7-майда “Каткелди” аталышындагы китептин видеопрезентациясы болот

2020-жылдын 7-майында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеништин 75 жылдыгына карата чыгарылган “Каткелди”  китебинин видеобетачарын өткөрөт.

Белгилүү коомдук ишмер, физика-математика илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек синирген ишмер Роза Айтматова менен жазуучу, полковник Асан Ахматовдун  китебинин негизин согуш жылдарында чыны менен почточу болуп иштеген өспүрүм бала, 15 жашында оорукта аткарган эмгеги үчүн “1941-1945-жж. Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн” деген медал менен сыйланган, учурда техникалык илимдердин доктору, академик, 90 жаштагы карыя Ильгиз Айтматовдун эскерүүлөрү түздү.

“Каткелди” китеби мектеп окуучуларына арналган, бирок ошол эле учурда элинин тарыхын, басып өткөн жолун сыйлаган, өнүгүү боюнча ой жүгүрткөн ар бир инсанга кызыктуу болмокчу.

Кыргызпатент бул китепти басып чыгаруу менен өсүп келе жаткан муундун жарандык жоопкерчилик сезимин, окуяларга туура баа берүү менен мамиле кылууга тарбиялоо, негизгиси – өсүп келе жаткан муунду улуттук негизги баалуулуктарга: улууларды урматтоого, коомдук жоопкерчиликке, өлкөнүн тарыхый жана маданий мурастарын сактоого үйрөтүү максатын көздөйт.

Китеп 1000 нускада мамлекеттик жана расмий тилде чыгарылды. Китептин электрондук варианты Кыргызпатенттин расмий сайтынын Жарыялоолор рубрикасында жеткиликтүү (шилтеме).

Видеопрезентация 7-майда ыргызпатенттин ютуб каналында жайгаштырылат:

https://www.youtube.com/channel/UC7KsQpQl56jFfpJIHRvVZwg

Кыргызпатенттин Фейсбук расмий баракчасында:

https://www.facebook.com/kgpatent/

Кыргызпатенттин Инстаграмм баракчасы: @startup_kyrgyzstan,

телеграмм каналы: @startup_kg

твиттер баракчасы: @startup_kg

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.