Урматтуу ТИКБнын координаторлору!

Кыргызпатент “Жылдын мыкты ТИКБ”  сынагынын алкагында Россия мамлекеттик интеллектуалдык менчик академиясында “Интеллектуалдык менчик. Патент таануу” боюнча кесиптик кайра даярдоо курсуна угуучуларды тандоону жарыялайт.

Окутуу аралыктан 2020-жылдын 1-ноябрынан 2021-жылдын 30-январына чейин жүргүзүлөт. Курстун жыйынтыгында “Патент таануу боюнча адис” квалификациясын ыйгаруу менен кесиптик кайра даярдоо тууралуу дипломдор берилет.

Тандап алууга катышуу үчүн резюме жана  “ТИКБнын Кыргыз Республикасында инновациялык өнүктүрүүдөгү таасири жана ролу” темасында эссени төмөнкү дарек боюнча тапшырылышы керек же zhanyl.kozhokulova@patent.kg электрондук почтасына жиберилиши керек: Бишкек шаары, Москва көчөсү, 62.

Кенен маалыматты 0550778460 телефону аркылуу алсаңыздар болот.

Окутуу программасы тууралуу кенен маалымат

Тандап алуу критерийи тууралуу маалымат

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.