«Питчинг». Маектешүүчү кишини кантип 60 секундда ынандырса болот?» аталышындагы вебинар өткөрүлдү

Бүгүн, 27-мартта «Стартап Кыргызстан» республикалык сынагынын катышуучулары, Кыргызпатенттин кызматкерлери жана жалпы каалоочулар үчүн атайын «Питчинг» темасында вебинар өткөрүлдү. «Тэкайым» коомдук фондунун стартаптар боюнча эксперти Елена Чигибаева вебинарга спикерлик кылды. Спикер катышуучуларга питчингдин сырлары тууралуу айтып, өзүнүн жек тажырыйбасы менен бөлүштү. Онлайн-жолугушууга 30 катышуучу, мындан сырткары Кыргызпатенттин кызматкерлери катышты.
Питчингди5 көптөгөн түрлөрү бар: Элеватор-питч (же лифт-питч) – инвестор менен лифтте баратып, долбоор боюнча түшүндүрүп берүү. Бул долбоорду эң кыска убакытта презентациялоонун жолу. Андан ары, идея-питч (Ideapitch) – орточо убакытта презентациялоо (3-4 минут). Кийинкиси, инвестициялык питч (Fundingpitch) – инвесторлор үчүн финансылык көрсөткүчтөр менен толук презентациялоо, убактысы 7-10 минут. Тренер Елене дал ушул питчтер боюнча кенен айтып берди. Катышуучулар питчинг эмне экендиги, калыстар тобуна кантип өздөрүнүн дорбоорлору тууралуу туура жана сабаттуу питчинг өткөрүүсү керектиги, питчингге кандай даярдык көрүш керектиги тууралуу маалымат жана ийгиликтүү питч үчүн кеңештерди алышты.
Мындан сырткары, катышуучулар 60 секунд ичинде өздөрүнүн стартаптарын эффективдүү презентациялоону өзүнө камтыган «Питчтин практикасы» деп аталган практикалык тапшырма жасашты. Аткарылган тапшырмалардын жыйынтыгы боюнча онлайн иш-чаранын катышуучулары тренерлен баалуу кеңештерди алышты.
Вебинардын катышуучулары тренерге жана онлайн-жолугушуунун уюштуруучуларына ыраазычылык билдиришип, ушул вебинардын алкагында алган билим алдыда боло турган презентациялар үчүн инструктаж боло тургандыгын белгилешти.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.