Кыргыз Республикасынын жетекчилигинин астында Евразия патенттик уюмунун административдик Кеңешинин 36-отуруму өткөрүлдү

2020-жылдын 10-11- сентябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрайымынын жетекчилигинин астында Евразия патенттик уюмунун (ЕАПУ) административдик Кеңешинин кезектеги 36-отуруму видеоконференция форматында өткөрүлдү.

Төрайым Динара Молдошева Евразия патенттик уюмунун административдик Кеңешинин мүчөлөрү менен саламдашып, ушу жылы Административдик кеңештин отуруму Кыргыз Республикасында өткөрүлөрү пландалып, бирок таажы вирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу, Кеңештин отуруму алгачкы ирет онлайн режимде өткөрүлүп жаткандыгын өкүнүү менен билдирди.

Төрайым өз сөзүндө өнөр жай үлгүлөрү боюнча Протоколго кол коюунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Кыргыз Республикасы мурунку жылы Нур-Султан шаарында кол коюлган Протоколду ратификациялаган алгачкы 3 өлкөнүн бир болуп саналат (2020-жылдын 17-июлунда күчүнө кирген).

Күн тартибинде Евразия патенттик уюмунун ишмердигине тиешелүү 20 маселе каралды.

Отурумдун алкагында евразиялык өнөр жай үлгүлөрүн укуктук коргоо системасын түзүү боюнча долбоорду ишке ашыруу, укук ээлеринин Евразия конфедерациясына финансылык инструкцияны актуалдаштыруу маселелери, патенттик кооперация тууралуу келишимге ылайык, ЕАПУнун эл аралык издөө жүргүзүүчү жана эл аралык алдын ала экспертизалоочу орган статусун алуу боюнча маалыматы каралып, эске алынды.

Жылдык отчетту, ЕАПУнун 2021-жылга бюджетинин долбоорун кароо жана бекитүү негизги маселелерден болду. Тараптар мындан сырткары, Россия тараптан сунушталган  ЕАПУнун алкагындагы талаштарды кароо процедурасын жакшыртуу маселесин кызуу талкуулашты.

Патенттик кооперация тууралуу Келишимди гармонизациялоо максатында ЕАПКга патенттик инструкцияга жана ЕАПУнун алымдары жөнүндө Обого өзгөртүү киргизүү маселесин карап, бекитишти.

ЕАПУнун административдик кеңешинин мүчөлөрүнүн чечими боюнча ЕАПУнун административдик кеңешинин кезектеги эки жылдык мөөнөткө жетектөөчү катары Тажикстан Республикасы, анын орун басарлары катары Армения Республикасы жана Беларусь Республикасы тандалып алынды.

Отурумдун жүрүшүндө ыйгарым укуктуу өкүлдөр катышуучуларды ЕАПУнун 25-жылдыгы менен куттукташты. 2020-жылдын 12-августунда Евразия патенттик уюмунун түзүлгөндүгүнө 25 жыл болду. ЕАУПУ Евразия экономикалык алкакты түптөгөн негизги эл аралык институттардын бири. Себеби дегенде ойлоп табууга болгон Евразиялык патент бир эле учурда 8 өлкөнүн аймагында жарактуу болуп эсептелет.

Отурумга ЕАПУнун административдик кеңешинде Евразия патенттик конвенциясына катышуучу-өлкөлөр катышты: АзербайжанАрменияБеларусьКазахстанМолдовРоссияТажикистан, Туркменистан, Кыргызстан, ЕАПУнун ведомствосунун делегациясы, ИМБДУнун байкоочулары катышты.

Маалымат иретинде:

 

ЕАПКнун 2 (3) беренесине ылайык, Административдик кеңеш Евразия патенттик уюмунун  бирден-бир органы болуп саналат. Евразия патенттик  кооперацияга мүчөлөр катышт. Административдик кеңешти ЕАПК регламенттейт.

 

ЕАПУнун административдик кеңешинин мүчөлөрү төмөндөгүлөр:

Туркменистан, Беларусь, Тажикистан, Россия Федерациясы, Казахстан, Азербайжан, Кыргыз Республикасы, Армения.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.