Кыргызпатент онлайн-конференция өткөрдү

Кыргызпатент коронавирус эпидемиясынын кесепетинен кабылган кризистик абалдан чыгуу үчүн инновациялык чечимдер боюнча эл аралык онлайн-конференциясын өткөрдү.

2020-жылдын 21-апрелинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) Бүткүл дүйнөлүк чыгармачылык жана инновациялык ишмердик күнүнө карата «Стартап экосистемасын өнүктүрүү. Кризистик абалдан чыгуунун инновациялык чечимдери» аталышында эл аралык онлайн-конференциясын өткөрдү.

Өлкөнүн ар кайсы региондорундагы калк үчүн кызмат көрсөтүүлөргө барган сайын өрчүп жаткан инновациялардын ролун жана короновирус эпидемиясынын кесепетинен кабылган кризистик абалдан чыгуу үчүн инновациялык чечимдерди издөө зарылчылыгын эске алуу менен Кыргызпатент да четте калбастан, ушул багытта мындан ары өнүктүрүү үчүн активдүү аракеттерди ишке ашырууга багыт алды.

Россия, Грузия жана Казакстандын эл аралык экперттеринин катышуусу менен онлайн режимде өткөрүлгөн иш-чаранын алкагында азыркы кырдаалдын шарттарында экономикалык тармактардын көйгөйлүү зоналары, өзгөрүүлөр доорундагы Инновациялардын орду, мындан сырткары инновациялык ишмердикти өнүктүрүү жана мекемелердин ишин жакшыртуу үчүн жаңы инновациялык инструменттердин мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымат алмашуу тууралуу талкуу жүрдү.

Видеоконференцияга мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, ЖОЖдордун, илимий-изилдөө институттарынын өкүлдөрү, мындан сырткары Кыргызпатенттин өнөктөшрү жана стартапчылыр болуп, жалпысынан 100дөн ашуун киши катышты.

Эл аралык өнөктөштөр «Стартап Кыргызстан» сынагынын жыйынтыгы боюнча тандалып алынган турмушка жөндөмдүү долбоорлорун жана стартаптарды, ошондой эле антикризистик чечимдерге багытталган долбоорлорду биргеликте ишке ашырууга жана көмөктөшүүгө кызыктар экендигин билдиришти. Онлайн-конференциянын катышуучуларынын айтымында, бардык дүйнө жүзүндө аралыктан иштөө режими бир гана иштин сапатын жогорулатуу менен чектелбестен, адамдык ресурстарга жана жалпы эле убакытты үнөмдөөгө карата ушундай форматтын эффективдүүлүгүн көрсөттү.

Видеоконференциянын жыйынтыгы боюнча резолюция жана актуалдуу сунуштамалар кабыл алынды. Кыргызпатент ушул резолюциянынын сунунуштамаларын 2020-жылдын 30-апрелинде КМШ өлкөлөрүнүн аткаруу комитетинин Штаб-квартирасынын (Минс шаары) базасында онлайн режимде өткөрүлүүчү илимий-техникалык жана инновациялык чөйрөдөгү кызматташуу боюнча Мамлекеттер аралык кеңешинин 26-отурумунда сунуштоону пландап жатат.

Маалымат иретинде:

Бүткүл дүйнөлүк чыгармачылык жана инновациялык ишмердик күнү улуттук приоритетке ылайык, коомчулукка чыгармачылык жана инновациялык ишмердиктин өлкөнүн туруктуу өнүктүрүү үчүн башкаруучулук, экономикалык жана социалдык милдеттерди чечүүдөгү ордун жана ролун маалыматтандыруу максатында белгиленет.

2017-жылдын апрель айында БУУнун генералдык ассамблеясы туруктуу өнүгүү программасы тарабынан коюлган милдеттерди ишке ашыруу жолунда адам баласынын ишмердигинин ар кайсы тармактарындагы чыгармачылыктын жана инновациялардын мүмкүнчүлүгүн белгилеп, резалюция кабыл алган. Резалюцияга ылайык, 21-апрель бүткүл дүйнөлүк чыгармачылык жана инновациялык ишмердик күнү деп белгиленген.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.