«Кантип стартап менен аралыктан иштөөнү уюштурса болот» аталышындагы вебинар

Кыргызпатент «Стартап Кыргызстан» республикалык сынагынын катышуучулары жана жалпы каалоочулар үчүн жаңы форматтагы тренингдерди өткөрүүнү баштады. Ушул жылдын 26-мартында «Кантип стартап менен аралыктан иштөөнү уюштурса болот» деп аталган актуалдуу темада алгачкы вебинар өткөрүлдү. Вебинарга «Стартап Кыргызстан» республикалык сынагынын катышуучулары, Кыргызпатенттин кызматкерлери жана стартап долбоорлорго кызыккан угуучулар, жалпысынан 33 киши катышты.
Вебинардын максаты – ийгиликтүү стартапты ишке киргизүү тажырыйбасы менен бөлүшүү жана кантип стартап менен онлайн режимде иштөөнү уюштурса боло тургандыгы тууралуу айтып берүү. Стартап иретинде башталып, чоң жетишкендиктерге жеткен CORE аталышындагы билим берүү үчүн онлайн-платформасынын негиздөөчүсү, Москвалык эксперт Антон Сажин вебинарга спикерлик кылды. Ал
Россиянын өкмөттүк онлайн-билим берүүнү өнүктүрүү программаларын иштеп чыгууга жана илгерилетүүгө катышкан: заманбап санариптик билим берүү чөйрөсү, ачык билим берүүнүн улуттук платформасы.

Антон Сажин таск-менеджердеги максаттарды фиксациялоо үчүн ресурстарды туура бөлүүгө көмөктөш болгон онлайн-куралдарды пайдалануу менен коюлган милдеттерди аткаруу сырларын айтып берди. Ишкер командасына жумушту бөлүштүрүү үчүн кантип туура милдеттерди түзүшү керектиги туурасында пикир бөлүштү. Спикер, командалык жумушта ишти өз мөөнөтүндө аткаруу үчүн коюлган милдеттин так болуусунун зарылчылыгы тууралуу белгилеп, милдеттердин туура эмес коюлушунун кесепеттери, иштин процессинин жана өндүрүмдүүлүктүн бузулушу боюнча кеп козгоду. Кошумча талкууну жана түшүндүрмөнү талап кылбаган тактык жана дыкаттык туура коюлган милдеттин мисалы боло тургандыгын, мындан сырткары, милдеттин жеткиликтүү болушун, натыйжасы даана сезиле тургандай болушу керектигин кошумчалады.

Вебинар жүрүшүндө катышуучулар аралыкта иштөө үчүн көмөкчү программаларга болгон шилтемелерди өздөрүнө жазып алышты. Алардын бири, максат коюу жана долбоорлорду мониторингдөө үчүн адистештирилген жөнөкөй жана ыңгайлуу курал катары түзүлгөн Trello программасы. Катышуучулардын бул программага болгон кызыкчылыгын билдиришип, стартап долбоорлор үчүн жөнөкөй жана универсалдуу структурасы менен түзүлгөн программаларды пайдалануу боюнча суроолорду беришти. Көпчүлүк суроолор онлайн режимде долбоорлор менен иштөөнү жеңилдеткен кошумча программалар жөнүндө болду.

Вебинардын жыйынтыгында катышуучулар иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык билдиришип, окутуунун темасы, айрыкча окутуунун форматы аябай актуалдуу жана пайдаланууга ыңгайлуу экенин баса белгилешти.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.