“Стартап Кыргызстан” сынагынын бизнес акселерациясы башталды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) жергиликтүү жана эл аралык эксперттер менен өнөктөштүктө республикалык “Стартап Кыргызстан” сынагынын катышуучуларын окутууну жүргүзүүдө.

Онлайн-режимдеги биринчи вебинар “Стартап үчүн CRM-система сатууларды жана милдеттерди башкаруу” темасында өткөрүлдү. Спикер катарында комплекстүү IT-чечимдерди жандандыруучу, бизнес турмушун жеңилдеткен, Кыргызстандагы алдыңкы компаниялардын бири болгон “CRM Technologies” компаниясынын генералдык директору Улан Джумашев чыгып сүйлөдү. Улан Джумашев CRM системасынын программалык камсыздоодогу орду, мындан сырткары, системаны бизнес-системаны жөндөө ыкмасы катарында кантип пайдаланса болот тургандыгы тууралуу айтып берди. Спикер кардарларды тартууга жана сатуунун өсүүсүнө шарт түзгөн стартапты жөндөө системасынын иштөөсүн көрсөтүү үчүн катышуучулардын ар биринин долбоорунун мисалында CRM кенен түшүндүрдү. Анан да лиддер жана лиддердин скоринги менен иштөөнү жеңилдеткен CRM-системасын кантип колдонуп жана аны  кантип уюштурса болот тургандыгын көрсөтүп берди. Катышуучулар тарабынан лиддерди тартуу маселеси, сатууну таратуу ыкмасы кандай иштейт, өздөрүнүн долбоорлорунда CRM-системасын колдонууда кандай артыкчылыктарды эске алуу керектиги жөнүндөгү суроолор берилди.

Кыргызпатент атайын стартапчылар үчүн “Сколково” фондунун вице-президенти Александр Окуневдун катышуусундагы “Натыйжалуу менеджмент, “Сколково” командасынын тажырыйбасы” аталышындагы ментордук сессияны уюштурду.
“Сколково” фонду инновациялык чөйрөдөгү демилгелерди колдоого алган, мындан сырткары, “Стартап Кыргызстан” сынагынын жыйынтыгы менен тандалып алынган турмушка ылайыктуу долбоорлорду жана стартаптарды биргеликте көмөктөшүүгө жана ишке ашырууга кызыкчылыгын билдирген Кыргызпатенттин өнөктөшү.

Окунев “Сколково” инновациялык борборунун экосистемасынын структурасы жана эволюциясы, резидент катары калыптануу жолу тууралуу айтып өттү. Анын пикиринде резидент статусуна талапкер болгон долбоорлор келечектүү делген IT, БиоМед, ЭнергоТех, ЯдерТех жана Космос тармактарына байланыштуу болуусу керек. Резидент статусун алууга өтүнмө берүү үчүн сөзсүз түрдө юридикалык жак болуу зарыл эмес. Сессия учурунда санариптештирүү чөйрөсүндө долбоорлорду ишке ашырууну, долбоорлорду өнүктүрүү үчүн мүмкүн болгон инфраструктураны пайдалануу зарылчылыгын шарттаган мамлекеттик программалардын баалуулугу белгиленди.

Ушуга кошумча, Александр Окунев жаңы башкаруучулук инструмент – натыйжалуу менеджмент туурасында баяндап, ал менеджмент компаниянын ишмердигиндеги негизги инструмент экенин белгилеп өттү. Ал эми продакт-менеджердин баалуулугун өзүнчө бөлүп карады. Себеби дегенде дал ушул продакт-менеджер продуктунун кимге керектиги, кайсы бизнести өзүнө тартса боло тургандыгы, рыноктун канчалык үлүшүнө басым койсо боло тургандыгы туурасында ойлонуп, эсебин чыгарат. Сессиянын катышуучулары продакт-менеджер менен маркетологдун базалык айырмачылыктары жөнүндө түшүнүк алышты. Маркетолог туура жарнамалоо, сатууну жүргүзүү боюнча иш алып барса, продакт-менеджер аябай белгилүү продуктулар продуктунун сапатын жакшыртууга максималдуу багытталганын жакшы биле тургандыгы баса белгиленди.

Жалпысынан ментордук сессия ачык-айкын жана жогорку маанайда өткөрүлдү. Катышуучулар өздөрүнүн долбоорлорунун мисалында жарыш суроого чыгышып, чоң кызыгууну билдиришти. Көбүнчө суроолор стартапчылар үчүн кошумча программаларга жана пайдалуу байланыштарды алмашууга байланыштуу болду.
Алдыңкы бир ай бою “Стартап Кыргызстан” республикалык сынагынын стартапчылары үчүн уюштурулган күн сайын өткөрүлүүчү бизнес акселерациясы улантылат.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.