Тренинг: “Башкаруунун заманбап инструменттери”

Биз “Стартап Кыргызстан” республикалык сынагынын стартапчылары үчүн бизнес акселерацияны улантабыз.

Долбоорлорду башкарууга кабылган ар бир киши долбоорлордун натыйжасын көрүү үчүн ар качан өзгөрүлүп туруучу шарттарда, жамааттык татаал жумушту уюштуруу түйшүгүн түшүнөт, бардык көрүлгөн аракеттер пайдасыз болуп калышы да мүмкүн. Ушундай долбоорлор менен иштөөдө ийкемдүү ыкма болгон Agile, Scrum, Kanban аталышындагы долбоорлорун башкаруу өтө ыңгайлуу жана идеалдуу туура келет. Дал ушулар боюнча, “Башкаруунун заманбап инструменттери” темасында 20-май күнү өткөрүлгөн, эки жарым саатка созулган вебинардын спикерлери “Компаньон” банкынын кызматкери Мамбетова Ажара жана “Светофор” интернет маркплейсинин маркетинг-контенти бөлүмүнүн башчысы Чилмергенова Фариза кенен түшүндүрүп беришти.

Спикерлер аgile, scrum, кanban тууралуу негизги билим берип, кардарды жана анын зарылчылыгын жакшы түшүнө билүүгө, тез арада, минималдуу ресурстарды пайдалануу менен жаңы продуктуларды рынокко чыгарууга көмөктөш болгон долбоорлорду башкаруунун инструменттери, ошондой эле, scrum негизинде программалык камсыздоону иштеп чыгууга болгон ыкмалар тууралуу баяндашты.

Вбинардын жүрүшүндө спикерлер IT компанияларда, бизнес секторундагы компанияларда реалдуу абалда Agile туура колдонууну мисалдар менен даана көрсөтүшүп, команда менен эркин өз ара түшүнүшүү, долбоордун натыйжалуулугу, кардар менен өнөктөштүктө пикир алышуу жана өзгөрүүлөргө болгон даярдык өңдүү негизги ролду ойногон баалуулуктарды белгилешти. Scrum процесстер уюмдарды бизнес максаттардын өзгөрүшүнө жооптуу болгон, тез өзгөрүүчү шарттарга жана продуктарды түзүүгө жеңил ыңгайлашууга көмөкчү болот. Scrum натыйжалуу жыйынтыктардын сапатын жогорулатууну, долбоордун сценарийин, иштин этабын так баалоону жана мыкты көзөмөлдөөнү шарттайт.

Ажара Мамбетова командадагы жумушту жолго салуучу жана милдеттерди өз мөөнөтүндө аткаруучу так жана даана милдеттерди коюунун маанилүүлүгүн белгиледи. Туура милдеттерди түзүүнүн мисалы болуп дааналык жана тактык эсептелинет, алардын бири Trello программасы – милдеттерди түзүү жана мониторинг жүргүзүү үчүн жөнөкөй жана ыңгайлуу инструмент.

Кызыктуу жана пайдалуу онлайн жолугушуунун алкагында көптөгөн суроолор жана кейстер талкууланды жана коомдук фондун спикерлери мындан аркы кызматташтыкка өз ара кызыктар экенин билдиришти.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.