Кыргызпатент “Стартап Кыргызстан” республикалык сынагынын акселерациялык программасын онлайн форматта улантат

Кыргызпатент “Стартап Кыргызстан” республикалык сынагынын акселерациялык программасын онлайн форматта улантат.

Бир ай ичинде I-турдун жыйынтыгы менен тандалып алынган 30 стартаптын авторлору Борбор Азиядагы Америка университетине караштуу Devsit командасы тарабынан жаңы билим жана эксперттик колдоо алышат. Мындан сырткары, стартап жана бизнес жаатындагы Сколоково, Казакстан, Эстониялык жана жергиликтүү алдыңкы эксперттер менен бирге өздөрүнүн долбоорлорунун үстүнөн иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээс болушат. Акселерациялык программа инновациялык идеяларды жана технологияларды кеңейтүүгө, долбоордун потенциалдык өсүү чекитин жана көйгөйлүү жерлерин аныктоого, бизнести өнүктүрүүнү тездеткен бар болгон ресурсту колдонуу мүмкүнчүлүгүн алууга, пайдалуу байланыш тарамдарын кеңейтүүгө көмөктөшөт. Эскерте кетсек, сынактын финалында мыкты деп аталган стартаптар 500 000 сомго чейин финансылык колдоо алышат.

Эмесе, биринчи трениг “CRM-стартап үчүн система – сатууларды жана милдеттерди башкаруу” темасында 19-майда саат 13:00 өткөрүлөт. Спикер иретинде “CRM Technologies” компаниясынын генералдык директору Улан Джумашев чыгып сүйлөйт. Вебинарда катышуучулар төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү ала алышат:

– Стартап үчүн CRMдин кареги эмнеде?
– CRM-системаны кантип колдонсо болот?
– Кардарлардын базасын, лиддердин жана сатуудардын эсебин кантип жүргүзсө болот?
– Команда үчүн CRMде таск-менеджментти кантип колдонсо болот?

Тренингге катышууну каалагандар төмөнкү номерлер боюнча байланышып, каттоодон өтсө болот: (996) 550230303, (996) 704778164.

Спикер тууралуу кыскача:

Улан Джумашев (Ulan Dzhumashev) – Кыргызстандагы алдыңкы компанияларынын бири болгон, бизнестин ишин жеңилдетүү үчүн комплекстүү IT-чечимдерди жандандырган “CRM Technologies” компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири жана анын генералдык директору. “CRM Technologies” компаниясы сатуу жана маркетинг бөлүмдөрүн автоматташтыруу, CRM-системаларды жандандыруу, кеңселерди телефондоштуруу, байланыш-борборлорун (тексттик байланыш-борборлорду, онлайн салттарды), электрондук документ жүгүртүү жана техникалык колдоону жандандыруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга адистештирилген.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.