mezgilnews.kg: КыргызПатент 500 миң сомдук байгелерди коюп, жеңүүчүлөргө ыйгарды

КыргызПатент 500 миң сомдук байгелерди коюп, жеңүүчүлөргө ыйгарды

Мезгил

2020-жылдын 1-июлунда өкмөткө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) тарабынан келечектүү инновациялык долбоорлорго мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында уюштурулган “StartUP Кыргызстан” республикалык сынагынын финалы өткөрүлдү. Сынакка өтүнмө берген 320 долбоордун ичинен 30 долбоор эл аралык эксперттерден турган калыстар тобунун тандоосу менен акселерациялык программадан өтүү үчүн тандап алынган. Финалдык бөлүк ZOOM платформасы аркылуу онлайн түрдө өткөрүлүп, Кыргызпатенттин Facebook, Instagram социалдык тармактарындагы баракчаларынан жана Youtube каналынан түз эфирде көрсөтүлдү. Жергиликтүү Грузия, Беларусь, Россия, Казакстан өлкөлөрүнүн стартап жана бизнес жаатындагы алдыңкы квалификациялуу эксперттерден түзүлгөн калыстар тобу мыкты делген 15 катышуучунун долбоору тууралуу презентацияларды угушуп, кошумча толуктоочу суроолорду узатышты.

Калыстар тобунун кызуу талкуусунун соңунда 4 жеңүүчү долбоор аныкталып, алар Кыргызпатент тарабынан долбоорлорду ишке ашырууга 500 000 сомго чейин берилүүчү гранттык сертификаттарга жана конкурстун статуэткаларына ээ болушту:

Финалдык бөлүктө өз күчүн сынашкан ар бир катышуучуга акселерациялык программадан өткөндүгү тууралуу сертификаттар, Кыргызпатенттин имидждик продуктуларынан турган белектер, интеллектуалдык менчик жаатындагы китептерге ээ болушту.

Эл аралык эксперттерден түзүлгөн калыстар тобунун мүчөлөрү сынакка чындыгында келечектүү, калктын жашоо-тиричилигин жеңилдеткен мыкты долбоорлор катышкандыгын, ошого байланыштуу, жеңүүчүлөрдү аныктоо болгондугун, сынак жыл сайын улана турган болсо, өлкөдөгү стартап экосистемасын өнүктүрүүгө багыт болуп бере ала тургандыгын белгилешти.

Ошентип, тармак башындагы иш билги айым Динара Молдошева КыргызПатентти барган сайын эл аралык деңгээлдеги жаңы сапаттарга көтөргөнү иш жүзүндө далилденүүдө. Көз тийбесин!

КыргызПатент 500 миң сомдук байгелерди коюп, жеңүүчүлөргө ыйгарды

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.