Кезектеги «Стартаптын идеясын каңтип текшерсе болот?» аталышындагы вебинар болуп өттү

31-март күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) адистери «Стартаптын идеясын кантип текшерсе болот?» аталышындагы вебинар өткөрүштү. Тренингге «Стартап Кыргызстан» республикалык сынагынын катышуучулары, Кыргызпатенттин кызматкерлери жана стартап долбоорлорго кызыкдар кишилер, жалпысынан 27 киши катышты.
Стартапты ишке киргизүү – оңой иш эмес. Себеби, жаңы башталыштагы стартаптар ишке киргизүү жолунда алгачкы этаптардан тарта бир топ көйгөйлөргө кабылып, ийгилик жолунан чыкпай, көптөгөн маселелерди жаратат. Заманбап рыноктогу иштеп жаткан ыкмалар менен стартап идеялардын бекемдигин жана анын ишке ашуу ийкемдүүлүк жөндөмүн текшерүү вебинардын негизи болуп саналат.
IT чөйрөсүндө 7 жылдык тажырыйбасы бар, «Codify Lab» IT компаниясынын жана IT академиясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Динара Руслан вебинарга спикерлик кылды. Динара Руслан кейстерди практикалык түрдө ачыктап, тирүү пикир алушуу менен сөзүн баштады. Анткени, дал ушул формат катышуучулардын вебинардын жүрүшүндө өздөрүнүн долбоорун текшерүүдөн өткөрүүгө мүмкүндүк түздү. Ар бир каалоочу өзүнүн долбоору менен тааныштырып, катышуучулар жана спикер менен бирге идеянын ишке ашуу ийкемдүүлүк жөндөмү тууралуу талкуулай алды. Кейстерди ачыктоонун жүрүшүндө спикер кантип аракеттин ыраатын сактоо менен стартап идеяны иргесе боло тургандыгын түшүндүрүп берди жана алар 3 пункттан турат:
1) 3 суроодон турган модуль түзүү. Эмне үчүн ушул продукт же компанияга талап болушу керек? Эмне үчүн керектөөчүлөр сиздин кызмат көрсөтүүңүздү пайдаланышы керек? Сиздин продуктуңуздун башкалардан айырмасы эмнеде?
2) Жогорудагы суроолорго жооп берген 3 гипотеза түзүү. Гипотеза түзүү менен сиз өзүңүздүн идеяңызга болгон суроо-талапты аныктап, рынокту изилдеп, өздүк аудиторияңызды, продуктун баасын тактап аласыз.
3) Сурамжылоо жүргүзүү. Бул жерде негизги фактор туура коюлган суроолор, алардын тактыгы жана түшүнүктүүлүгү эске алынышы керек. Ушундай жол менен сиз кызмат көрсөтүүңүздү үзак мөөнөт пайдаланган аудиторияны аныктап, кантип кардарларды тартууну үйрөнөсүз.
Спикер стартапты текшерүүнүн бардык пункттарына токтолуп, угуучулардын суроолоруна жооп берди. Жыйынтыгында катышуучулар кейстерди кенен практикалык түрдө талдоо үчүн ыраазычылык билдиришип, Кыргызпатенттин мындан аркы өткөрүлүүчү онлайн иш-чараларына болгон кызыгуу артып жаткандыгын белгилешти.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.