2020-жылдын 30-июлу Улуттук аза күтүү күнү!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) эмгек жамааты COVID-19 коронавирус инфекция пандемиясынан жакындарын, кесиптештерин жана жоро-жолдошторун жоготкон замандаштарга жалпы журтчулук менен бирге терең кайгыруу менен көңүл айтат.
 
Бүткүл дүйнө, анын ичинде Кыргызстан эли катаал оору менен күрөшүп, башынан кыйын күндөрдү өткөрүүдө. Эпидемия башталгандан тарта Кыргызстанда миңден ашуун киши көз жумду. Бул баарыбыз үчүн оор жана орду толгус жоготуу. Кыргызпатенттин жамааты ар бир Кыргызстандыктын аза кайгысын тең бөлүшөт.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.