“Интеллектуалдык менчик объектилерин коргоо жана сактоо” темасында кыска мөөнөттүү курс өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) 8-10-сентябрь күндөрү “Интеллектуалдык менчик объектилерин коргоо жана сактоо” темасында кыска мөөнөттүү курс өткөрдү.

Курстун мазмуну интеллектуалдык менчик жаатындагы жана ушул чөйрөдө укуктук колдонуунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу маселелерин өзүнө катыды. Тренингдин лекторлору катары Кыргызпатенттин эксперттери жана юристтери чыгып сүйлөдү. Лекторлор интеллектуалдык менчити укуктук коргоо жана сактоо, интеллектуалдык менчик объектилерине укук берүү, жалпы патенттик система, интеллектуалдык менчик объектилерине болгон өтүнмөлөрдү берүүнүн улуттук жана эл аралык процедурасы тууралуу маселелер боюнча айтып беришти. Мындан сырткары Кыргызпатенттин инновациялык борбору тууралуу өзүнчө маалымат берилди.

Катышуучуларды “Стартап Кыргызстан” республикалык сынагы тууралуу маалыматтандырып, сынактын катышуучуларына бизнести өнүктүрүү жана бизнес-долбоорлорду жазуу боюнча профессионалдык көрсөтмө алуу боюнча тренингдерде окуу мүмкүнчүлүгү түзүлөөрү белгиленди.

Кыргызпатент стартап экосистемасын жана инновациялык ишмердикти өнүктүрүү максатында  көп фунционалдуу  Инновациялык борбор ачууну пландап жатат. Борбор Кыргызпатентке караштуу мамлекеттик патенттик техникалык китепкананын базасында ачылат. Инновациялык борбордо жаңы ишин баштап жаткан стартапчылар, идеяга бай жаңычыл жаштардын жана долбоорлорду ишке ашырууну каржылаган инвесторлордун башын бириктирген аянтча түзүлөт. Борбор инновациялык экосистеманы пайдалануучулар үчүн керектүү жабдуулар жана кызмат көрсөтүүлөр менен камсыздалат (коворкинг, өндүрүштүк-инновациялык лаборатория, FabLab ж.б.).

ZOOM Cloud Meetings платформасы менен өткөрүлгөн курска Ж. Баласагын атындагы КУУнун, И. Арабаев атындагы КМУнун мугалимдери, Azian Med Trade кызматкерлери, жалпысынан 27 киши катышты. Кызыктуу өңүттө өткөн курстун жүрүшүндө катышуучулар автордук укук объектилерин коргоонун укуктук аспектерин белгилешип, мыкты стартап сынагы тууралуу көп суроолорду беришип, Кыргызпатент тарабынан уюштурулуучу кийинки лекциялык сабактарга катышуу ниетин билдиришти.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.