Кыргызпатент автордук сыйакыларды төлөө ишин жандандырды

Кризистик абалда Кыргызпатент авторлорду, композиторлорду, аткаруучуларды колдоого аракеттенип, өз учурунда гонорарларды төлөп берүүнү колго алат. Баарыңыздар билгендей, мурунку айда гонорарларды төлөөнү убактылуу токтотууга мажбур болгонбуз. Белгилүү себептерге (шаар ичинде жүрүүдөгү чектөөгө, каржылоо маселелериндеги кыйынчылыктарга жана ар кандай кырдаалдарга) байланыштуу маселелер жаралган.

Карантинге карабастан биздин кызматкерлер жаңы аралыктан иштөө шартына өтүштү. Автордук сыйакылар төлөп берүү этап менен жүргүзүлөт. Биздин адистер алфавиттик тартипте эки айдын ичинде авторлордун сыйакыларын банктык эсебине которууга аракеттенишет.

Эскертүү! Гонорарлар авторлордун өздүк банктык эсебине гана которулат.

* Автордук сыйакылар төлөө маселелери боюнча төмөнкү телефондор аркылуу байланышыңыз: (312) 68-18-29, 0-700-805-205 (Ватсап), info@patent.kg 0 (312) 68-19-74 (факс), эл.почта: info@patent.kg;

 

** Теле жана радиокомпаниялар аркылуу чыгармалары эфирге чыккан авторлор жана аткаруучулар, мындан сырткары ата-мекендик театрлардын сахнасында пьесалары коюлган драматургдар өздөрүнүн Кыргызпатенттин каттоосунда бар, же жок экендиги тууралуу төмөнкү телефондор аркылуу тактап алса болот: 0 (312) 68-15-54, 68-00-86, 0-555-778-120 (Ватсап).

 

Кыргызпатенттин пресс-катчысы
Гүлбара Кудайбердиева

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.