Идеядан ишке киргизүүгө чейин: ийгиликтүү стартапты ишке киргизүү боюнча кеңештер

3-сентябрда Startup Guide онлайн иш-чаралардын алкагында Namba Soft директору Айбек Анваровдун катышуусунда “Идеядан ишке киргизүүгө чейин: ийгиликтүү стартапты ишке киргизүү боюнча кеңештер” аталышындагы вебинар өткөрүлдү.

Стартапты ишке киргизүү бир топ сөзсүз аткарылуучу иш аракеттерди өзүнө камтыйт. Көпчүлүк ишин жаңы баштаган бизнесмендер уникалдуу соода сунуштаманын болушун жетиштүү деп эсептешет. Бирок, жаңы бренддин ийгиликтүүлүгү страт алдында текшерип көрүүчү көптөгөн факторлорго көз каранды – деп, белгилеп өттү спикер өз сөзүндө.

Онлайн долугушуунун жүрүшүндө Айбек, минималдуу, бирок алгачкы керектөөчүлөрдүн муктаждыгын канаттандырууга жетиштүү бизнес моделдер жана турмушка чыдамдуу продуктулар жөнүндө, CustomerDevelopment – идеяны ыкчам тестирлөө тууралуу айтып берди. Долбоорду ишке ашыруу үчүн тестирлөөсүз стартапты ишке киргизүү мүмкүн эмес.

Андан ары спикер угуучуларга максаттуу аудиторияны сурамжылоону жүргүзүүнү сунуш кылды. Анын максаты – кызмат көрсөтүүгө потенциалдуу кызыктар кишилерди тактоо. Мындан сыркары, атаандыштарды талдоо зарыл. Ушул маалыматтар бизнес-пландын негизи болуп берет. Катышуучулар дал ушул методологиялар баштапкы этапта  бардык гипотезалардык тестирлөөдөн өткөрүүгө, баалуу сунуштамаларды аныктоого жана продукту түптөөгө шарт түзөөрү тууралуу билишти. Спикер кантип рынокту изилдөөнүү, атаандаштарды талдоону жүргүзүп, өзүнүн продуктусунун сериялык чыгарылышына чейин артыкчылыгын жана кемчилигин аныктас боло тургандыгын мисал иретинде көрсөтүп берди. Ошону менен бирге, баалуу продуктту түзүүгө шарт түзгөн кардарлар менен кайра байланышууну алуу үчүн алар менен болгон маектердин маанилүүлүгүн эске салды. Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар жарыш сөзгө чыгышып, сурооолоруна жооп алышты жана иш-чара пайдалуу жана кызыктуу өткөндүгүн белгилешти.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.