Тренинг “Финансылык моделдештирүү жана салыктар”

О26-май саат 17:00дө “Енот” интернет-басмасынын негиздөөчүлөрүнүн бири, КРда Ticketon билеттерди сатуу боюнча онлайн-сервисинин директору Даниэль Абдылдаевдин спикерлигинин астында “Финансылык моделдештирүү жана салыктар” темасында онлайн тренинг өткөрүлөт.

Вебинардын жүрүшүндө финансылык пландарды иштеп чыгуунун практикалык жөндөмүнө ээ болуу тууралуу сөз жүрөт

Тренингге катышууну каалагандар катталуу үчүн төмөнкү телефон номерге кат жазса болот:
+996 (779) 52 70 90

Эскерте кетсек, Кыргызпатент “Стартап Кыргызстан” республикалык сынагынын акселерациялык программасын жүргүзүүнү улантып жатат.

Бир ай ичинде I-турдун жыйынтыгы менен тандалып алынган 30 стартаптын авторлору Борбор Азиядагы Америка университетине караштуу Devsit командасы тарабынан жаңы билим жана эксперттик колдоо алышат. Мындан сырткары, стартап жана бизнес жаатындагы Сколоково, Казакстан, Эстониялык жана жергиликтүү алдыңкы эксперттер менен бирге өздөрүнүн долбоорлорунун үстүнөн иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээс болушат.

Акселерациялык программа инновациялык идеяларды жана технологияларды кеңейтүүгө, долбоордун потенциалдык өсүү чекитин жана көйгөйлүү жерлерин аныктоого, бизнести өнүктүрүүнү тездеткен бар болгон ресурсту колдонуу мүмкүнчүлүгүн алууга, пайдалуу байланыш тарамдарын кеңейтүүгө көмөктөшөт. Эскерте кетсек, сынактын финалында мыкты деп аталган стартаптар 500 000 сомго чейин финансылык колдоо алышат.

Маалымат иретинде:

Даниэль Абдылдаев Кыргызстандагы Ticketon онлайн-билеттерди сатып алуу боюнча Орто Азиядагы чоң сервистин директору болуп саналат.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.