“Бизнес-инкубаторлордун жана акселераторлордун ролу”

Startup Guide онлайн иш-чаралардын алкагында 15-сентябрда кезектеги “Бизнес-инкубаторлордун жана акселераторлордун ролу” аталышындагы вебинар өткөрүлдү.

Стартаптарды күчтөндүрүүгө жана идеяларды ишке ашырууга көмөк көргөзүүнүн бир нече механизмдери бар. Алар: акселераторлор, инкубаторлор жана технопарктар. Стартаптын ийгиликтүүлүгү жана зарыл болгон натыйжалар үчүн долбоорлорду колдоонун механизмдеринин негизги айырмачылыктарын аныктоо көмөк көргөзүүнүн туура жолуп тандап алуудан көз каранды. Ушул жана башкалар тууралуу вебинардын спикери Жылдыз Исабекова айтып берди.

Катышуучулар инкубаторлор жана акселераторлордун базалык айырмачылыктарынын түшүнүгү тууралуу маалымат алышып, акселераторлор өзүнө тиешелүү процедураларга жана тандап алуунун өзгөчө критерийлерине ээ экени белгиленди.  Аракеттүү өсүүгө багытталган чекиттүү окутуу   акселерациянын  милдети болуп саналат.  Долбоорду  прототибин же MVP (minimal viable product) түзүүдөн баштап бизнес-процесстери түзүлгөн продуктка чейинки өнүктүрүүнү камсыздаган тез жана эффективдүү  чекиттүү көмөк көрсөтүү үчүн акселераторлор керектелет. А инкубаторлор бир аз жөнөкөй процедурага ээ, б.а., инкубаторлор ишкерлерге ишкердиктин башкы этаптарында көмөк көргөзүүгө жана уюштуруучунун спецификасына басым коюуу менен ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталат.

Мындан сырткары, спикер төмөнкү бизнес-инкубатор көрсөтүүчү негизги кызмат көрсөтүүлөр тууралу айтты:

  • бизнес-инкубатордун турак-жайга ылайыкташтырылбаган имараттарын чакан ишкердик субъектилерине ижарага берүү ;
  • почталык-катчылык кызмат көрсөтүү;
  • салык салуу, бухгалтердик эсеп, насыя берүү, ишкананы укуктук коргоо жана өнүктүрүү, квалификацияны жогорулатуу жана окутуу маселелери боюнча кеңеш берүү кызматы;
  • маалыматтык базаларга болгон мүмкүнчүлүк.

Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар өзүнө кызык болгон суроолорго жооп алышып, кызыктуу жана пайдалуу вебинар үчүн уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти. Кийинки вебинар эртең, 16 сентябрда “Ийгиликтүү стартапты түзүү үчүн инвестиция издөө” аталышында өткөрүлөт.

Жылдыз Исабекова – Accelerate Prosperity глобалдык демилгелеринин акселерациялык программалары боюнча адис.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.