БИАСтын ЖЕКЕ ИШ БӨЛМӨСҮНӨ киресиз.
  4. БИАС системасында каттоодон өтүү үчүн төмөнкү шилтеме боюнча киресиз: http://wiki.ordo.gov.kg/doku.php?id=iis-user-reg же өзүңүздүн район боюнча Калкты тейлөө борборуна кайрыласыз.

Кыргызпатентке өтүнмөлөрдү электрондук түрдө берүү системасын пайдалануу нускамасына шилтеме: http://patent.kg/wp-content/uploads/2020/09/%D0%9D%D1%83%D1%81%D0%BA%D0%B0%D0%BC%D0%B0.pdf

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.