“Санариптештирүү шартында телерадиокомпанияларда музыкалык чыгармаларды пайдалануу” аталышындагы тегерек стол өткөрүлдү

2020-жылдын 19-ноябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) кезектеги “Санариптештирүү шартында телерадиокомпанияларда музыкалык чыгармаларды пайдалануу” аталышындагы тегерек стол өткөрдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө ведомствонун укуктарды жамааттык башкаруу, авторлор жана укук ээлеринин укуктарын, кызыкчылыктарын коргоону шарттаган заманбап санариптик технологияларды жандандыруу жана өнүктүрүү боюнча  автоматташтыруу ишмердигинин процесстери талкууланды.

Көздөгөн максаттарга жетүү үчүн Кыргызпатент автордук сый акыларды топтоо жана төлөө процессин автоматташтырган Гиперграф заманбап программалык продуктун өз ишмердигине жандандыруу  боюнча чоң иш алпарып жатат. Авторлордун маалыматтары, телерадиокомпаниялардын отчеттору жана автордук сый акыларды төлөөчүлөрдүн маалыматтары менен иштөөнү олуттуу түрдө жеңилдетет. Авторлор онлайн түрдө өздөрүнүн жеке иш бөлмөсү аркылуу  которулган сый акылардын суммасы жана чыгармалардын пайдаланылгандыгы тууралуу маалыматты көрө алышат.

Мониторинг жүргүзүүчү компания 2020-жылдын 1-октябрынан тарта улуттук репертуардагы чыгармаларды пайдалануу тууралуу кызмат көрсөтүүнү баштаган. Жалпысынан Кыргызпатентке 31 теле-радио берүү каналдары боюнча автоматташтырылган отчеттор келип түшөт.

Тегерек столдун жүрүшүндө ЖМК, теле берүү жана радио берүү аркылуу жарыяланган чыгармаларды пайдалануу укугуна лицензиялык келишимдерди кайра жаңылап түзүү сунушу киргизилди.

Иш-чарага КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, телерадиокомпаниялардын өкүлдөрү жана кызыкдар тараптар катышты.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.