Вебинар: Стартапка кандай маркетингди колдонуу керек?

«Стартаптын негизги максаты – кардарларды тартуу жана акча табуу. Маркетингдин максаты – ошол кардарларды тартуу жана стартапка пайда табууга көмөктөшүү»

Бүгүн, 2-сентябрда Startup Guide алкагында SMM боюнча адис  Азиз Атавалиевдин катышуусунда кезектеги “Стартапка кандай маркетингди колдонуу керек?” аталышындагы вебинар өткөрүлдү. Стартаптын маркетинги алгач гипотезаларды текшерүүгө жана коммуникациялык оптималдуу каналдарды издөөгө окшош. А продуктту алгалатуу үчүн маркетологду ишти баштап жатканда эле тартуу керектигин спикер өз сөзүндө белгилеп өттү.

Онлайн жолугушуунун жүрүшүндө Азиза Атавалиев төмөнкүлөр жөнүндө айтып берди: максаттуу аудитория бардык маркетингдик ишмердиктин керектүү аспекти болуп эсептелинет. Товардын максаттуу аудиториясынын болушу керектөөчүлөрдүн рыногундагы атаандаш топторго карап иш кылууга, алар үчүн идеалдуу товарды түзүүгө, туура коммуникациялар менен аларга ыңгайлуу жерде сатууга шарт түзөт.

Стартаптын маркетингдик компаниясы, башкалар сыяктуу эле эффективдүүлүк критерийлерин өзүнө камтуусу керек. Маркетолог өзү үчүн KPI (негизги ийгилик көрсөткүчтөрү) аныктап алып, бардык күчтүү максатка жетүүгө багыттап, анан натыйжаларды тестирлөөсү абзел. Тестирлөө кайсы коммуникациялык каналдар жана методдор иштеп жатат, убакытты жана каражаттарды үнөмдөө үчүн эмнелерден баш тартуу керек экендигин аныктоого көмөкчү болот.

Спикер социалдык тармактардын маанилүүлүгүн, алардын компаниянын жаңылыктарын чагылдырууну, маркетингдик активдүүлүктү ананстоону, кардарлар менен түз байланышты колдоону шарттаган негизги акысыз коммуникациялык каналдардын бир болуп эсептелерин белгиледи. Эгер кеп имиджди түзүү, атандаш аудитория үчүн анык бир мессенджерди түптөө тууралуу болсо, анда төмөкү каналдарды колдонуу туура болот: социалдык тармактар, инстаграмм, ЖМК, компаниялардын сайттары, ж.б.  Баракчанын функционалы илгерилетүү стратегиясын түзүүгө, жарнама менен сапаттуу иштөөгө, керектөөчүлөрдү акциялар жана арзандатуулар тууралуу оперативдүү билдирүүгө, жаңы кардарларды тартуу боюнча иш-чараларды ишке ашырууга өбөлгө болот.

Кийинки вебинар, 3-сентябрда “Идеядан ишке ашырууга чейин: жемиштүү стартапты ишке киргизүү боюнча кеңештер” темасында өткөрүлөт.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.