Кыргызстанда алгачкы GOV Ideathon ийгиликтүү старт алды

Кыргызстанда брейншторминг принциби боюнча “Идеялар кызыксыз болбойт” урааны астында алгачкы GOV Ideathon ийгиликтүү старт алды. Иш-чарада катышуучулар өз тажрыйбалары жана ойлору менен бөлүшүп, ар бири өлкөдөгү стартаптардын санын жана сапатын өнүктүрүү маселелеринин чечүү жолдорун, инновациялык идеяларды сунуштады.

Сааттык брейнштормингдин жыйынтыгы боюнча катышуучулар онлайн-документте мыкты идеяларга добуш беришип, натыйжада «Fitjab» ийгиликтүү стартаптын негиздөөчүсү Эрик Абдыкалыковдун сунушу эң көп баллга ээ болду. Мыкты инновациялык чечимдерди сунуштагандарга “Стартап Кыргызстан” республикалык сынагынын алкагында өткөрүлчү акысыз акселерациялык программасынан өтүүгө, Инновациялык борбордун коворкинг-зонасын бир ай акысыз пайланууга жана лабораториялар фабрикасында санариптик өндүрүштү акысыз окууга сертификаттар тапшырылды.

Кандай гана идея болбосун ал интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжасы болуп саналат. Андыктан, брейнштормингдин жүрүшүндө патент алууу механизмдерин жеңилдетүү маселеси көтөрүлдү. Кыргызпатент тарабынан ушул жаатта 2020-жылы өтүнмөлөрдү электрондук түрдө берүү жана кароо системасы жандандырылгандыгы, мындан сырткары патент алууга болгон өтүнмөлөрдү кароо мөөнөтүн кыскартуу боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленди.

«Startup Central Eurasia Platform» эл аралык семинарынын алкагында өткөрүлгөн алгачкы GOV Ideathonе мамлекетибиздин тагдырына кайдыгер карабаган активисттердин, новаторлордун жана стартапчылардын катышуусунда өткөрүлдү.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.