Startup Central Eurasia Platform аталышындагы масштабдуу эл аралык семинар жыйынтыгына чыкты

Стартап экосистемасын регионалдык өнүктүрүүгө багытталган Startup Central Eurasia Platform аталышындагы масштабдуу эл аралык семинар жыйынтыкталды.

Региондо мындай масштабдагы инновацияларды өнүктүрүү жана стартаптарды алгылатуу чөйрөсүндө алгачкы ирет өткөрүлүп жаткан иш-чарага Евразия алкагынан 8 өлкөнүн өкүлчүлүктөрүнөн турган, 100дөн ашуун стартаптар, ондогон венчурдук компаниялар, регионалдык технопарктар, инновациялык фонддор жана уюмдар, жалпысынан 350дөн ашуун киши катышты. Иш-чарага Израиль, Чехия, Польша, Россия, Эстония жана Грузия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү өнөктөштүк кылышты.

Семинарды расмий түрдө Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева жана эл аралык электр байланыш бирикмесинин КМШ боюнча регионалдык бөлүмүнүн директору Наталья Мочу ачып беришти.

Семинардын катышуучуларына башка өлкөлөрдө кантип стартаптарды ишке ашырып, керектүү кадрларды кайдан издеп, салык канча өлчөмдө төлөнө тургандыгы жана башка маселелер тууралуу маалыматты өзүнө камтыган жергиликтүү стартап экосистемалар боюнча эксклюзивдүү жол көрсөткүч Startup Central Eurasia GuideBook тапшырылды.

Кыргызстандын тагдырына кайдыгер карабаган активисттердин, новаторлордун жана стартапчылардын катышуусунда ийгиликтүү түрдө алгачкы GOV Ideathon өткөрүлүп, катышуучулар өз тажрыйбалары жана ойлору менен бөлүшүп, ар бири өлкөдөгү стартаптардын санын жана сапатын өнүктүрүү маселелеринин чечүү жолдорун, инновациялык идеяларды сунушташты.  Мындан сырткары, жаңы ишин баштап жаткан стартапчылар менен мамлекеттик органдар арасында суроо-жооп форматында  ачык диалог уюштурулду.

Борбор Азиянын стартапчылары үчүн ири эл аралык инвесторлордун астында өз бизнес-долбоорлорун көрсөтүүгө жана глобалдык стартаптардын өкүлдөрүнөн ментордук колдоо алууга  уникалдуу мүмкүнчүлүк түзүлдү. Белгилей кетүүчү жагдай, Кыргызстандык стартаптар жогорку деңгээлде көрсөтүлүп, биздин регионго жана биздин жергиликтүү командаларга инвесторлордун кызыгуусу артты.

«Стартап экосистемаларынын регионалдык кызматташтыгы инновациялык экономиканы өнүктүрүүнүн негизги фактору катарында – Startup Central Eurasia Platform» аталышындагы эки күндүк семинар долбоорлордун экосистемасын түзүү жана өнүктүрүү, мыкты делген ийгиликтүү инновациялык компанияларды өнүктүрүү, региондогу стартаптарды колдоо системасынын ишин жакшыртуунун заманбап абалы, анын көйгөйү жана мүмкүнчүлүктөрү, ишкердик кыймылды колдоо жана өнүктүрүү боюнча тажрыйба бөлүшүү максатында  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) жана эл аралык Электр байланыш Бирикмеси –  (Бириккен улуттар уюмунун адистештирилген мекемеси) тарабынан уюштурулду.

Семинардын жыйынтыгы боюнча уюштуруучулар биргеликте жаңы ишин баштап жаткан ишкерлерди колдоо, стартаптарды алгылатуу, жергиликтүү жана чет элдик инвесторлорду издөөгө көмөктөшүүгө багытталган бир топ жолугушууларды жана иш-чараларды өткөрүүнү пландап жатышат.

Эл аралык Электр байланыш Бирикмеси жана Кыргызпатент Бишкек декларациясында иш-чаранын жыйынтыгын бекитип, ушул жылдын декабрь айында кызыкдар тараптар үчүн ментордук сессия уюштурушат.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.