Жашыл инновациялар акылдуу шаардын бир бөлүгү

Интеллектуалдык менчиктин эл аралык жана улуттук күнүнө карата Кыргызпатент 2020-жылдын 27-апрелинде “Жашыл инновациялар акылдуу шаардын бир бөлүгү” аталышындагы вебинар өткөрдү.

Вебинардын 60дан ашуун катышуучусу шаарлар үчүн жана анын өз-өзүнчө секторлору үчүн – өнөр жай, турак жай жана коммуналдык чарбасы, коммерциялык жана коомдук кыймылсыз мүлк үчүн смарт жана жашыл ыкмаларды жуурулуштуруу мүмкүнчүлүгү тууралуу талкуулашты. Акылдуу шаарда негизгиси – байланыш жана өлчөөчү каражаттар эмес, шаардык өнүктүрүүнүн жана жашыл технологиялардын негизинде системалык башкаруу жана стандарттарды аныктоо, мындан сырткары белгилүү орунду ээлеген айлана-чөйрөгө болгон антропологиялык таасирлерди төмөндөтүү маанилүү.

Онлайн режимде өткөрүлгөн иш-чараларанын алкагында QazTech Ventures (Казахстан) ачык акционердик коомунун эксперттери жана Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин өкүлдөрү энергиялык жана энерго көлөмдүү технологиялардын булактарын жаңыртуу менен энергетика, транспорт, турак жай жана башка чөйрөлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча «жашыл» экономиканы өнүктүрүүнүн приоритеттүү багыттарын белгилешти.

Жашыл технологиялар – инсандык ишмердиктин жаратылышка болгон таасирин азайтат жана айлана-чөйрөнү жакшыртат. Бул жаңыртылган энергиянын жана материалдардын булагын максималдуу пайдаланган чөйрөдөгү үнөмдөөчү жана сактоочу технология.

Вебинарга Бишкек шаардык мэриясынын экономика жана инвестициялар департаментинин. КРнын айыл-чарба жана мелиорация министрлигинин агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлдөрү жана стартапчылар, жалпысынан 60 ашуун киши катышты. Спикер катарында төмөнкүлөр чыгып сүйлөдү: QazTech Ventures (Казахстан) ачык акционердик коомунун долбоорлор боюнча менеджери Алтынай Касымова, венчурдук каржылоо департаментинин директору Диас Кажахметов, Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин стратегиялык пландоо жана региондорду өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги Айбек Кадыров.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.