Кыргызпатент бош административдик мамлекеттик кызмат ордун ээлөөгө конкурс жарыялайт!

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы бош административдик мамлекеттик кызмат ордун ээлөөгө конкурс жарыялайт: 

Кенже административдик мамлекеттик кызмат ордулары үчүн:

  1. Билүүсү зарыл:

1) Кыргыз  Республикасынын Конституциясы;

2) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

3) Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы №43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын кодекси.

–  кызматтык иш-милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

– компьютердик сабаттуулукту жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды билүү, анын ичинен төмөнкүлөрдү дагы билүү зарыл:

  • издөө системаларын пайдалануу;
  • кызматтык этиканын ченемдерин эске алып, социалдык тарамдарда өз ара жөндүү мамиле түзүү;
  • маалыматтарды таблица, диаграмма жана график түрүндө берүү;
  • видеоматериалдарды сактоо, жеткирүү жана көрсөтүү үчүн веб-тиркемелерди пайдалануу;
  • кеңсе техникасы менен иштөө;
  • компьютер менен иштөөдө маалыматтык коопсуздук гигиенасын сактоо.

 

  1. Укук башкармалыгынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси (1шт. бирд.) К-А

1) Кесиптик билиминин деңгээли:

– жогорку юридикалык билими.

2) Эмгек стажы жана тажрыйбасы:

– эмгек стажына талап коюлбайт.

3) Кесиптик компетенциясы:

Билүүсү зарыл:

– Кыргыз  Республикасынын Граждандык кодекси;

– “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”; “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө”; “Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө”, “Патент мыйзамы”; “Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын укуктук коргоо жөнүндө”; “Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө”; “Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө”; “Кызматтык ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, өнөр жай үлгүлөрү жөнүндө”; “Жашырын ойлоп табуулар жөнүндө”, “Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы №341 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн Регламенти.

Билгичтиги:

– жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

– документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

– тиешелүү чөйрөдө ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаларга талдоо жүргүзүү жана аны иш жүзүндө пайдалануу;

– кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;

– жарандардын кайрылуулары боюнча жоопторду карап чыгуу жана даярдоо;

– мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;

– команда менен иштей билүү.

Көндүмдөрү:

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;

– мыйзам долбоорлорун жана башка ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгуусу жана укуктук экспертиза жүргүзө билүүсү, ошондой эле соттордо өкүл болуп иштеген тажрыйбасы артыкчылыкка ээ болот.

 

  1. Окутуу секторунун адиси – (1 шт. бирд.) К-Б

1) Кесиптик билим деңгээли:

– кайсы тармактагы болбосун жогорку билими.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

– иш стажына талап коюлбайт.

3) Кесиптик иш-билгилиги:

Билүүсү зарыл:

– «Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

Төмөнкүлөргө жөндөмдүү болушу керек:

– жогорку турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

– суроо-талаптарга документтерди, маалыматтарды жана жоопторду сапаттуу даярдоо;

– тиешелүү чөйрөдө ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны иш жүзүндө пайдалануу;

– кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;

– жарандардын кайрылууларын карап чыгуу жана аларга жоопторду даярдоо;

– мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иш боюнча кат алышуу.

Көндүмдөрү:

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

– компьютердик сабаттуулукка ээ болуу жана уюштуруу техникасы, зарыл болгон программалык продуктулар менен иштей билүү.

 

  1. Автордук укук жана чектеш укуктар башкармалыгынын каттоо жана автордук сыйакыларды бөлүштүрүү бөлүмүнүн адиси – (1 шт. бирд.) К – Б

1) Кесиптик билиминин деңгээли:

– кайсы болбосун профилдеги кесиптик жогорку билими.

 

2) Эмгек стажы жана тажрыйбасы:

– эмгек стажына талап коюлбайт.

3) Кесиптик компетенциясы:

Билүүсү зарыл:

  • «Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө»; «Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө»; «Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын укуктук коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары;
  • Адабий жана көркөм чыгармаларды коргоо жөнүндө Берн конвенциясы (Кыргыз Республикасы Конвенцияга КРнын 1998-жылдын 24-июлундагы № 100 Мыйзамына ылайык кошулган);

Көндүмдөрү:

– документтерди, маалыматтарды, сурамдарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

– автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин, ЭЭМ үчүн пргораммаларды, МБ жана ИМСТларды каттоого өүнмөлөрдү карап чыгуу;

– автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалангандыгы үчүн пайдалануучулардан отчетторду иштеп чыгуу;

– авторлордун мүлктүк укуктарын жамааттык негизде башкарууга ыйгарым укуктарын Кыргызпатентке өткөрүп берүү жөнүндө алар менен келишимдерди түзүү;

– тиешелүү чөйрөдө ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоону жүргүзүү жана аны иш жүзүндө пайдалануу.

Конкурска катышуу үчүн төмөнкүлөрдү тапшырууңуз зарыл:

– арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча баракча, автобиография (соттолгондугу бар же жок экендиги тууралуу маалыматтарды көрсөтүү менен), резюме, 3х4 сүрөт – 2 даана.;

– паспорттун көчүрмөсү;

– тиешелүү кесиптик билимин, иш стажын жана  квалификациясын  тастыктаган документтер     (эмгек китепчесин, билимин, квалификацияны жогорулатуу, окумуштуулук даражасын жана окумуштуулук наамын ыйгаруу жөнүндө нотариалдык же иштеген орду боюнча персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн  документтердин көчүрмөлөрү).

– Документтер көктөмөгө салынып, 10 жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат, 2020-жылдын 27-июлуна чейин (27-июлу дагы кирет) Бишкек ш., Москва көч. 62, №405 иш-бөлмө, тел. 68-18-37.

Эскертүү: Коюлган талаптарга ылайык келбеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.

Конкурсту өткөрүү датасы жана орду тууралуу кошумча маалымат берилет.

Толук маалымат  patent.kg и www.mkk.gov.kg сайттарында жайгаштырылган.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.