Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) Улуу жеңиштин 75 жылдыгы менен жалпы Кыргызстандыктарды куттуктайт!

Ушул тынч заман, жаркын келечек, жеңиш үчүн улуу кармашта эрдик көрсөткөн баатыр аталарыбызга таазим этебиз!

Заманыбызда тынчтык өкүмүн сүрүп, өлкөбүз бөөдө кырсыктан алыс, бейпилдикте өнүгүү жолуна сапар алсын!

Башка согуш көрбөсүн деп жер үстү,
Чоң аталар кан душманды жеңишти.
Жаркын болуш үчүн биздин келечек,
А көптөрү курман болуп кетишти.

***

Жеңиш күнү – майрамдардын майрамы,
Жеңиш күнү – бейпилдиктин сайраны.
Жер эненин ак тилегин туу туткан,
Жеңиш күнү – улуулуктун байрагы!

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.